Болот Темировду өлкөнүн чегинен чыгаруу боюнча медиакоомчулуктун билдирүүсү

Соттук коллегиянын иликтөөчү-журналист Болот Темировду өлкөнүн чегинен чыгаруу тууралуу чечими ачыктан ачык куугунтуктоонун фактысы болуп саналат.

2022-жылдын 23-ноябрында Бишкек шаардык соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы “TemirovLive” редакциясынын негиздөөчүсү, иликтөөчү-журналист Болот Темировду өлкөнүн чегинен чыгаруу тууралуу чечим чыгарды.

Чечим менен тааныштыруу болгондон кийин дароо эле укук коргоо органдарынын кызматкерлери журналистти кармашкан. Суроо жаралат, Бишкектин Свердлов райондук соту кылмыш ишинин эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу Болот Темировду жоопкерчиликке тартпаса, Бишкек шаардык соту жогоруда аталган жазалоо чечимин кантип чыгарды?

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 30-сентябрында Бишкектин Свердлов райондук соту Болот Темировду КР Кылмыш-жаза Кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо” 283-беренесинин 1-бөлүгү, “Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү” 378-беренеси боюнча актаган. КР Кылмыш-жаза Кодексинин “Документтердин жасалмасын жасоо” 379-беренеси боюнча Болот Темиров күнөөлүү деп табылган, бирок эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берилген эмес.

КР Кылмыш-жаза Кодексинин 60-беренеси боюнча, өлкөдөн чыгарып жиберүү – негизги жазага кошумча жаза катары гана колдонулушу мүмкүн.

Бирок да соттун биринчи инстанциясы документтердин жасалмасын жасагандыгы үчүн эскирүү мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жаза берген эмес. Ошондой эле Бишкек шаардык соттун кылмыш иштери боюнча соттук коллегиясы 2022-жылдын 23-ноябрында райондук соттун чечимин күчүндө калтырган.

Ушуга байланыштуу эскирүү мөөнөтү өтүп кетсе жана негизги жаза берилбесе сот өлкөдөн чыгарып жиберүү кошумча жазасын кантип колдонду деген суроо туулат.

Болот Темировго жана анын командасына кылмыш иштери козголгондон баштап эле журналист өзү жана медиакоомчулук бул куугунтуктоону журналисттин кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып келген. Бирок да, журналистти сын материалдарды жарыялаганы үчүн куугунтуктоого жол берилбестиги өлкөнүн мыйзамдарында каралган.

Темиров жана анын редакциясы мамлекеттин биринчи адамдарынын жакындарына байланыштуу бир канча журналисттик иликтөөлөрдү даярдаганын билебиз.

Мындан тышкары, Бишкек шаардык соттун Орусияга чыгарып жиберүү чечими учурда Орусияда жүрүп жаткан мобилизацияны эске алсак Болот Темировдун өмүрүнө жана ден соолугуна чоң тобокелдиктерди жаратат.

Өлкөдөн чыгарып жиберүү чечими Кыргыз Республикасынын Конституциясында жана Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерде каралган милдеттерди жана кепилдиктерди бузуу менен мамлекеттик эмес ЖМКларды жана журналисттерди массалык куугунтуктоонун уландысы деп эсептейбиз жана бул чечим Болот Темировдун өмүрүнө жана ден соолугуна чоң коркунуч жаратат.

Биз бийликти акыркы эки жылда дагы бир жолу башка көз карашты билдирген, пикирди айткан, мамлекеттик кызматкерлердин, органдардын аракеттерине сын баа берген адамдарды камоо, тинтүү, суракка алуу жана башка тергөө аракеттерин колдонуу менен коштолгон куугунтуктоону токтотууга чакырабыз.

Таркатылып жаткан маалыматтардын чындыкка жатпаганын тастыктаган далилдер бар болсо, фактылар менен бекемделген расмий маалыматтарды берүүнү, же анын аныктыгын же чындыкка жатпастыгын жарандык-укуктук доо арыздардын алкагында иш алып барууну суранабыз.

 

«Институт Медиа Полиси» КФ

Медиа Өнүктүрүү Борбору

Журналисттик иликтөөлөр фонду

Журналисттердин көз карандысыз союзу

Кыргызстан медиаларынын аракеттер платформасы

Тамара Валиева

Аделя Лаишева

Динара Ошурахунова

Семетей Аманбеков

Гладис Темирчиева

Дилбар Алимова «ПолитКлиника»

Асель Сооронбаева

Кайыргүл Урумканова “GovoriTV”

“Kloop Media” редакциясы

Махинур Ниязова

Дарья Подольская

24.kg МА

Kaktus.media редакциясы

Дина Маслова

Factcheck.kg

Азат Рузиев, «Башта»

“Журналисттер” КБ

Нурдин Дүйшөнбеков

Марат Токоев

Бөлүшүү