Zanoza.kg: соттук чечимдер жана бир нече миллиондук дооматтар

Бишкек шаардык сотто үч күн катары менен Zanoza.kg. сайтынын журналисттерине карата болгон дооматтар каралды. соттор сайтка жана анын уюштуруучуларына карата биринчи баскычындагы төрт доо арызы боюнча алгачкы чечимин күчүндө калтырды.

Журналисттер жыйынтыгында 27 млн сом төлөп бермекчи болушту:

Дина Маслова – 3 млн; Нарынбек Идинов – 9 млн; ОФ «ПроМедиа» – 15 млн;

Ошондой эле

экс-депутат ЖК Чолпон Джакупова – 3 млн;

«Ата Мекен» партиясынын юристтери– 10 млн.

Аталган дооматтардын бирин камсыздоо үчүн жазында эле соттор ОФ «ПроМедиа» эсептерин камакка алышкан. Дагы бирин камсыздоого Идиновдун 89-жаштагы энеси жана карындашы менен катталган батири алынган. Үчүнчүсүн камсыздоо үчүн айыпталуучуларга өлкөнү таштап кетүүгө тыюу салынган.

16-августта Эрмек Бейсекеев, Аида Манжиева жана Ирина Скрипкина курамына кирген Бишкек шаардык сот коллегиясы 3-июлдагы Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырган. Бул доомат президент Алмазбек Атамбаевдин намысын жана кадыр-баркын коргоодо 2017-жылдын мартында чыккан эки макала Нарын Айыпка тиешелүү (тергеме аты Нарынбек Идинов).Бири Өмүрбек Текебаевдин камалышына арналган, экинчиси –«Куткарып калуу үчүн калп: паппет шоу көз карандысыздыгы»-өлкө башчысынын аты аталбаган авторитардык мамлекеттердин лидерлерин тандоо жөнүндө.

 

Экинчи доомат Бермет Толубаеванын төрагалыгы алдында 17-августта Бишкеке шаардык сот коллегиясы тарабынан каралган. Коллегиянын курамында Аида Манжиева жана Ирина Скрипкина болгон. Иш Нарын Айыптын 2015-жылдын октябрында жарыяланган 1990-жылдардагы Атамбаевдин катыштыгы бар делген, жазуучулар Союзундагы каржы маселесиндеги алдамчылык жөнүндө Аскар Акаевдин 2014-жылдагы берген интервьюсунан алынган үзүндүгө тиешелүү болгон.

30-июнда Октябрь райондук соту Гульчехра Оморова Zanoza.kgден 3 млн сом ал эми автору Нарын Айыптан 3 млн сом төлөтүп алуу чечимин чыгарды.Жоопкер тарап Бишкек шаардык сотуна арыз берген, бирок ал биринчи баскытагы чечимди өзгөртүүсүз калтырган.

17-августта Бишкек шаардык сот коллегиясы Zanoza.kg,деги Нарын Айыпка жана Дина Масловага жарыялаган макаласы үчүн президентке 3 млн сом төлөп бериши керек деген, ал эми Чолпон Жакупова тегерек столдогү чыгып сүйлөгөндүгү үчүн чечимди күчүндө калтырды.

Буга чейин Октябрь райондук сотунун судьясы Кымбат Архарова Жакупованын сүйлөгөнүндө Атамбаевдин аты аталган эмес бул ага залал келтирет деп эсептеген. Дооматты камсыздоодо Жакуповага тиешелүү Ысык-Көлдөгү коттедж алынган. Ошондой эле юридикалык клиникасынын директоруна, жана сайттын эки уюштуруучусуна өлкөнү таштап кетүүсүнө тыюу салган.

18-августта Бишкек шаардык соту жеке ОФ «ПроМедиа» (Zanoza.kg сайтынын уюштуруучусу) Октябрь райондук соттун генпрокурор Индира Жолдубаеванын дооматын өлкө башчынын кызыкчылыгын коргоодогу чечимин карады. Бул сот отурумунун экинчи баскычында жараянды видеого тартууга уруксат берилди.

Экинчи баскычта «Ата Мекендин» юристтери Канатбек Азиз жана Таалайгуль Токтакунова 2017-жылы кышында Дача Суга жакын жерге кулаган «Боинг-747деги» жүккө Атамбаевдин катыштыгы бар деген маалыматты тараткандыгы үчүн ага 10 млн сом төлөп берүү чечимин күчүндө калтырды

Нарынбек Идинов (Нарын Айып), журналист, ОФ «ПроМедиа» уюштуруучусу:

"Бул журналисттердин миссисясы-маселелерди көтөрүп аны оңдошү үчүн бийликке көрсөтүү.

Менин макалаларымдын биринде бир дагы жолу президенттин аты аталган эмес. А башкасында депутат Өмүрбек Текебаевдин аэропорттун жанына кулаган самолеттогу жүк аныкы деп ММК ларга жарыя кылганына шилтеме берүү менен эскертилген.

Сот отурумунда 16-августта прокурор Руслан Абдрахманов айтты, бир дагы өзүнчө абзацта кордоочу сөз жок, бирок жалпысынан, анын айтымына караганда, кордогон макалада "жашыруун мааниси" камтылган.

Бирок, кандайдыр жашыруун мааниси үчүн сотко кайрылууга болбойт!

Эксперттер жана юристтер, иш жүзүндө мындай болбогонун жана соттор экинчи баскычта бир нече миллиондогон дооматтарды толук кандуу канааттандырылганын айтып жатышат. Дайым эгер миллионго доомат болсо, анда 50-100 миң сомго суммасын төмөндөтчү. Кыскасы, муну сот аркылуу репрессия катары мүнөздөөгө болот.

Идинов шаардык соттун чечими жоопкерлер Жогорку сотко кайрылуу жасоо укугуна ээ болсо да, күчүнө кирет деп белгилейт. Анын айтымында, кайсы убакта болбосун соттук аткаруучулар келип, миллиондогон сумманы төлөөнү талап кыла алат.

Бөлүшүү