"Үндү жетилтүү: кадрда жана кадр сыртында" - журналисттер жана теле алып баруучулар үчүн

Белгилүү теле алып баруучу Айнура Кабатай кызы кыргыз ЖМКларындагы теле алып баруучулар жана тележурналисттер үчүн "Үндү жетилтүү: кадрда жана кадр сыртында" деген темада онлайн-сессия өткөрөт.

 

Онлайн-сессия 2-июлда саат 11.00дөн 13.00гө чейин кыргыз тилинде өтөт.

 

Вебинарда тренер үн менен иштөөдөгү төмөнкүдөй маанилүү түшүнүктөрдүн маңызын ачып берет:

 

  • Дикция
  • Интонация
  • Дем алуу
  • Артикуляция
  • Орфоэпия
   

   

Тренер –Айнура Кабатай кызы. Теле алып баруучу, филология илимдеринин кандидаты, " Media Карьера" чечендик өнөр мектебинин негиздөөчүсү.

  

                           

Катышуу үчүн өтүнмөнү Кыргызстандын ЖМК журналисттери  жана теле алып баруучулары жөнөтсө болот.

Тренингге катышуучулар өтүнмөлөр сынагынын негизинде аныкталат.

 

 

1-июль саат 13.00гө чейин бул  шилтеме аркылуу катталып, сынакка катышса болот:

 

КАТТАЛУУ ФОРМАСЫ

 

Иш-чарага чакыруу шилтемеси менен 1-июлда өтүнмөдө көрсөтүлгөн электрондук дарекке жөнөтүлөт.

 

Суроолор болсо, Кыргызстандагы Интерньюстун Тренинг өткөрүү жана контент өндүрүү боюнча  борборунун координатору Элима Джапаровага [email protected]  электрондук дареги аркылуу байланышыңыз.

Бөлүшүү