Кыргызстанда биринчи жолу жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин онлайн-дебаттары болуп өтөт

Бишкек шаардык кеңешине (БШК) талапкерлердин алгачкы көз карандысыз онлайн-дебаттары Facebook жана YouTubeда түз эфирде өтмөкчү. Модератор – коворкинг ololo желесинин негиздөөчүсү Данияр Аманалиев.

 

Ал «Азаттыкка» «Бишкек тандайт" деген аталыштагы биринчи дебаттар 1-апрелде саат 20:00дө болуп өтөт деп билдирди. Анда «Реформа» жана Кыргызстан Элдик-Демократиялык партиясынын өкүлдөрү катышат. Бул эки партия иш чаранын уюштуруучулары катары чыгышат.

 

 «Дебаттар 1,5 саатка эсептелген жана биз аларды абдан кызыктуу форматта өткөрүүнү пландаштырып жатабыз. Башка партиялар да талкууну мындай форматта өткөрүшсө, жакшы болмок», – деп белгиледи Данияр Аманалиев.

 

Бардыгы болуп 448 кеңештин депутаттары шайланат, алардын арасынан 420сы – бул айылдык кеңештер жана 28си – шаардык кеңештер.

Бишкек шаардык кеңешиндеги 45 мандат үчүн 1820 адам ат салышат. 

 

Жергиликтүү кеңештерге шайлоолор

 

Жергиликтүү шайлоолор 2020-жылдын 12-апрелинде болуп өтүүгө тийиш эле. Бирок коронавирустан улам, республикада өзгөчө кырдаал (ал дагы деле күчүндө) жана Бишкек, Ош шаарларында жана бир нече райондордо өзгөчө абал киргизилген. Экс-президент Сооронбай Жээнбеков буга байланыштуу жергиликтүү шайлоолорду белгисиз мөөнөткө жылдыруу жөнүндөгү буйрукка кол койгон.

 

Жаңыдан шайланган президент Садыр Жапаров шайлоолорду 2021-жылдын 11-апрелине дайындады. Жапаров «Кабар» Кыргыз улуттук маалымат агенттигине берген маегинде, депутаттар Конституция боюнча референдумду бюджетти үнөмдөө максатында жергиликтүү кеңештерге шайлоолор менен бир күндө өткөрүү чечимин кабыл алышарына үмүттөнөрүн айткан.

Депутаттар ошентип, өлкөнүн негизги мыйзамын коомдук талкуулоо расмий аяктаганга чейин эле, Конституция боюнча референдум тууралуу мыйзамды биринчи окууда кабыл алышкан. Талкуулар расмий түрдө аяктагандан эки күн өткөндөн кийин алар бир күн аралыгында  мыйзамды экинчи жана үчүнчү окуудан кийин кабыл алышкан. Мындан соң, мыйзамга президент Жапаров кол койгон.

Белгилүү болгондой, жергиликтүү кеңешке шайлоолор жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу боюнча референдум бюджетке дээрлик жарым миллиард сомго түшөт.

Жыйынтыктары 2020-жылдын октябрында жокко чыгарылган парламентке кайра шайлоолор качан өтөрү белгисиз.

 Булагы:

rus.azattyk.org

Бөлүшүү