Шайлоо-2020. Журналисттер үчүн онлайн-сессияга катталыңыздар

   

Кыргызстандагы Интерньюс өкүлчүлүгү КРнын БШК менен биргеликте журналисттер менен редакторлорду алдыдагы парламенттик шайлоо темасы боюнча үчүнчү маалыматтык онлай-сессияга чакырат.

Ал Zoom платформасында өтмөкчү 

26-августта саат 16.00дөн 18.00гө чейин кыргыз тилинде

 

Онлайн-сессиянын спикерлери болуп КРнын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын өкүлдөрү чыгат:

   

Атыр Абдрахматова

 Жарандык- укуктук мамилелер жаатында, атап айтканда айкындуулук, отчеттуулук, мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын ишмердүүлүгүндөгү кызыкчылыктардын кагылышы маселелери, шайлоо жана маалыматтык укук, ишкерлер укуктарын коргоо маселелери боюнча 17 жылдык тажрыйбасы бар юрист.

             

Гулнара Журабаева

КРнын Жогорку Кеңешине шайлоого даярдыктын жүрүшү жана аны өткөрүү туурасында шайлоочуларды жана шайлоо процессинин башка субъектилерин маалымдоо маселелери боюнча жумуш тобунун мүчөсү. Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын мурунку орун басары.

             

Программада эки презентация жана кийинки темалар боюнча суроо-жооптор орун алат:

- Маалымдоого жана үгүттөөгө катышкан ММКлар жана интернет-басылмалардын жоопкерчилиги. Атыр Абдрахматова.

 

КР БШКнын маалыматтык ресурстар жана аларды колдонуу алгоритмдери. Гулнара Журабаева.

Онлайн-сессияга катышуу үчүн сизге  каттоо формасын толтуруу зарыл.

Орус тилинде

катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү 2020-ж. 24-августунда саат 13.00гө чейин

 

Кыргыз тилинде

катышууга арыз берүүнүн акыркы күнү  2020-ж. 25-августунда саат 13.00гө чейин

Сынактык тандоодон өткөн катышуучулар арызында көрсөтүлгөн электрондук дарекке Zoom иш-чарага шилтемеси бар чакыруу алышат.

Бардык суроолор боюнча КРдагы Интерньюстун онлайн кеңешчиси Валентина Галичке [email protected] электрондук дареги боюнча кайрылыңыздар, же

+996 773 416659

Кыргыз тилинде  TRACK долбоорун жетекчиси Азамат Тынаевге:  [email protected]

 

Бөлүшүү