Интерньюс Борбор Азиядагы маанилүү окуяларды объективдүү жана тең салмактуу чагылдырууга багытталган APRICOT аймактык долбооруна ассистент издейт. Бул долбоору Кыргызстан менен Тажикстанда ишке ашырылып жатат.
ВАКАНСИЯ ЖӨНҮНДӨ
Иштеген жери: Бишкек шаары
Ишинин графиги жана форматы: part time, гибриддик формат (оффлайн/онлайн)
Долбоордун мөөнөтү: 2024-жылдын октябры – 2026-жылдын январы
Долбоордун Кыргызстандагы ассистенти административдик жана материалдык-техникалык колдоо көрсөтүүнү, гранттык өнөктөштөр менен иш алып барууну, ошондой эле «Чыңалууну азайтуу үчүн конфликттер тууралуу маалыматты берүүнүн отчеттуулук практикасы» (APRICOT) долбооруна мониторинг жүргүзүүнү жана аны баалоону камсыздайт.
Ассистент долбоордун жамааты, консультанттар, өнөктөштөр жана катышуучулар менен иш алып барат, иш сапарларга даярдыктарга жооп берет, өнөктөштөр менен гранттык келишимдерди түзөт, долбоорго мониторинг жүргүзөт жана аны баалайт, долбоордук иш-чаралардын өз убагында жана натыйжалуу өткөрүлүшүнө колдоо көрсөтөт жана Кыргызстандагы иштерге байланыштуу маалыматтарды чогултууга жана отчеттуулук боюнча жардам берет.
Ассистент APRICOT долбоорунун Кыргызстандагы менежерине баш ийет.
Негизги милдеттери жана жоопкерчилиги:
- Күнүмдүк башкарууга, долбоордук иш-чаралардын логистикасына, субгранттар менен иштөөгө жана долбоордун иш-чараларына мониторинг жүргүзүүгө жана баалоого жардам берүү. Потенциалдуу милдеттерге долбоордун бенефициарлары менен байланышуу, тренерлер, консультанттар жана иш-чаранын катышуучулары үчүн иш сапар логистикасын долбоордун менеджерлери менен координациялоо, биргелешкен иш-чараларда же контентти өндүрүү/жайылтуу боюнча башка өлкөлөрдөгү долбоордун кызматкерлери менен кызматташуу жана башка милдеттер камтылышы мүмкүн;
- Иш кагаздарынын жүгүртүлүшүн уюштуруу, корпоративдик почта жана башка байланыш каналдары аркылуу кирген жана чыккан кат-кабарларга көз салуу;
- административдик процесстердин жана субгранттарды бөлүштүрүүнүн жол-жоболорун, анын ичинде донорлордун жана Интерньюстун келишимдеринин шарттарына жана саясаттарына ылайык келүүсүн текшерүүнү, ошондой эле төлөмдөрдү жана отчеттуулукту ырааттуу ишке ашырууну камсыз кылуу;
- Долбоордун жана өнөктөштөрдүн маалыматтары жана талдоолору менен мониторинг жана баалоо отчетторун даярдоого катышуу, алар Internews жана донордук стандарттарга жооп берген долбоордун таасиринин мисалдарын өз убагында берүүсүн камсыз кылуу;
- Өлкө ичиндеги жана региондук иш-чараларды координациялоого көмөктөшүү;
- Долбоордук документтерди даярдоого жана отчеттуулук үчүн маалыматтарды чогултууга жардам берүү;
- Керектүү документтерди, анын ичинде пресс-релиздерди, брошюраларды жана отчетторду кыргыз жана орус тилдеринен англис тилине жана тескерисинче которуу;
- Долбоордун үзгүлтүксүз иштеши жана натыйжалуу ишке ашырылышы үчүн зарыл болгон иш-чараларды ишке ашырууга көмөктөшүү;
- Интерньюстун миссиясын жана негизги баалуулуктарын кармануу менен, Интерньюстун саясатына ылайык аракеттенүү;
- Зарылчылыкка байланыштуу башка милдеттер.
Талап кылынган квалификациялар:
- ЖМКлар же өнүгүү долбоорлору (медиа тармаагындагы долбоорлорго артыкчылык берилет) менен иш алып барууда 1 жылдан кем эмес тажрыйбасынын болушу;
- Тийиштүү жогорку билими;
- Кыргызстан менен Тажикстандагы жана Борбор Азиядагы абалды жана медиа тенденцияларды жакшы билүү;
- Мыкты уюштуруучулук жана адамдар менен мамиле куруу жөндөмдөрү;
- Деталдарга көңүл буруу менен талдоо жүргүзүү жана оюн түшүнүктүү жаза билүү жөндөмү;
- Убатык тартыш шарттарда иштөө жөндөмү;
- Microsoft Office’ти, өзгөчө Excel’ди мыкты билүү;
- Кыргыз, орус жана англис тилдерин мыкты билиши;
- Internews’тун негизги баалуулуктарын карманышы.
Вакансияга талапкерлер өтүнмөнү 9-ноябрга чейин бериши керек, аны үчүн өтүнмөнүн формасын толтуруп, ага резюмени, мотивациялык катты жана эки сунуштоо катын тиркеши зарыл.
Талаптарга көбүрөөк туура келген талапкерлер маектешүүгө чакырылат.