КРнын медиакоомчулугунун кайрылуусу. Сөз эркиндиги жана ММКлар эркиндиги жок өлкө өнүкпөйт
Ар жылы 3-майда дүйнө жүзү салттуу түрдө Дүйнөлүк басма сөз эркиндигин белгилеп келет. Бул күндүн максаты ар бир өлкөдөгү сөз эркиндигинин, ММК эркиндигинин маанилүүлүгүнө көңүл буруу.
Бул жылы Кыргызстан дүйнө жүзү сыяктуу эле коронавирус пандемиясына туш болду. Өз кайрылуубузда биз көз карандысыз ММКлардын өлкөбүздөгү оор кырдаалда аткарган маанилүү ролуна көңүл бургубуз келет.
Журналисттер бул кыйын убакта баарынын өз убагындагы анык маалыматка жеткилиги сыяктуу эң маанилүү керектөөлөрүн камсыздоо максатында болуп жаткандыгы туурасында чындыкты айтып өзүнүн башкы милдетин татыктуу жана тайманбай аткарып келишет.
ММК чөйрөсү уруксааты бар ишмердүүлүктөр тизмесине кирбегендине карабастан журналисттер дээрлик бир айдан бери өз кызматтык милдеттерин аткарып жатышат. Натыйжада репортерлор менен операторлор баарына керектүү жаңылыктарды жеткирүү үчүн өз жоопкердигинде ишке чыгып жатышты.
Биздин ММКлардын үзгүлтүксүз ишинен улам жана да журналисттердин өз убагында жооп кайтарып, жаңылыктарда текшерилген маалыматты берип турушунан улам Кыргызстанда жалган маалыматтын тарашынын кандайдыр бир терс көрүнүшү орун алган жок.
Бийлик кечигүүсү менен болсо да ММКлардын тоскоолсуз ишинин керектиги туурасындагы коомдун сурамын назарына алды. Комендатура редакцияларга акырында уруксат кагаздарын бере баштады.
Бул чечимди кубаттоо менен бирге биз бийликти эркин жана көз карандысыз медиа ишмердүүлүгүнө коркунуч туудурган жаңы мыйзам чыгаруучу демилгесин кайтарып алуусуна чакырабыз.
Сөз уюмдарды жана материалдарды эстремисттик жана террордук деп таануу туурасындагы УКМК тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору туурасында болуп жатат. Сунушталган өзгөртүүлөр кабыл алынган учурунда бүтүн коом үчүн бул бийликтин атайылап көңүлүнө жакпай калган каалаган ММКны тезинен жабуу үчүн курал түзүп алгандыгынын белгиси болмокчу.
Муну менен катар биз сөз эркиндигин жана социалдык тармактарда өз оюн билдирүү эркиндигин басуунун дагы бир терс тенденциясына көңүл бурдургубуз келет. Акыркы учурда укук коргоочу органдар социалдык тармактардын колдонуучуларын “түшүндүрүү иштерин” жүргүзүү деген атка конгон маек куруу үчүн чакырган учурлары көбөйдү.
Бирок мындай түшүндүрүү жүргүзүү үчүн укук коргоочу органдарынын соцтармактар колдонуучусу “бир өңчөй эмес мазмундагы түрдүү провокациялык билдирүүлөрдү жарыялайт” деген пикири жетишсиз.
КРнын Конституциясы ар бир жаранга сөз эркиндигин, өз пикирин билдирүү эркиндигин кепилдейт. Эч ким өз пикирин билдирүү же андан баш тартууга мажбурланууга тийиш эмес.
Өзгөчө коомдук маанидеги маселелер боюнча өз пикирин билдирүү эркиндиги – демократиялык коомдогу маанилүү кепилдик. Ал көп сандагы жана түрдүү пикирлердин болушун болжоп келет.
КРнын Конституциясына жана мыйзамдарына ылайык мамлекет сөз эркиндигинин жана өз пикирин билдирүү эркиндигинин өтө эле чектөөсүн токтотушу керек. Каалаган чектөөлөр мыйзамдуу мүнөздө болуп, киргизилген чектөөлөрдөн ашпашы абзел.
Бийликтин мындай бир өңчөй эмес демилгелери жана укук коргоочу органдарынын аракеттери улуттук мыйзам чыгарууга гана каршы келбестен, Кыргызстандын эл аралык келишимдер алкагындагы милдеттенмелерине туура да келбейт.
Дүйнөлүк басма сөз эркиндиги күнү биз КРнын Өкмөтүн ММКлар эркиндигине коркунуч туудурган мыйзам долбоорун демилгелөөсүн токтотууга жана жарандарды өз пикирин билдирүүсүндө куугунтукка алуусун токтотууга чакырабыз.
Сөз эркиндиги жана ММКлар эркиндиги жок өлкө өнүкпөйт.
«Институт Медиа Полиси» КФ
Көз карандысыз журналисттер биримдиги
КРдагы Интерньюс өкүлчүлүгү
Иликтөөчү журналистика фонду
«Журналисты» КБ
«Центр поддержки СМИ» фонду
«Центр Медиа Развития» фонду
«МедиаКонсалт» фонду
Марат Токоев
Тынымгүл Эшиева
Авлан Жумабаев
Тамара Валиева.