Кыргызстандыктардын медиасабаттуулугун арттырууга жана сынчыл ой жүгүртүүсүн жакшыртууга багытталган эң креативдүү, жаңычыл жана кызыктуу долбоор колдоого алынат.
Сынак Интерньюс тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан CARAVAN аймактык долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө. Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндө ишке ашырылып келет.
Көз карандысыз жюри долбоордун шарттарына көбүрөөк туура келген, бюджети 25 миң евродон ашпаган бир долбоорду тандайт.
Аны ишке ашыруу мөөнөтү – 10 ай, долбоордун ишке ашырыла башташынын болжолдуу датасы – 2025-жылдын 1-июлу.
Өтүнмөлөрдү тапшыруунун акыркы мөөнөтү: 2025-жылдын 12-майы, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59га чейин.
Өтүнмө бергендер аймактык өнөктөштүктү эске алып, жюри менен эксперттердин сунуштары боюнча караштырылган бюджеттин чегинде долбоордук өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даяр болушу керек.
Маалыматтык кампаниянын максаттары
Медиасабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча маалыматтык кампаниянын максаты – аудиторияга жаңылыктарды жакшыраак түшүнүүгө, фактыны бир жактуу мамиледен айырмалоого, “туура” жана “каршы” аргументтерди талдоого, окуяны калыс чагылдыруу менен пропаганданы айырмалоого жардам берүү.
Кампания ошондой эле дезмаалымат (дезинформация) кандай иштээрин түшүндүрүп, фейк жаңылыктарды, фактылардын бурмаланышын жана жалган маалыматты аныктаганды үйрөтөт. Ал тургундарды туура суроолорду бергенге, эмоционалдуу аргументтерди фактылардан айырмалай билгенге жана маалыматты объективдүү баалаганга үйрөтөт.
Биз күткөн өтүнмөлөр ар түрдүү формаларды/форматтарды колдонуу аркылуу төмөнкү нерселерге жете алышы керек:
- Жергиликтүү калктын санариптик жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн жогорулатуу, анын ичинде фейк жаңылыктарды, дезмаалыматты, пропаганданы, кастык тилди жана интернеттеги агрессияны аныктоо жөндөмдүүлүгүн өркүндөтүү;
- Жергиликтүү тургундарга көз жазгырууларды жана фейк жаңылыктарды аныктоого, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, мазмундун ишенимдүүлүгүн баалоого жана маалыматка сынчыл көз караш менен кароого жардам берүү;
- Аудиторияны ар түрдүү маалымат булактарын так жана жеткиликтүү талдоо менен камсыз кылуу, алардын ишенимдүүлүгү жана аларды аныктоо жолдору жөнүндө маалымат берүү.
Өтүнмөнү ким бере алат?
Өтүнмөнү маалыматтык кампанияларды жүргүзүүдө тажрыйбасы бар өлкөдө катталган юридикалык жактар – көз карандысыз медиалар, жарандык коомдун уюмдары, академиялык институттар, китепканалар, театралдык труппалар, чыгармачыл бирикмелер, инфлюенсерлер, эксперттер, жаңы медиалар жана ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдар бере алышат.
Долбоордун натыйжалуулугун арттырышы мүмкүн ар түрдүү өнөктөштүктөр колдоого алынат. Мындайда өтүнмө бир уюмдун атынан кабыл алынат, ал эми өнөктөр колдоо каттарын бериши керек болот.
Маалыматтык кампаниянын тили
Онлайн жана офлайн иш-чаралардын жана контенттин тили мамлекеттик тилде болушу артыкчылыкка ээ болот. Контенттин башка тилдерге которулушу кубатталат.
Кампаниянын айрым бөлүктөрү тил боюнча азчылык топторго жана аялуу топторго атайын багытталышы мүмкүн – контентти башка жергиликтүү тилдерде өндүрүү жана/же аны угуу жөндөмү начар адамдар үчүн жаңсоо тилине ыңгайлаштыруу.
Сынакка кантип катышса болот?
- Сынактын жүрүшү жана анкета менен бюджетти кантип толтуруу керектиги тууралуу маалыматтык сессияга катышуу (толук маалымат төмөндө).
- Өтүнмөнү (шилтемеде) жана бюджетти (шилтемеде) толтуруп, документтердин толук пакети менен [email protected] электрондук дарегине «КАРАВАН. Маалыматтык кампанияны жүргүзүү боюнча сынак – Кыргызстан» темасын жазып 2025-жылдын 12-майынан кечиктирбестен Бишкек убактысы боюнча 23:59га чейин жөнөтүүгө үлгүрүү абзел.
- Өтүнмөлөр кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат.
Сынактын этаптары
Сынак эки баскычтан турат. Биринчи баскычта техникалык тандоодон өткөндөр долбоор тууралуу айтып берүүсү үчүн питчинг-сессияга чакырылат. Экинчи баскычта питчинг-сессиянын жыйынтыгы боюнча көз карандысыз жюри бир жеңүүчүнү жана резервге бир команданы тандайт.
Сынактын жыйынтыгы
Жеңүүчү командаларга калыстар мүчөлөрүнүн пикирлерине ылайык долбоорду аягына чыгарууга, акыркы бюджетти түзүүгө жана келишим түзүү үчүн керектүү документтерди чогултууга бир жума убакыт берилет.
Кошумча маалымат
Маалыматтык кампанияны жүргүзүүгө грант долбоордун алкагында пландаштырылган иш-чараларды өткөрүүгө кеткен чыгымдарды, эмгек акыларды, медиапродукцияны өндүрүүнү, операциялык чыгымдарды, программалык камсыздоону, жабдыктарды, иш сапардык жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн зарыл болгон башка чыгымдарды жабууга мүмкүндүк берет.
Документтердин пакети толук болгон гана өтүнмөлөр кароого кабыл алынат (анкетадагы документтердин толук пакетинин тизмесин караңыз). Internews бир же бир нече документтери жок долбоордук өтүнмөлөрдү карабай коюуга укуктуу.
Өтүнмөдө мөөнөттөрү жана контентти таркатуу каналдары көрсөтүлгөн контентти өндүрүүнүн жана таркатуунун жана иш-чараларды уюштуруунун деталдуу планы болушу керек.
Тандоо критерийлери:
- Маалыматтык кампаниянын идеясынын уникалдуулугу, өзгөчөлүгү жана жаңычылдыгы; аудиторияны тартууга басым кылуу жана ошондой эле оффлайн жана онлайн иш-чаралардын болушу артыкчылык болот.
- Аймактагы башка өнөктөштөр менен бир айдентиканын алдында үчкө чейин биргеликтеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр болушу.
- Сынакта көрсөтүлгөн темаларга туура келиши.
- Кенен аудиторияга жеткиликтүүлүгү, өндүрүлгөн контент жана онлайн/офлайн иш-чаралар менен мүмкүн болушунча көп аудиториянын камтылышы.
- Натыйжалуу маалыматтык кампанияларды уюштуруп өткөрүү боюнча тастыкталган тажрыйбанын болушу.
- Долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү техникалык базанын болушу.
- Сапаттуу журналистиканын кесиптик жана этикалык стандарттарынын сакталышы.
- Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоонун болушу.
Төмөнкү командаларга артыкчылык берилет:
- дезмаалыматка каршы туруу боюнча долбоорлорду иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча тажрыйбага ээ болгон (бул артыкчылыкка ээ болот);
- вебинарлар, тренингдер жана менторлук аркылуу Internewsтун эксперттик колдоосун алууга даяр экенин жана алынган билимдерди маалыматтык кампаниянын натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн колдоноорун көрсөткөн;
- маалыматты таркатуунун жаңы каналдарын же форматтарын сунуштаган;
- жергиликтүү тилдерде контентке басым кылган;
- ба рдык өнөктөштөрдөн колдоо каттарын бере алган.
Маалыматтык сессия
2025-жылдын 24-апрелинде Бишкек убактысы боюнча саат 15.00дө Internews потенциалдуу талапкерлер үчүн маалыматтык сессиясын өткөрөт, анда сиз сынактын шарттары менен көбүрөөк таанышып, сизди кызыктырган суроолорду бере аласыз.
Талапкерлер маалыматтык сессияга Zoom платформасында онлайн кошула алышат. Маалыматтык сессиясына катышуу үчүн шилтеме аркылуу онлайн катталыңыз.
CARAVAN деген эмне?
Борбордук Азияда Internews Европа Биримдигинин колдоосу менен CARAVAN долбоорун ишке ашырууда. Ал сырткы маалыматтык көз жазгыруу менен манипуляцияларга, дезмаалыматка жана кастык тилге туруктуу болгон туруктуу маалыматтык чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Дагы суроолор барбы?
Биз менен байланышкыла! Бардык сурооңорго [email protected] электрондук почтасы аркылуу жооп бергенге даярбыз.