Демократияны колдоо боюнча ЖМКлар үчүн чакан гранттар программасы

АКШнын Мамлекеттик департаментинин ЖМКлар үчүн чакан гранттар программасы көзкарандысыз маалымат каражаттарынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, анын натыйжасында тең салмактуу жана чындыкка дал келген жергиликтүү жаңылыктарды көбөйтүүгө жана болуп жаткан окуяларды альтернативдик чагылдырууга багытталган.

 

 

Ошондой эле, программа КР медиа чөйрөсүндө иштеген коммерциялык эмес, өкмөттүк эмес уюмдарды жана бирикмелерди (НПО) өнүктүрүүнү колдойт. Жергиликтүү инновациялык стратегиялардын жардамында программанын  артыкчылыктуу багыттары төмөнкүлөр:

 

  • сөз жана ЖМК эркиндиги;
  • пикирлер плюрализми жана актуалдуу маселелерди ачык талкуулоо;
  • бийликтин жана жамааттын мүчөлөрү ортосундагы диалог;
  • улуттар аралык жана конфессиялар аралык диалог;
  • өкмөттүк иш-аракеттердин ачык-айкындуулугун камсыз кылуу жана маалыматтык кампанияларды өткөрүү;
  • коррупцияга каршы күрөшүү;
  • аймактык коопсуздукту жана туруктуулукту чыңдоо;
  • адам сатуу, зордук-зомбулуктуу экстремизм жана уюшкан кылмыштуулук сыяктуу трансулуттук коркунучтарга каршы туруу;
  • ишкердик жана чакан бизнести өнүктүрүү жаатындагы демилгелерди күчөтүү;
  • климаттын өзгөрүшүнө жана абанын булганышына каршы күрөшүүдө калктын маалымдуулугун жана катышуусун жогорулатуу;
  • маалымат алмашуу жана маалымдоо кампанияларын жакшыртуу аркылуу жарандык коомго жана Кыргыз Өкмөтүнө COVID-19га болгон реакциясын күчөтүүгө жардам берүү.

 

 

Бериле турган гранттын суммасы 10 миңден 50 миң АКШ долларына чейин.

 

 

Гранттар кимдерге берилет:

  • жалпыга маалымдоо каражаттары: салттуу жана онлайн-ЖМКлар;
  • медиаменеджерлер жана кесипкөй адистер;
  • журналистикага адистешкен университеттин студенттери;
  • социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө катышууну көздөгөн социалдык тармактардагы таасирлүү адамдар.

 

 

Долбоордун багыттары

 

Долбоордук сунуштар бир же бир нече максатка жетүүгө багытталса болот.

Төмөндө грант алуучулар өз каалоосу менен тандаса боло турган багыттар:

 

  1. Кеминде 20 кыргыз журналисттеринин жана социалдык медиада таасирлүү адамдардын потенциалын төмөнкүлөр аркылуу жогорулатуу:

 

- Зордук-зомбулуктуу экстремизм, чыр-чатактар, азчылыктардын укуктары, коррупция, өкмөттүн ачык-айкындуулугу, COVID-19 пандемиясы, абанын булганышы жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу курч маселелерди натыйжалуу жана конструктивдүү чагылдыруу;

 

- дезинформациянын жана манипуляциянын кесепеттерин азайтуу максатында критикалык талдоо, журналисттик иликтөөлөр, фактыларды текшерүү жана мониторинг жүргүзүү;

 

- жеке жана санариптик коопсуздук, ошондой эле өзгөчө кырдаалда окуяларды чагылдыруунун коопсуз ыкмалары, кризистик байланыштарды кошкондо, анын ичинде чыныгы турмуштан алынган сабактардын негизиндеги мыкты тажрыйбалар;

 

- жаңы технологияларды жана санариптик куралдарды колдонуу, сторителлингдин жардамында оригиналдуу сапаттуу жана жергиликтүү деңгээлдеги контент түзүү.

 

 

  1. Журналистиканын стандарттары жана этикасы, видео монтаж, социалдык медиадагы маркетинг жана графикалык дизайн боюнча бир катар тренингдердин жардамы аркылуу кыргыз тилдүү YouTube жаңылыктар каналынын кеминде 20 кызматкеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуу.

 

  1. Медиасабаттуулукту жана фактыларды текшерүү көндүмдөрүн үйрөтүү аркылуу кеминде 50 кыргыз студент-журналисттин потенциалын жогорулатуу. Аларды жалган маалыматтардын таралышын алдын алууга үйрөтүү, бул алардын келечектеги карьерасына керек болот.

 

  1. Кыргызстандын жана АКШнын университеттеринин журналистика факультетинин окутуучулары ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү же чыңдоо, биргелешип изилдөө жүргүзүү, окутуучулардын тажрыйба алмашуусу жана окуу программаларын иштеп чыгуу.

 

  1. Кеминде төрт көзкарандысыз маалымат каражаттарынын каржылык туруктуулугуна жана өсүшүнө көмөктөшүү, аларга маркетинг, каржылык пландоо, брендди башкаруу жана бизнес стратегиясын түзүү жаатында окутуу мүмкүнчүлүктөрүн камсыз кылуу.

 

 

Документтер 2021-жылдын 13-июлуна чейин (Бишкек убактысы боюнча 11.59) кабыл алынат.

 

Бардык документтер англис тилинде болуп, ыйгарым укуктуу кызмат адамы тарабынан кол коюлушу керек.

Талапкерлер өз сунуштарын орус же кыргыз тилиндеги варианттары менен толуктай алышат, бирок акыркы гранттык келишимдер англис тилинде түзүлөт.

Бардык бюджеттик өтүнмөлөр АКШ долларында көрсөтүлүшү керек.

 

Талап кылынган формалардын тизмесин ушул шилтемеден көрүп, жүктөп алсаңыз болот:

www.grants.gov/web/grants

 

Бардык документтерди ушул дарекке жөнөтүү зарыл:

[email protected]

Бөлүшүү