"Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен" көргөзмөсү ачылды

3-майда Бүткүл дүйнөлүк басма эркиндиги күнүндө Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетте  "Сөз эркиндиги карикатуристтин көзү менен" республикалык сынагына катышкан авторлордун эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Сынакты "Сорос - Кыргызстан" фондусун менен жана БГУ менен өнөктөштүктө "Журналисттер" коомдук бирикмеси уюштурган.

Ал сөз экриндиги жаатындагы меселелерге коомчүлүктүн назарын буруу жана КР журналисттеринин арасындагы тилектештикти бекемдөө максатында уюштурулган болчу.

 

Марс Тулегенов айткандай, сынакка бардыгы болуп 23 автордон 68 эмгек келип түштү. Авторлордун катарына кесипкөй сүрөтчүлөр менен катар карикатура өнөрүнө кызыккан ышкыбоздор да бар.

Ушул эле иш чарада жеңүчүлөрдүн ысымдары аталып, аларга сыйлыктар тапшырылды.

Эмгектерди медиа уюмдардын 6 өкүлү  1 белгилүү кесипкөй сүрөтчү КР Сурөтчүлөрүнүн төрагасы Таалай Усубалиев кирген жюри баалаган.

 

Баалуу сыйлыктардын жана катышкандыгы үчүн дипломдордун ээлери:

Усенбек Омуров, Абдибайит Турсуматов, Жанайым Зарлбек кызы, Махмуджон Эшонкулов, Таалай Сейдакматов.

 

Кызыктуруучу сыйлыктардын ээлери:

Саламат Шакиров жана Жылдыз Амандыкова.

 

Байгелүү орундар төмөнкүдөй бөлүштүрдү:

1-чи орун  - Руслан Валитов, "Соз эркиндиги" карикатурасы үчүн

2-чи орун  - Михаил Томилов, "Мамлекеттик ЖМКлар" карикатурасы үчүн

3-чү орун - Перизат Турдубекова, "Гүлдөр тили" карикатурасы үчүн

   
Бөлүшүү