Global Shining Light Award – бул Иликтөөчү-журналисттердин дүйнөлүк тармагынын демөөрчүлүгү менен өнүгүп жаткан же экономикасы өткөөл мезгилдеги өлкөлөрдө коркунучта, кысым алдында же оор шарттарда жүргүзүлгөн журналисттик иликтөөлөргө тапшырылуучу өзгөчө премия болуп саналат.
Өтүнмө бериш үчүн посттун алдындагы шилтемелер аркылуу өткүлө.
Премия эки категорияга бөлүнөт: «Чакан жана орто ЖМКлар» (фрилансерлерди кошкондо штаты 20 кишиден ашпаган уюмдар); ири редакциялар (штаты 20 кызматкерден ашкан уюмдар).
Жеңүүчүгө 2500 АКШ доллар өлчөмүндөгү сертификат жана 2025-жылдын ноябрында Куала-Лумпурда (Малайзия) өтүүчү Иликтөөчү-журналисттердин дүйнөлүк конференциясына жолдомо берилет, сыйлык ага ушул конференцияда жүздөгөн кесиптештеринин алдында тапшырылат.
Талаптар
Журналист, журналисттердин командасы же ЖМК тапшырган көз карандысыз журналисттик иликтөөлөр төмөнкү талаптарга жооп бериши керек:
- Глобалдык Түштүккө кирген өлкөдө даярдалган жана ага таасир эткен;
- 2023-жылдын 1-январы 2024-жылдын 31-декабры убакыт аралыгында көрсөтүлгөн же жарыяланган;
- Башынан эле иликтөө катары даярдалган;
- Жалпы бакубатчылыкка олуттуу таасирин тийгизген көйгөй, туура эмес аракеттер же жемкорлук система аныкталган;
- Иликтөөнүн үстүндө иш алып абруу учурунда камакка алуу, түрмөгө отургузуу, иликтөөчү-журналистке жана/же анын үй-бүлөсүнө күч колдонуу, коркутуу коркунучтары болгон.
GIJC25 тууралуу кошумча маалымат алуу үчүн конференциянын сайтына киргиле.
Уюштуруучулар өтүнмөлөрдүн саны көп болгондуктан материалдарга (эмгектерге) онлайн-шилтеметелерди берүүнү өтүнөт.
Эгер журналисттик эмгектин бардыгына жеткиликтүү шилтемеси болбосо, аны Google Диск же Dropbox сыяктуу платформаларга жүктөп, аларды [email protected] менен бөлүшкөнгө мүмкүнчүлүк бериш керек.
Эгер кайсы бир маселе жаралса ал тууралуу электрондук кат жөнөткүлө. Мисалы, өтүнмө англис тилинен башка тилде болсо. Мындайда басылманын же онлайн-материалдын толук резюмесин англис тилинде же видеоматериалдын англис тилиндеги текстин берүү зарыл.
Атаандаштык чоң.
2023-жылы премияга 84 өлкөдөн 419 өтүнмө келип түшкөн. Финалга 12 мыкты журналист чыккан.
Жюри төрт сыйлык жана эки артыкчылык сертификатын тапшырган.
Өтүнмөнү тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 28-февралы.