Кыргызстандыктардын медиасабаттуулугун арттырууга жана сынчыл ой жүгүртүүсүн жакшыртууга багытталган эң креативдүү, жаңычыл жана кызыктуу долбоор CARAVAN долбоорунун алкагында колдоого алынат.
Медиасабаттуулук жана сынчыл ой жүгүртүү боюнча маалыматтык кампания аудиторияга жаңылыктарды жакшыраак түшүнүүгө, фактыны бир жактуу мамиледен айырмалоого, “туура” жана “каршы” аргументтерди талдоого, окуяны калыс чагылдырууну жана пропаганданы аныктоого жардам бериши керек болот. Кампания ошондой эле дезмаалымат (дезинформация) кандай иштээрин түшүндүрүп, фейк жаңылыктарды, фактылардын бурмаланышын жана жалган маалыматты аныктаганды үйрөтөт. Ал туура суроолорду бергенге, эмоционалдуу аргументтерди фактылардан айырмалай билгенге жана маалыматты объективдүү баалаганга үйрөтөт.
Өтүнмө бергендер аймактык өнөктөштүктү эске алып, жюри менен эксперттердин сунуштары боюнча караштырылган бюджеттин чегинде долбоордук өтүнмөгө өзгөртүүлөрдү киргизүүгө даяр болушу керек. Казакстандагы, Кыргызстандагы жана Тажикстандагы жеңүүчүлөрдүн долбоорлору аймактык онлайн жана/же офлайн иш-чаралар менен бириктирилет – долбоорду ишке ашыруу мөөнөтүнүн аралыгында бир айдентиканын алкагында үчтөн ашпаган биргеликтеги иш-чара.
CARAVAN деген эмне?
2024-жылдын 1-апрелинен тарта Борбордук Азия өлкөлөрүндө Европа Биримдиги каржылаган «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» долбоору ишке ашырыла баштады. Ал маалыматтык көз жазгырууга, дезмаалыматка жана кастык тилге туруктуу болгон маалыматтык чөйрөнү түзүүгө багытталган.
Долбоор төмөнкү үч максатка жетүүнү көздөйт:
- Борбордук Азиядагы маалыматтык көз жазгырууга, дезмаалыматка жана кастык тилге каршы турууга олуттуу салым кылуу үчүн контенттин сапатын жакшыртуу жана анын көлөмүн көбөйтүү.
- Аудиториясы сырттан кийлигишүүгө жана дезмаалыматка туруктуураак болгон улуттук медиаталааны өнүктүрүүгө көмөктөшүү.
- Борбордук Азиянын жана башка өлкөлөрдүн медиаларынын ортосундагы аймактык кызматташтыкты күчөтүү.
Маалыматтык кампаниянын максаттары:
Биз күткөн өтүнмөлөр ар түрдүү формаларды/форматтарды колдонуу аркылуу төмөнкү нерселерге жете алышы керек:
- Жергиликтүү калктын санариптик жана сынчыл ой жүгүртүү көндүмдөрүн, анын ичинде фейк жаңылыктарды, дезмаалыматты, пропаганданы, кастык тилди жана онлайн агрессияны аныктоо жөндөмүн өркүндөтүү;
- Жергиликтүү тургундарга көз жазгырууларды жана фейк жаңылыктарды аныктоого, алардын дүйнө таанымын кеңейтүүгө, мазмундун ишенимдүүлүгүн баалоого жана маалыматка сынчыл көз караш менен кароого жардам берүү;
- Аудиторияны ар түрдүү маалымат булактарын так жана жеткиликтүү талдоо менен камсыз кылуу, алардын ишенимдүүлүгү жана аларды аныктоо жолдору жөнүндө маалымат берүү.
Өтүнмөнү ким бере алат?
Өтүнмөнү маалыматтык кампанияларды жүргүзүүдө тажрыйбасы бар өлкөдө катталган юридикалык жактар – көз карандысыз медиалар, жарандык коомдун уюмдары, академиялык институттар, китепканалар, театралдык труппалар, чыгармачыл бирикмелер, инфлюенсерлер, эксперттер, жаңы медиалар жана ошондой эле мамлекеттик эмес уюмдар бере алышат.
Долбоордун натыйжалуулугун арттырышы мүмкүн ар түрдүү өнөктөштүктөр колдоого алынат. Мындайда өтүнмө бир уюмдун атынан кабыл алынат, ал эми өнөктөр колдоо каттарын бериши керек болот.
Бюджет жана долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү:
Көз карандысыз жюри долбоордун шарттарына көбүрөөк туура келген, бюджети 25 миң евродон ашпаган бир долбоорду тандайт. Аны ишке ашыруу мөөнөтү – 8 ай, долбоордун ишке ашырыла башташынын болжолдуу датасы – 1-октябрь.
Маалыматтык кампанияны жүргүзүүгө грант долбоордун алкагында пландаштырылган иш-чараларды өткөрүү чыгымдарын, айлык акыларды, медиапродукцияны өндүрүүнү, операциялык чыгымдарды, программалык камсыздоону, жабдыктарды, иш сапардык жана долбоорду ийгиликтүү ишке ашырууга байланыштуу башка чыгымдарды жабат.
Өтүнмөдө мөөнөттөрү жана контентти таркатуу каналдары көрсөтүлгөн контентти өндүрүүнүн жана таркатуунун жана иш-чараларды уюштуруунун деталдуу планы болушу керек.
Маалыматтык кампаниянын тили
Онлайн жана офлайн иш-чаралардын жана контенттин тили мамлекеттик тилде болушу артыкчылыкка ээ болот. Контенттин башка тилдерге которулушу кубатталат.
Кампаниянын айрым бөлүктөрү тил боюнча азчылык топторго жана аялуу топторго атайын багытталышы мүмкүн – контентти чакан жергиликтүү тилдерде өндүрүү жана/же аны жакшы укпагандар үчүн жаңсоо тилине ыңгайлаштыруу.
Тандоо критерийлери:
- Маалыматтык кампаниянын идеясынын уникалдуулугу, өзгөчөлүгү жана жаңычылдыгы; аудиторияны тартууга басым кылуу жана ошондой эле оффлайн жана онлайн иш-чаралардын болушу артыкчылык болот.
- Аймактагы башка өнөктөштөр менен бир айдентиканын алдында үчкө чейин биргеликтеги иш-чараларды өткөрүүгө даяр болушу.
- Сынакта көрсөтүлгөн темаларга туура келиши.
- Кенен аудиторияга жеткиликтүүлүгү, өндүрүлгөн контент жана онлайн/офлайн иш-чаралар менен мүмкүн болушунча көп аудиториянын камтылышы.
- Натыйжалуу маалыматтык кампанияларды уюштуруп өткөрүү боюнча тастыкталган тажрыйбанын болушу.
- Долбоорду ишке ашыруу үчүн тийиштүү техникалык базанын болушу.
- Сапаттуу журналистиканын кесиптик жана этикалык стандарттарынын сакталышы.
- Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоонун болушу.
Төмөнкү командаларга артыкчылык берилет:
- маалыматтык кампаниянын идеясынын уникалдуулугун, өзгөчөлүгүн жана жаңычылдыгын көрсөтө алган;
- башка өлкөлөрдөгү өнөктөштөр менен иштешүүгө даяр болгон;
- дезмаалыматка каршы туруу боюнча долбоорлорду ийгиликтүү ишке ашырган;
- вебинарлар, тренингдер жана менторлук аркылуу жаңы билимдерди алууга жана аларды иш жүзүндө колдонууга даяр болгон;
- маалыматты таркатуунун жаңы каналдарын же форматтарын сунуштаган;
- жергиликтүү тилдерде контентке басым кылган;
- бардык өнөктөштөрдөн колдоо каттарын бере алган.
Кантип катышса болот?
Сынакка катышуу үчүн долбоор тууралуу маалыматтан (жүктөө) жана бюджеттен турган өтүнмөнү (жүктөө) бериш керек. Толтурулган өтүнмөнү [email protected] почтасына 2024-жылдын 1-сентябры Бишкек убактысы боюнча 23:59дан кеч эмес жөнөтүү керек. Каттын аталышына «CARAVAN. Маалыматтык кампания боюнча сынакка катышууга өтүнмө» деп жазуу зарыл.
Internews толук толтурулган гана өтүнмөлөрдү караштырат. Бир же бир нече керектүү документтери жок өтүнмөлөр автоматтык түрдө сынакка катышпайт.
Өтүнмө берилди. Эми эмне кылуу керек?
Сынак эки баскычтан турат. Биринчи баскычта техникалык тандоодон өткөндөр долбоор тууралуу айтып берүүсү үчүн питчинг-сессияга чакырылат. Экинчи баскычта питчинг-сессиянын жыйынтыгы боюнча көз карандысыз жюри бир жеңүүчүнү жана резервге бир команданы тандайт.
Өтүнмө берүүчүлөргө колдоо
Internews өтүнмө бергиси келгендер үчүн 16-августта Алматы убактысы боюнча 14:00дө (Бишкек убактысы боюнча 15:00) Zoom аркылуу маалыматтык сессия өткөрөт (сөзсүз катталууга шилтеме). Ошондой эле Internews биринчи баскычтан өткөндөр үчүн өтүнмөнү/бюджетти кайра иштеп чыгуу боюнча кеңештерин бере алат, профилдик тренингдерди же эксперттик жолугушууларды уюштура алат.
Дагы суроолор барбы?
Биз менен байланышкыла! Бардык сурооңорго [email protected] электрондук почтасы аркылуу жооп бергенге даярбыз.