“КРда шайлоо алдындагы дискурста кастык тили”  медиамониторингинин 2-чыгарылышы

 

Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектебинин эксперттери  Кыргыз Республикасында АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттигинин (USAID) каржылоосунда Интерньюстун "Медиа-К" долбоорунун колдоосу менен 2021-жылдын 29-сентябрынан 15-ноябрына чейинки “КРда шайлоо алдындагы дискурста кастык тили”  медиамониторингинин 2-чыгарылышын сунуштайт.                                                                                                                      

 

 

1-диаграмма. Медиамониторингдин эки аралыгында талданган материалдардагы кастык тилинин тренддеринин түрү, %.

 

Бул аралыкта эксперттер келе жаткан шайлоо жөнүндөгү материалдар боюнча  талдоого алынган аралыкта 66 онлайн-ресурста, анын ичинде Facebook, Twitter Instagram жана You Tube группаларынын форумдарында жана жеке баракчаларында жайгаштырылган колдонуучулардын контентин  изилдешкен.  

Катталган кастык тилинин динамикасын талдоо изилдөөнүн мурдагы жолкусуна салыштырмалуу бир аз (+1,5%) өскөндүгүн  байкаган.

Эгерде өткөн медиамониторинг аралыгында алар сегиз болсо, мунусунда – он. Эксперттер шайлоо алдындагы дискурска троллдордун кайра “кайткандыгын” белгилешкен, ал бул отчётто ачык билдирүүнүн белек түрү катары талдоого алынды.

Троллингде бир жыл мурдагы парламенттик үгүт маалында жана өткөн жылдын декабрында жана 2021-жылдын январында өткөн президенттик мөөнөтүнөн мурда шайлоолордо документтештирилген окшош нарратив, араздаштыруучу  тил, клишелер, тоналдуулук жана коннотациялар аныкталды.

 

Изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча бул факт троллдордун мурдагы эле командасы иштеп жаткандыгынан кабар берет. Алар башка ник алганы менен алардын билдирүүсү көбүнчөсү мурдагы эле кептик чабуул коюп жүргөн персоналарга багытталган.

Октябрь жана ноябрдагы билдирүүлөрдө оппоненттерге карата адамгерчиликсиз метафораларды колдонуунун деңгээли түштү. Бирок кастык тили башка – этникалык, гендердик жана тилдик категорияларга жогорулаган.

Жыйынтыктардын ичинде ЖМКнын мурдагы жылкы парламенттик кампанияга караганда активдүүлүгүнүн төмөн болгондугу байкалды. Ал убакта медиа чөйрө партиялар жөнүндө маалыматка, альтернативдик  материалдарга каныккан эле, ал эми интернет-форумдар эркин талкууларга бай болчу.

 

Парламенттик шайлоо тууралуу маалыматтардын астындагы көптөгөн жаңылыктар ленталарына комментарийлер же жарыяланбай, же ылганып, катуу модерациядан өтүүдө. Интернеттеги пикир лидерлери да өтө активдүү эмес жана этият болушууда, бул алардын контентинен байкалды.

Бул аянтча бир топ тарыды жана журналисттер менен кээ бир колдонуучулардын өзүн цензуралоосу, чектөөсү бар  экендигин изилдөөчүлөр байкаган.

Балким бул талапкерлердин сынына бийликтин реакциясына, ошону менен катар талапкерлерге “өзүнүн сөзүнө жооп берүүсү”  жөнүндө эскертүүсүнө байланыштуудур».

Медиа мониторингдин бардык аралыктарынын жыйынтыгы  боюнча сунуштамаларынын пакети шайлоодон кийинки финалдык отчётто жарыяланат.

Ал эми аралыктагы этапта эксперттер саясий каршылаштарды, ар кандай идеологияларды жана диний уюмдарды сындоо талкууларда тыюу салынбашы керектигин, бул плюрализмдин жана сөз эркиндигинин эл аралык укуктук стандарттарынын алкагына жатаарын эске салат.    

 

  медиамониторингинин 2-чыгарылышы
Бөлүшүү