Кыргызстанда жана Тажикстанда конфликтке сезимтал тематиканы чагылдыруу боюнча окутуулар өттү

 

Май айында Бишкекте жана Душанбеде көз карандысыз басылмалардын жана редакциялардын башкы редакторлору үчүн тренингдердин сериясы өткөрүлдү. Окутуулардын катышуучулары конфликтке сезимтал журналистиканын негиздерин, конфликт учурунда журналисттердин ишмердүүлүгүн жана аларды чагылдырууда журналистиканын принциптерин жана стандарттарын талкуулашты.

 

Тренингде ТВ, радио жана басылмалар үчүн репортаждарды даярдоонун өзгөчөлүктөрү тууралуу сөз болуп, сторителлингдин ыкмалары талкууланды. Редакциялык тапшырмага кантип даярданып, аны кантип пландаштыруу керек, мүмкүн тобокелдиктерди кандип баалоо керек жана аны азайтуу үчүн эмне кылуу керек, ушул суроолор боюнча журналисттерге маалыматтар берилди.

Конфликтти чагылдыруу учурундагы жеке коопсуздук боюнча практикалык кеңештер берилип, конфликтти чагылдыруунун этикасы жана редакциялык саясатты аныктоо кейстери талкууланды.

Эл аралык адис-тренер Питер Де Туа конфликттерди жана кризистерди чагылдыруудагы журналистиканын конструктивдүү ролу тууралуу презентация кылды.

Ал конфликттерди чагылдырууда журналисттерин ролу чоң экенин жана алар туура чагылдырышса, конфликттин андан ары өрчүп кетпешине зор салым кыла аларын белгиледи. Питер Де Туа ошондой эле болушу мүмкүн зыянды азайтуунун кандай жолдору бар экенин айтып берди.

 

– Журналистика так жана ишенимдүү болушу керек. Журналисттер конфликтти канчалык жакшы билсе, эки тарап бири бирин түшүнүп, тынчтык жолдорун издөөсүнө өбөлгө түзө алгандай материалды жаратууга даярдыгы ошончолук жогору болот, дейт ал.

   

Питер Де Туа – журналист жана медиатренер, конфликт учурунда окуяларды чагылдыруу темасы боюнча адистешет. Жыйырма жылдан ашык убакыттан бери жарандык согуштардан, этникалык жана коомдук конфликттерден жабыр тарткан өлкөлөрдө кабарчылар жана редакторлор үчүн конфликттерди чагылдыруу боюнча окутууларды өткөрүп келет. Ал семинарларды Чыгыш, Батыш жана Түштүк Африкада, Түштүк-Чыгыш жана Борбор Азияда жана Жакынкы Чыгышта өткөргөн. Питер тренерлер үчүн конфликт учурунда окуяларды чагылдыруу боюнча окутуу программаларын өткөрүп, ЖМКлар менен натыйжалуу кызматташтыкты түзүүаркылуу тынчтык идеяларын жылдыруу боюнча коомдук уюмдарга программаны иштеп чыккан. Ал конфликттерди жана экстремизм маселелерин конфликтке сезимтал чагылдыруу боюнча колдонмонун автору.

Питер мугалимдикке өтүүгө чейин он жылдан ашык журналист болуп эмгектенген. Он жылдан ашык Сола Плаатье медиалидерлик институтунун (SPI) директорунун орун басары, Родс Университетинин Журналистика жана медиаизилдөөлөр мектебинин илимий кызматкери болгон. SPI’де ЖМКны башкаруу боюнча SPI’нин аспиранттык дипломун иштеп чыгып, киргизип, ал боюнча сабак берген. Анын академиялык квалификациясы: бакалавр даражасы (мыкты баалар менен) (UPE); журналистика жана ЖМКны изилдөө боюнча жогорку диплом (Родс); билим берүү боюнча магистр даражасы (Родс) жана философия – конфликтти башкаруу жана өзгөртүү (НММУ) боюнча магистр даражасы.

Интерньюс 2022-жылдын октябрынан тартып Кыргызстанда жана Тажикстанда аймактык ири долбоорду ишке ашырып келет. Анын максаты – чек ара конфликттерин чагылдырууну биргелешип жакшыртуу үчүн ЖМКлардын, медиа жана жарандык коомчулуктун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү.

Бөлүшүү