III “Ийгиликке кадам” медиафоруму бул ирет Баткен шаарында өттү. Медиафорум кыргыз журналистикасынын 100 жылдык тарыхына, бүгүнкү абалына жана келечегине арналды. Иш-чарага тажрыйбалуу журналисттер, кесипкөй адистер чогулду. Бишкектен, Оштон жана бардык жети дубандан келген кесиптештердин саны 60тан ашты.
Форумдун салтанаттуу бөлүгүндө Гимн аткарылып, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү куттук айтты.
Ал эми IFEX (Сөз эркиндигин коргоо боюнча эл аралык желеси) өкүлү Райан Хоутон онлайн салам жолдоп, 100 жыл мурда кыргыз тилиндеги биринчи гезит жарык көргөнүн, бир кылым аралыгында кыргыз журналистикасы жалгыз редакциядан баштап отуруп Бордук Азиядагы эӊ өнүккөн жана ар-тарапттуу медиасекторго айланганын белгиледи.
«Кыргызстандагы биринчи гезит «Эркин Тоо» деп аталган экен. Мындай аталышы бизге кыргыз журналисттеринин мүнөзүн жана дымагын көрсөтүп турат. Сиздер ар дайым: Мен Кыргызстандын, Эркин Тоонун журналистимин деп айталгыдай болгула! Ийгиликке дагы бир кадам жасалсын!», – деди Райан Хоутон.
Форумда бир нече жарыш панелдик сессиялар болду.
Медиасынчы Марат Токоев «Учурда чакан медиалар көӊүлгө алчу жагдайлар» деген темада талкуу жүргүздү. Ал аралыктан иштөөнү уюштуруу, кеӊсе чыгымдарын азайтуу, акысыз офистик жана мультимедиалык программалар, жасалма интеллектти журналисттик жумушта пайдалануу, контентти таратуу платформалары жана сарамжал жолдору ж.б. жөнүндө айтып берди.
Ал эми башка аянтчада Интернет доорундагы гезиттердин ролу жөнүндө «Ноокат таӊы» гезитинин башкы редактору Нуркамил Абдуллаевдин сессиясы өттү. Мамлекеттик каржылоо токтотулган басылмалар тартып жаткан сыноолор, гезитти санариптештирүү жана каржы булактарын табуу жөнүндө ой-пикирлер айтылды.
«Бул форумда аймактык журналистиканын абалына акцент жасалды. Анын катарында биз Баткендеги маалымат каражаттарынын материалдык-техникалык базасын, алардын чыгармачылык иштерин көрдүк, бири-бирибиз менен баарлаштык. Тажрыйба алмашуу, баарлашуу – бул бири-биринен үлгү ала турган нерсе», – деди «Ноокат таӊы» гезитинин башкы редактору Нуркамил Абдуллаев.
«Кыргызстандагы көз карандысыз ЖМК: башкаруу, контент жана туруктуулук» темасында «Говори ТВ» медиасынын негиздөөчүсү Кайыргүл Урумканова өз тажрыйбасы менен бөлүштү. Ал көз карандысыз медианын түптөлүү тарыхы, сыноолор жана саамалыктар жөнүндө айтып берди.
«Мен мамлекеттик да, жеке менчик да ЖМКларда иштедим: пропагандачыл да, оппозициячыл да аталдым. 7 жыл мурда мен жетектеген ЖМК ошол кездеги бийлик тарабынан жабылганда 25-30дай журналист жумушсуз калды. Коомго эмгек калтыруу керек да, эмне үчүн журналист катары бирөөнүн куралы болушум керек деген ойлор көз карандысыз медианы түптөөгө негиз болду», – деди Кайыргүл Урумканова.
Форумда кыргыз тилдүү медиаларды өнүктүрүү боюнча да талкуу болду. Интерньюс уюмунун өкүлү, медиа-тренер Максуда Айтиева кыргыз тилдүү медиалардын контентине изилдөө жүргүзүлгөнү, 7 облуста жергиликтүү журналисттердин өз демилгелери менен тилектештикти бекемдей турган иш-чаралар өтүп жатканын баяндады. О.э. төкмө акындарга медиасабаттуулук, дастан жанры; ал эми манасчыларга «Манастагы» баалуулуктарды элге жеткирүүнүн заманбап форматтары окутулуп жатканын кошумчалады.
Форумга медиа катары төкмө акындардан да өкүлдөр катышты. Эл көйгөйүн коомго жеткире турган төкмөлөрдүн элге жакындыгы, ролу жана даремети айтылды.
Кыргыз журналистикасынын дүйнөдөгү орду, көтөрчү жүгү жана вазыйпасы жөнүндө да сөз болду.
«Эгемен мамлекет болгон соӊ чечилбей келаткан абдан чоӊ маселе бар. Бул – биздин сырттагы өз журналисттерибиздин жоктугу. Бизде башка өлкөлөрдүн өз кабарчылары иштеп жатат. Алар биздеги окуяларды, маалыматтарды өз призмасы аркылуу жеткирип жатышат. Биз, кыргыздар, дүйнөнү өз көзүбүз менен карай элекпиз. Дүйнөнүн чоӊ-чоӊ борборлору кандай берсе, ошону алып жатабыз. Окуяларга өзүбүздүн көз карашыбыз болушу керек», – деди журналист, котормочу жана талдоочу Жыргалбек Касаболотов.
Башка аянтчада «Ютубда медиаконтент жаратуу. Кыргызстандагы подкасттардын потенциалы» тууралуу «Light Creative Group» командасынын контентмейкери Нурпери Баказова айтып берди. Ал кызыктуу контент жасап көрүүчүлөрдү көбөйтүү, Ютуб-каналды илгерилетүү аркылуу киреше табуунун жолдору жөнүндө өз тажрыйбасы менен бөлүшүп, катышуучулардын суроолоруна жооп берди.
Ал эми Жамааттык медиалар бирлигинин башчысы Назира Жусупова «Жамааттык медиалардын ролу жана өнүгүүсү: жетишкендиктер жана тобокелчиликтер» темасында сессия өткөрдү. Ал элеттеги калкты калыс маалымат менен камсыздоо түйшүгү, эл турмушун чагылдырган жамааттык мултимедиа борборлорунун жана жамааттык үналгылардын иши жөнүндө айтып берди.
ЖМК жөнүндө мыйзамга толуктоолор жана өзгөртүүлөр жөнүндө да талкуу болду. Анда сөз эркиндигинин учурдагы абалы жана катаал мыйзам жоопкерчилиги да талкууланды.
«Аймактагы журналистиканын мүмкүнчүлүктөрү жана жаңы чакырыктар» деген панелдик талкуу менен форумдун биринчи күнү жыйынтыкталды.
Форумдун акыркы бөлүгү редакциялардагы кадимки жумуш жараянына окшоду. «Азыркы кыргыз журналистикасындагы грамматикалык жана стилистикалык каталар» сессиясында журналист, котормочу жана талдоочу Жыргалбек Касаболотов редактордун элегине көп түшчү каталарды тизмектеп көрсөтүп, катышуучулар кадимкидей практикалык жумуш жасады.
«Журналисттер» коомдук бирикмесинин жетекчиси Нурдин Дүйшөнбеков медиафорум Кара-Кыргыз автоном облусунун жана Кыргыз журналистикасынын 100 жылдыгын белгилөөнүн алкагында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин өнөктөштүгүндө өткөнүн, форум аймактагы журналисттерге багытталганын баяндады:
«Биз программада элетте иштеген жергиликтүү журналисттерге керектүү маалыматтарды, тажрыйбаларды бердик; региондордо иштеген ийгиликтүү мисалдарды тажрыйба алмашуу максатында да. Ар кайсы аймактарда иштеген журналисттер тыгыз байланышып, редакциялар аралык кызматташуу, өнөктөштүктү өнүктүрүү да максатталган», – деди Нурдин Дүйшөнбеков.
«Ийгиликке кадам» медиафорумун өткөрүү демилгеси «Журналисттер» коомдук бирикмесине таандык. Медиафорум кыргыз тилдүү жана аймактардагы ЖМКлар үчүн максатталып, Кыргызстандын бардык облусттарында кезек менен өткөрүлөт.
I медиафорум 2019-жылы Ош шаарында, II медиафорум 2021-жылы Нарын шаарында өткөн. Быйыл Баткен шаарында өттү. Кийинкиси Ысык-Көлдө өтөрү жарыяланды.
Гүлзат Газиева.
Сүрөттөр: «Журналисттер» коомдук бирикмеси.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.