Интерньюс уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү дата-журналистика жанрын мындан ары өнүктүрүү үчүн жергиликтүү өнөктөштөр менен кызматташууга жана бул багытта иштөөгө кызыкдар болгон команданы колдоого даяр.
Эгерде сиздин командаңыз Кыргызстанда дата-журналистикасын өнүктүрүүгө салым кошкусу келсе, анда Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун бул демилгеси менен таанышыңыз.
Бул колдоо коомчулукка жергиликтүү потенциалды жогорулатууга, жаңы өнүмдөрдү жаратууга жана жанрды өнүктүрүүдө институционалдык туруктуулукту бекемдөөгө чыгармачылык менен мамиле жасоого жардам берет.
Интерньюстун финансылык колдоосунун суммасы жылына 20,000 долларды (USD) түзөт.
Конкурска кимдер катыша алат
Төмөнкү критерийлерге жооп берген жергиликтүү уюмдар:
- Кыргыз Республикасында катталган юридикалык жак
- Банктык эсеби болушу керек;
- медиа тармагында 5 жыл же андан ашык иш тажрыйбасы, дата журналистикасы тармагындагы иш тажрыйбасы болсо артыкчылык берилет;
- долбоордун менеджеринен жана медиа-эксперттерден турган тажрыйбалуу команданын болушу шарт;
- дата-журналистиканын өнүгүшүнө өз салымыңызды кошууга даяр болуу керек.
Кантип тапшырса болот
Кызыкдар уюмдар төмөнкү документтерди бериши керек:
- Медиа тармагында далилденген тажрыйба, ресурстардын жана/же инфраструктуранын сыпатталышы (социалдык тармак, кеңсе, техникалык база ж.б.);
- Мотивациялык кат;
- концепциясын, креативдүү ыкмаларын, ишмердүүлүгүн баяндоо менен 2 жыл ичинде Кыргызстанда дата журналистиканын өнүктүрүү боюнча кыскача көз караш;
- Команданын сүрөттөлүшү: программанын координаторун кошкондо, дата журналистикасы чөйрөсүндөгү далилденген эксперттердин резюмелери;
- Болжолдуу бюджет (АКШ долларында).
Программа жөнүндө
Алты жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Интерньюс USAIDдин колдоосу менен Медиа-К долбоорунун алкагында Кыргызстанда Data Journalism программасын ишке ашырып, бул жанрды өнүктүрүүдө. Бул убакыттын ичинде 100дөн ашык журналисттер маалымат алуу жөндөмдөрүн үйрөнүштү. Ондогон көз карандысыз редакциялар өздөрүнүн маалымат бөлүмдөрүн ийгиликтүү ишке киргизишти, программанын катышуучулары 170тен ашык маалыматтарга негизделген материалдарды басып чыгарышты, жеке эмгектер эл аралык деңгээлде таанылды.
Өлкөдө күчтүү жана активдүү маалыматтар коомчулугу түзүлүп, Интерньюс программасынын бүтүрүүчүлөрү Савия Хасанова менен Анна Капушенко Кыргызстандагы аял өлтүрүү боюнча материалдары үчүн дүйнөдөгү негизги дата журналистика сыйлыктарынын бири болгон абройлуу кесипкөй Sigma Awards сыйлыгынын жеңүүчүлөрү болушту.
Кыргызстанда дата журналистикасын өнүктүрүү максатында Программа Дүйнөлүк банк, IDEM институту, FCDO жана Дата мектеби сыяктуу уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди ийгиликтүү ишке ашырды. Программага Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева, Айзада Тома, Андрей Дорожный, Александр Богачев жана Савия Хасанова сыяктуу журналистика жана маалымат талдоо тармагындагы кесипкөйлөр насаатчылык кылышты.
Сынакка катышуу үчүн документтер бул жердеги форманы толтуруу менен берилиши керек.
Өтүнмөлөр 2024-жылдын 20-сентябры саат 18:00гө чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат алуу үчүн бардык каалоочуларды Data Journalism программасынын куратору Бекзат Байышка [email protected] дарегине кат жазышын суранабыз.