Шайлоо-2020. Шайлоо процессин чагылдыруудагы укуктук жана этикалык ченемдер

   

“Шайлоо процессин чагылдыруудагы укуктук жана этикалык ченемдер” аттуу онлайн сессиясы 11 жана 12-августта zoom платформасында өтмөкчү.

 

Тренингдин жүрүшүндө катышуучуларга шайлоо процесси маалында ММКлар ишмердүүлүгүнүнүн маанилүү учурларын, алардын укуктарын жана милдеттерин түшүндүрүп беришет.

Ошондой эле шайлоо мыйзамдарын бузгандыгы үчүн ММКлардын жоопкерчилиги туурасында маселелер талкууланмакчы.

Вебинардын жыйынтыгы боюнча юрист шайлоону чагылдыруудагы укуктук тобокелдиктерди азайтууга багытталган сунуштарды берет.

Тренингди 7 жылдык тажрыйбасы бар “Медиа полиси институту” КФнын юристи Алтынай Исаева өткөрөт.

Ал медиа мыйзам чыгаруусу боюнча адис:

- ММКлар жана журналисттер ишмердүүлүгүн укуктук жөндөө,

- маалыматка жеткилик,

- сүрөткө укук,

- ММКлар жоопкерчилиги,

- сөз эркиндиги жана өз пикирин билдирүү эркиндигинин эл аралык стандарттары.

   

Исаева журналисттерге жана студенттерге медиа укугу боюнча лекцияларды окуп, соттордо журналисттердин укуктарын коргоп келет.

2017-жылы адвокаттар командасынын курамында мурунку президенттин доосу боюнча маанилүү соттук талаш-тартыштарда медианын кызыкчылыктарын коргоп келген.

Кийин адам укугу боюнча БУУ Комитетине аталган кейстер боюнча кайрылууну даярдоого катышкан. Ошондой эле 2018-жылы юристтер тобу менен биргеликте “Кыргыз Республикасынын Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” Мыйзам ченемдеринин Конституцияга кайчы келиши боюнча кайрылган.

                     

11-августта саат 16дан 18ге чейин орус тилинде

– катталуу  10-августун 13.00гө чейин бул жерде.

12-августта  саат 16дан 18ге чейин кыргыз тилинде

– катталуу  11-августун 13.00гө чейин бул жерде.

  Тренингге катталган журналисттерге көрсөтүлгөн электрондук почта даректерине идентификациялык номер жана zoom – конференция сырсөзү жөнөтүлөт.
 
Бардык суроолор боюнча  Интерньюс өкүлчүлүгүнүн директорунун орун басары  Назик Чекировага  [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар.
 

“Медиа көз карандысыздыгын колдоо демилгеси” долбоору («Meдиa-K») USAID тарабынан каржыланып, Кыргызстандагы Интерньюс Өкүлчүлүгү тарабынан FHI360 шериктигинде ишке ашат. Ал жарандардын ар кыл маалыматка жеткилигин жакшыртууга жол берген ММКлардын кесипкөйлүгүн жана көз карандысыздыгын жогорулатууга багытталган.

 

     

 

Бөлүшүү