Вакансия: Кыргызстандагы Интерньюс командасына SMM-адиси жана видеограф

Кыргызстандагы Интерньюс өзүнүн командасына социалдык тармактар ​​жана жаштар аудиториясы менен иштей турган жаңы креативдүү кызматкерди издеп жатат.

 

 

«Медиа-K 2.0» долбоорунун алкагында SMM-адиси жана видеограф вакансиясына социалдык тармактарда жана жаңы медиада аккаунттарды жылдыруу боюнча чоң тажрыйбасы бар, ошондой эле смартфондо сүрөттөрдү жана видеолорду жасоонун бардык мүмкүнчүлүктөрүн жана инструменттерин билген адистер кайрыла алышат.

Бизге кандай адам керек:

  • Жаңы медианы сүйгөн, акыркы тренддерге кызыккан, тез үйрөнгөн жана командада иштөөнү билген;
  • Социалдык тармактарда (Facebook, Instagram, Twitter, Telegram, TikTok, YouTube) медиаконтентти алдыга жылдыруу боюнча тажрыйбасы бар;
  • Смартфонго сапаттуу фото жана видео тарта алган, видеону ыкчам калыптай алган, видеону монтаждоо программаларын жакшы билген;
  • Онлайн- жана оффлайн-аудиториялар менен баарлаша алган;
  • Орус, кыргыз жана англис тилдеринде эркин сүйлөгөн;
  • Дизайнды, композицияны жана тренддерди түшүнгөн.

 

Биз тездик менен өсүп жаткан медиачөйрөдө иштейбиз жана кызматкерлерибизде демилгелүүлүктү, тактыкты, баарлашуу жөндөмүн, ийкемдүүлүктү, чыгармачылыкты жана чынчылдыкты баалайбыз.

 

Милдеттери:

  • профессионалдык камерага, ошондой эле смартфонго фото жана видео тартуу;
  • социалдык тармактар ​​үчүн кыска видеолорду (feature, reels жана caption-видео) даярдоо, монтаждоо, жайылтуу;
  • тартылган материалдарды архивдөө;
  • Instagram, Facebook жана YouTube-каналында түз берүүлөрдү уюштуруу.
  • веб-редактордун жумушуна көмөктөшүү.

 

Шарттары:

  • кызмат көрөтүү келишими боюнча толук жумуш орду;
  • шаардын борборунда заманбап кеңседе иштөө.

 

Өтүнмөнү толтурууда резюме жана эмгектериңизден мисал катары шилтемелерди тиркеңиз онлайн формалар.

Дедлайн - 2022-жылдын 15-августу, 18:00гө чейин.

Ылайык келген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.

 

Бөлүшүү