Арыз. Медиауюмдар журналисттердин ишмердүүлүгүнө жолтоо болбоого чакырышты

 

5-октябрдан 6-октябрына караган түнү парламенттик шайлоо жыйынтыктарына массалык каршылыктарды чагылдыруу маалында журналисттерге карата бир катар чектен чыккан кол салуулар орун алды, анын ичинде милиция кызматкерлери тарабынан да. 

Алсак, милиция кызматкерлери түз эфир маалында «24.kg» МА корреспондентинин мобилдик телефонун тартып алышкан. «Настоящего время» басылмасынын журналисти Айбол Кожомуратовго акылга сыйбас зордук колдонулган: окуя болгон жерден түз эфир жүргүзүү маалында спецназ кызматкери ага ок аткан, бул туурасында репортер өзүнүн твиттер аккаунтунда билдирген.  

     

 

     

6-октябрь күнү күндүзү журналисттердин кесиптик ишмердүүлүгүнө жолтоо кылган жана аларга карата белгисиз тараптардын кол салуусунун дагы башка фактылары туурасында билдирүүлөр келген. Алсак, Өкмөт үйүнүн жанында берүү маалында «Клооп» съемка тобуна алардын ишмердүүлүгүнө тоскоолдук жаратуу максатында белгисиз адамдар кол салган, бул туурасында редакция тексттик берүүсү маалында билдирген.

Ошондой эле «Govori TV» редакциясы Башкы прокуратура имаратынын жанында окуяларды чагылдыруусунда белгисиз адамдар съемка тобунун илмек микрофонуна зыян келтиришкендиги туурасында билдирген.

 

https://www.facebook.com

 

Куралсыз журналистке спецназ кызматкеринин ок атуусу ал үчүн Кыргыз Республикасынын Кылмыш Кодексинин 39, 130-беренелеринде жоопкерчилик каралган адам өмүрүнө кол салуу катары баалана тургандыгын өзгөчө белгилеп кеткибиз келет.  

Мобилдик телефонун тартып алуу каракчылык катары каралып, ал дагы кылмыш-жаза жосуну катары бааланат (КР КК 201-бер.). Ошондой эле журналисттин мыйзамдуу кесиптик ишмердүүлүнө жолтоо кылуу үчүн да КРнын “Жоруктар жөнүндө” Кодексинин 89-бер. ылайык жоопкерчилик каралган.

Сөз эркиндиги эгемендүү Кыргызстандын эң маанилүү жетишкендиги болуп саналат. Көз карандысыз ММКлардын митингдерди чагылдыруу ишмердүүлүгү башкы максатты – жарандарды, алардын укуктарына жана мыйзамдуу кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешеси бар сапаттуу жана калыс маалымат менен камсыздоону көздөйт. Бул максатта КРнын Конституциясында ар ким малыматты эркин издөө, алуу, сактоо, пайдалануу жана аны оозеки, жазуу жүзүндө же башка ыкма менен жайылтуу укугуна ээ деп кепилденген. Бирок журналисттерге карата кол салуу шарттарында ММКлар миссиясын ишке ашырып, жарандарды өз убакытындагы жана коомдук-маанилүү маалымат менен камсыздоо дээрлик мүмкүн болбой турат. 

Андыктан, журналисттин өмүрүнө, ден соолугуна жана мүлкүнө кол салуу – бул сөз эркиндигине кол салуу болор. Муну менен адамдын Конституцияда гана эмес, жарандык саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пакт, анын катышуучусу Кыргыз Республикасы болгон Жалпы Декларация сыяктуу эл аралык келишимдерде бекитилген негизги укуктары менен эркиндиги бузулуп жатат. 

Аталган эл аралык келишимдер КРнын Конституциясынын 6-бер. ылайык укуктук системабыздын ажырагыс бөлүгү болот. Журналисттердин өмүрлөрүнүн, ден соолугунун коопсуздугун тиешелүү түрдө камсыздалбашы, журналисттерге кол салууга күнөлүү адамдарды жоопко тартуу боюнча өз убакытындагы чаралардын көрүлбөшү адамдын негизги укуктары менен эркиндиги бекитилген жарандык саясий укуктар жөнүндөгү Эл аралык пакт жана башка эл аралык келишимдер алкагында өз мойнуна алган милдеттенмелердин одоно бузулушу катары каралат.  

Биз бардык тараптарды журналисттердин кесиптик милдеттерин аткаруусуна жана өлкөдөгү кырдаалды чагылдыруусуна жолтоо болбоосуна чакырабыз. Ошондой эле укук коргоочу органдарды жогоруда саналып өткөн фактылар боюнча кылдат текшерүү жүргүзүп, күнөөлүү тараптарды жоопко тартып, журналисттердин коопсуздугун камсыздап берүүсүн суранабыз.

   
Бөлүшүү