Үчүнчү Отчет "КАСТЫК ТИЛИ. КРдагы шайлоо алдындагы дискурста"  жарыялады

Үчүнчү Отчет "КАСТЫК ТИЛИ. КРдагы шайлоо алдындагы дискурста" БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби тарабынан КРдагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосу менен даярдалды.

№ 3 чыгарылыш Кыргызстанда өтүүчү парламенттик шайлоонун алдындагы дискурста тандалган интернет-басылмалардагы жана социалдык тармактардагы кастык (жек көрүү) тилине улантылып келе жаткан мультитилдүү мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун жыйынтыгы болуп эсептелет.

Медиамониторинг сындык дискурс-анализ жана контент-анализ сыяктуу сандык жана сапаттык методдорго негизделген. Маалыматты топтоонун жана аны документтештирүүнүн алгачкы баскычында талдоонун компьютердик лингвистикалык системасы менен катар контентти атайы индикаторлордун 1 жардамында кол менен жыйноо ыкмасы пайдаланылды.

Кыскача баяндоо жана жыйынтыктар

Жыйынтыктары 2020-жылдын 28-августунан 8-сентябрына чейинки убакыт аралыгындагы кыргыз жана орус тилиндеги онлайн-басылмалардагы жана колдонуучулар контентиндеги документтештирилген материалдардын анализине негизделди.

Жыйынтыктар аталган аралыкта 65 онлайн-басылмадагы жана Facebookтагы, Instagram жана Twitter 2 тармактарындагы 3 форумдарда, топтордо жана персоналдык аккаунттарда жайгаштырылган колдонуучу контенттен тандалып алынган 1117 документтештирилген (100% эсебинде алынды) материалдарга негизделген.

Мурдагы анализденген аралыкка караганда изилденген контенттин саны өзбек тилиндеги контентке кошумча мониторинг кылуу аркылуу көбөйдү.

Эксперттер Кыргызстандагы ар кандай топтордун жана азчылыктардын өкүлдөрүн түзгөн саясий партиялардын талапкерлерин журналисттер онлайн-медиада, комментаторлор форумдарда жана социалдык тармактарда кантип баяндап көрсөткөндүгүн анализге алышкан. Негизги көңүл чордонуна аял-талапкерлерге медианын мамилесине, ар кандай платформаларда талкуулоодо алардын образдарын аудиторияга трансляциялоону талдоого коюлду.

Отчеттук аралыктагы изилденген контент абдан каныккан болду, себеби үгүттөө материалдары башталды. Ошондой эле өткөн аралыктагыдай эле медиа басылмасынын редакциялык саясаттын жетекчилигине же тигил же бул партияга же талапкерге карата веб-баракчанын көз карашына ылайык ар түрдүү жаңылыктарды жана макалаларды жарыялап жатышты.

Эксперттердин жасаган биринчи жыйынтыгы боюнча, өткөн айдагыдай эле кээ бир талапкерлердин этникалык тийиштүүлүгү терс контекстте талкууланган ал эми комментаторлор менен троллдор этникалык кастыкты түзүү менен бул теманы улашкан.

Экинчи жыйынтык – 2020-жылдын август айынын аягы – сентябрь айынын башында аймактык өзгөчөлүккө шилтеме жасалган талкуулар болгон, ал да кастыктын бир түрүнө кирет.

Үчүнчү жыйынтык болуп отчеттук аралыкта кээ бир порталдарда жана веб-барактарда саясий партияларга жана талапкерлерге каршы багытталган пропагандалык макалалар, видеосьюжеттер пайда болду, алар авторлордун пикири боюнча «батышчыл» жана «грантка көз каранды» болуп эсептелет.

Сунуштамалар

Сунуштамалардын негизги пакети медиа мониторингдин финалдык жыйынтыгы боюнча 2020жылдын октябрь айынын акырында, ичине 2020-жылдын 15-июлунан 10-октябрына чейинки изилдөө маалыматтардын камтылуусу менен иштелип чыгат.

Бирок, аралыктагы жыйынтыктарда катталган маалыматтар төмөнкү факторлорго көңүл бөлүү керектигин баса көрсөттү:

1. Журналисттер талапкерлердин этникасын жазууда этият болушу керек, этникалык тийиштүүлүктү 2010-жылдагы этникалык зордук-зомбулук менен параллель келтирүүдөн качуу абзел, жөнсүз эле этникалык тийиштүүлүгүн келтире бербеген оң. Мына ушундай эле ыкманы талапкерлердин жана жарандардын башка – тилине, маданиятына, гендерине, динине, социалдык, аймактык, территориалдык, кесиптик статусуна жана саясий көз карашына байланыштуу факторлорду чагылдырууда колдонуу туура.

2. ЖМК коомдо, айрыкча шайлоо алдында көп түрдүүлүктү жайылтуунун үстүндө иштеши керек, аудиторияны Кыргызстандын бардык жарандарын – алар кандай статуска ээ болбосун бирдей кабыл алууга үйрөтүү зарыл.

3. ЖМК өзүнүн макалаларында жана репортаждарында көптөгөн түрлөрдүн катарын түзүп, партиялардын этникалык, тилдик, маданий, гендердик, диний, социалдык жана саясий көп түрдүүлүгүн, алардын программасынын ошол багытындагы аспекттери жөнүндө көп маалымат бериши керек. Партиялар мульти маданияттуулукту жана сабырдуулукту кантип ишке ашыраары, КРны Өнүктүрүүнүн 2040-жылга чейинки Улуттук стратегиясында  «жарандардын өзгөчөлүктөрү

басынтуу үчүн негиз эместиги жана саясий процесстерге ал таасир этпейт» деп декларациялангандай коомдун калыптанышы үчүн шарт түзүшү зарыл.

4. Элге таанымалдар, Интернеттеги пикир лидерлери, колдонуучулар кастык тилинин, айрыкча конфликттик сезимтал маселелердин терс таасирин түшүнүшү, аларды келтирүүдөн качышы, өзүнүн сөздөрүндө колдонбошу, жаңылыш идентификация бар же коомду бөлүп-жарган билдирүүлөр менен бөлүшпөшү керек. Журналисттер аудиторияга онлайн-тармакта кастык, агрессиялуу тил бар экендиги, анын таасири жөнүндө маалымат бергени жакшы, онлайнталкууларда тармактык этикет жөнүндө маселелерди көтөрүшү, электоратты колдонуп жаткан маалыматтарды сын көз менен караганга үйрөтүүсү зарыл.

5. Журналисттер, эл алдында сүйлөгөндөр, Интернеттеги пикир лидерлери, колдонуучулар Кыргызстандагы талкуулоо маданиятын көтөрүү менен бирге кастык тилине, цензурага орун жок болгон плюралисттик талкууларга сөз эркиндигин колдошу зарыл.

 

    Толук кыргызча  
Бөлүшүү