Кыргызстандагы төкмө акындарга колдоо көрсөтүү боюнча “Билим айтыш” программасы өз ишин улантып келет. Жаңы сезон 23 катышуучу үчүн гендерге сезимтал тема боюнча семинардан башталды.
Анын жыйынтыгы боюнча акындар арасында тандоо туру өткөрүлүп, сынактын комиссиясы стипендиялык колдоо көрсөтүү үчүн 17 төкмө акынды танда алды.
Ошол эле кезде долбоордун алкагындагы окутуу программаларына бардык төкмө акындар катыша алышат.
Тема боюнча:
Интерньюс төкмө акындар үчүн жаңыртылган программаны ишке ашыра баштады
Тандалып алынган 17 стипендия алуучулар үчүн чыгармачыл лабораториялар уюштурулуп, алар адистер менен биргеликте коомдун көңүл чордонунда болгон учурдагы көйгөйлүү маселелерди, өлкөнүн өнүгүү багытын, социалдык-экономикалык, экологиялык маселелерди талкуулашат.
Окутуунун жыйынтыгы боюнча акындар коомдук тармактарда актуалдуу темалар боюнча термелери менен бөлүшүшү керек болот.
Күзүндө финалдык айтыш уюштурулат.
Тандоо айтышынын видеосу:
Терме – кыргыз оозеки өнөрүндөгү уникалдуу жанр болуп эсептелет. Төкмө акын ыр кураштырганды билгенден сырткары, анын музыкага шыгы болуп, ырдаганды жана комузда черткенди да билиши керек.
Терме – бул төкмө акындардын музыкалдык-поэтикалык формадагы акыл-насааттары.
Бул бир топ көрүнүштөрдү санап, бирдей сөздөрдү пайдалануу менен акыл-насаат иретинде ырдалган дидактикалык чыгармалардын бир түрү (Уикипедия). Философиялык маңыздагы, мисалы, өз заманы тууралуу термелер да бар («заман ыры»). Термеде жашоо жана өлүм, жаштык жана карылык, жакшы жана жаман сыяктуу түбөлүктүү темалар козголуп, аларга тийиштүү сапаттар терилип айтылат да, андан тиешелүү мораль чыгарылат.
Бул жанрдын көрүнүктүү өкүлү болуп ойчул жана гуманист, элдик оозеки өнөрдүн демократиялык салттарын өзүнө сиңирип алып, аны андан ары өркүндөткөн, кыргыздардын руханий дүйнөсүндө чоң из калтырган төкмө акын Жеңижок эсептелет. Токтогул, Коргоол, Эшмамбет, Калык сыяктуу кыргыздын улуу акындары анын окуучулары болгон.
фото: internews.kg