Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү уюштурган тренерлер үчүн 5 күндүк тренинг аяктады. Тренингге Кыргызстандан журналистикада жана жаш адистерди даярдоодо чоң тажрыйбасы бар 12 белгилүү медиа-эксперттер жана журналисттер катышты.
Алар окуучулардын билимге болгон муктаждыктарын талдоодон, окуу максаттарын иштеп чыгуудан, окутууну пландаштыруудан баштап ишке ашырууга, анын ичинде баалоого чейин толук окуутуу цикли менен таанышышты.
Интенсивдүү практикалык тренинг өткөрүү үчүн Германиядагы DW Akademieден тажрыйбалуу адис Эвалдас Рупкус чакырылган.
Эвалдас Рупкус – жаштар, медиа жана маалыматтык сабаттуулук (MIL) тармагындагы долбоордун менеджери, тренери жана автору. Литванын Жаштар Кеңешинде LiJOT, Eurodesk Lithuania, Goethe Institute, ERYICA жана Германиянын IJAB Эл аралык Жаштар Кызматында иштеген. Эвалдас эмгек жолун жаштар программалары үчүн радио алып баруучу болуп баштаган жана кийинчерээк Литвада жаштар үчүн маалымат жана кеңеш берүү системасын ишке киргизген. 2019-жылдан бери Германиядагы DW Akademieнин Азия жана Европа боюнча медианы өнүктүрүү бөлүмүндө иштейт. Ал жерде ал Монголия, Молдова, Армения, Украина же Прибалтика өңдүү өлкөлөрдө сүргүндөгү журналисттердин коопсуздугуна жана МИЛ темаларына, мисалы, окутуу программаларын иштеп чыгууга көңүл буруп, тренерлерди даярдайт. Учурда Эвалдас DWдин Диверситет, Акыйкаттык жана Инклюзия командасында Долбоордун Менеджери болуп иштейт, ал жерде майыптыгы бар адамдар үчүн жеткиликтүүлүк жана инклюзивдүүлүк маселелерине басым жасайт. Эвалдас саясат таануу боюнча билим алган жана MBA даражасына ээ.
Эвалдас тренингдин катышуучуларына окутуунун натыйжаларын кантип пландаштырууга жана ишке ашырууга болорун көрсөтүү үчүн иштелип чыккан окутуу ыкмаларынын ар түрдүү айкалыштарын – билим, көндүм жана мотивация денгээлдеринде берди.
«Тренерлер үчүн тренингде эң маанилүү аспектиси – бул тажрыйбалык окутуу циклин түшүнүү. ен үчүн бул философия жана бир нерсени түшүнүү учуру”, – дейт Эвалдас.
– Мен муну дүйнөнүн булуң-бурчтарындагы тренингдеримдин катышуучуларынын көзүнөн көп көрөм. Катышуучулардын теорияны өздөштүрүп эле тим болбостон, аны кандайдыр бир жол менен практикада кайтала алаарын түшүнгөн учуру. Тренер катары биз үчүн жеке мисалдардын негизинде тажрыйба түзүү маанилүү. Анткени тренер катары биз үчүн окутуу учуру өзү же бардык нерседен кабардар болуу эмес, катышуучуларыбызга өздөрү башынан өткөрүүгө жардам бере турган эмпирикалык көз ирмемдерди жаратуу маанилүү нерсе».
Катышуучуларга кызыктуу жана түшүнүктүү, максаттуу топторго багытталган мазмундун визуализациялары, дидактикалык оюндар, ошондой эле ар бир окуу күнүжана бүткүл тренинг үчүн баалоо ыкмалары көрсөтүлүп практикалык түрдө дагы өткөрүлдү.
Эвалдас Рупкус: «Биринчиден, мен 5 күндүк тренингимдин катышуучулары менен иштегениме абдан кубанычтамын, анткени алар чындыгында кесиптик жашоосунда тренинг өткөрүп турган адамдар. Алардын ой-пикирин угуу, алар менен турмуштан конкреттүү мисалдарды талкуулоо абдан кызыктуу болду. Аларды абдан тынчсыздандырган жана алар жооп издеп жатышкан суроолорго ой жүгүртүп, талкуулап, жооп табуу үчүн белгилүү бир убакыт өткөрдүк. Менин милдетим бул талкуунун структурасын камсыз кылып бири-бирибиз менен сүйлөшүүгө, талкууга башкаларды тартууга жана ар кимге өз оюн айтууга мүмкүнчүлүк түзүү болчу».
“Биз бул тренингди бир топ убакыттан бери пландап жүрдүк. Кыргыз журналистикасын өнүктүрүүгө кызыкдар, ТОТни өткөн соң башкалар менен бөлүшүүгө даяр эксперттердин тобун түзүп, окутууга дасыккан жана күчтүү тренер караштырдык. Көпчүлүгүңүздөр бир топ убакыттан бери көп эле тренингдерди өткөрүп, өз тажрыйбаңар менен байма-бай бөлүшүп келе жатасыздар. Биз өткөргөн ТОТ сиздин мындан аркы ишмердүүлүктөрүңүздү жаңы ыкмалар жана инструменттер менен толуктайт деп ишенем” – деди Кыргызстандагы Интерньюстун директору Назик Чекирова.
Негизи эле тренингдин басымдуу бөлүгү практикалык сабактарга арналган, мында катышуучулар өздөрүнүн иш чөйрөсүнөн кыска окутуучу ырааттуулуктарынын үстүндө иштешти, өздөрүнүн тренингдин алкагында даярдалган билим берүү сессияларын өткөрүштү жана тренерден кайтарым байланыш алышты.
Мындай окутууда алар өзүлөрүнүн тренер катары ишмердүүлүгүнө баа берүүгө мүмкүнчүлүк берди.
Аскер Сакыбаева:
“Абдан пайдалуу, кызыктуу, эсте каларлык окуу болду. Тренингди кандай өткөрүүнүн кызыктуу формаларын үйрөндүк. Билбегенибизди билип алдык.
Мурда жасап жүргөн бирок эмне экенин так аныктай албаган иштерди аныктап алдык. Тренер Эвалдас Рупкус баамчыл, сезимтал адам экен.”
Алмаз Ысман:
“Сонун ТоТ болду! Абдан жемиштүү, кызыктуу, жаңычыл. Бардык сессиялар жакты. Беш күн кандай өткөнүн билинбей деле калды, себеби беш күн кызыктуу жана интерактивдүү болду. Менин жеке тренердик тажрыйбамды жаңыртуу үчүн ушундай ТоТ абдан жетишпей жаткан эле.”