“Шайлоо жана кастык тили: ММКлар үчүн тузактар, жолдору, чечимдери” вебинары

КРдагы Интерньюс редакторлор жана журналисттер үчүн “Шайлоо жана кастык тили: ММКлар үчүн тузактар, жолдору, чечимдери” аттуу практикум форматындагы үч сааттык вебинар өткөрөт.

 

Онлайн-сессия zoom платформасында 2020-жылдын 1-сентябрында саат 16:00 дөн 19:00гө чейин өтөт.

 

Жумуш тили: орус тили, кыргыз тилине синхрондуу котормосу менен.

 

     

Катталуу формасы

                                                 

 

Программада:

 

- катышуучулардын билим деңгээлин жана алардын күтүүсүн аныктоо максатындагы ачык талкуулардагы кастык тилин түшүнүүсүн аныктаган интерактивдүү тест; 

 

- 2020-жылдын 15-июлунан берки мезгилдеги шайлоо алдындагы талкуулардагы кастык тилине мониторинг жана талдоо жүргүзүүнү негизинде негизги тренддерди кыскача презентация кылуу;

 

- сөз эркиндиги жана журналисттик этика чегинде кастык тили туурасындагы бардык кеп;

 

- Эл аралык жана жергиликтү ыкмалар, мисалдары, криминалдашуу деңгээли, индикаторлору, кастык тилинин контенти жана контексти, жарыялоо алдында материалды кастык тилине тестирлөөнүн техникалары, жолдору;

 

- Практикум, интерактивдүү тактада топтордо иш алып баруу;

 

- Цитата кылуу, UGC жана терминология.

Журналисттик материалдарда кастык тилин камтыган трансляциялык цитаталарды, UGC, креолизацияланган тексттерди колдонуу. Ыкмалары жана жолдору;

 

 - Практикум, ар кыл контексттерде цитата кылуу картасын түзүү, интерактивдүү тактада топтордо иш алып баруу;

 

- Талкуулар жана суроолорго жооп.

 

Тренери

 

Инга Сикорская-

Борбор Азиядагы Тынчтык орнотуу жана медиа технологиялар мектебинин программалык директору.

Анын компетенциялар чөйрөсү – сөз эркиндиги, кастык тилин изилдөө, медиа жана Интернеттеги дискриминацияга,  экстремизмди жайылтууга каршылык көрсөтүү, тынчтык жана чыр-чатак журналистикасы, жаңы медиа маданияты жана коопсуздук, тренингдерди өткөрүү.

 

Ал төмөндөгү сыяктуу конфликттик-сезимтал журналистика боюнча бир катар окуу куралдарынын автору жана кошо автору, коопсуздук маселелерин чагылдыруу, коомчулуктар ортосундагы мамилелер, ошондой эле тынчтык жана чыр-чатак маалындагы этникалык жана маданий көп түрдүүлүк боюнча окуу курстарынын иштеп чыгуучусу:

 

 

Борбор Азия журналисттери үчүн дин маселелерин чагылдыруу боюнча колдонмо

Кастык тили деген эмне жана аны журналистикада кандайча жеңип чыгуу керек?

Чыр-чатактарды чагылдыруудагы тынчтык жаратуучу журналистика

«Медиада экстремизмди жайылтуудан кандайча алыс болуу керек»,

 «Жаштардын радикалдашуусун алдын алуу катары жаңы медиа маданият жана маалыматтык сабаттуулук» аттуу усулдук колдонмону иштеп чыккан.

 

Сикорская -  «Кыргызстан жаштарынын радикалдашуусуна жол берген мазмундар, образдар жана медиаканалдар» ишинин жана «Радикалдашууга каршы социалдык медиалар» медиакомпаниялар боюнча практикалык колдонмонун башкы изилдөөчүсү.

 

 

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун онлайн кеңешчиси Валентина Галичке  [email protected] электрондук дареги боюнча же  +996 (773) 41-66-59 тел. боюнча кайрыңыздар.

     
Бөлүшүү