«Шайлоо алдындагы дискурста кастык тили. Сентябрь-2020» аттуу төртүнчү отчет жарык көрдү

 

№4 чыгарылыш - бул Кыргызстандагы алдыдагы парламенттик шайлоо туурасында дискурста тандалган интернет-басылмалардын жана социалдык тармактардын онлайн-контентиндеги кастык тилине уланып жаткан көп тилдүү мониторинг жүргүзүүнүн жана талдоонун  жыйынтыгы болуп эсептелет.

 

Отчет БАдагы Тынчтыкты орнотуу жана медиа технологиялар мектеби тарабынан КРдагы Интерньюстун Медиа-К долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул басылма Америка Кошмо Штаттарынын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) аркылуу Америка элинин жардамы менен ишке ашырылды. Басылманын мазмуну үчүн Борбор Азиядагы Тынчтыкты орнотуу жана медиатехнологиялар мектеби жооптуу жана ал USAID-дин, Америка Кошмо Штаттарынын Өкмөтүнүн же КРдагы Интерньюстун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

 

 

 

Жыйынтыктары 2020-жылдын 8-сентябрынан 20-сентябрына чейинки онлайн-басылмалардан жана колдонуучу контентинен кыргыз, орус жана өзбек тилдериндеги документтештирилген материалдардын талдоосунун натыйжасы болуп саналат. 

 

Көрсөтүлгөн убакыт аралыгында 65 онлайн-медиада жайгаштырылган, жарыяланган жаңылыктар алдындагы форумдардагы, Facebook, Twitter жана Instagram топторундагы жана персоналдык аккаунттардагы аныкталган 1 132 материал (алар кийинки эсептерде 100% деп алынган) изилденип чыккан.   

 

Талдоого талапкерлердин, саясий партиялардын ММКда жана интернеттеги сүрөттөлүшү, бул персоналар сөзгө алынган шайлоо маселелери боюнча талкуулар кирди. Эксперттердин көңүл чордонунда ошондой эле медианын аял-талапкерлерге болгон мамилесинин, алардын ар кыл платформалардагы онлайн талкуулардагы репрезентативдүүлүгүнүн изилдөөсү турду.   

 

Талдоого кастык тилин камтыган оригиналдуу контет, комментарийлер, анын ичинде онлайн-чөйрөдө коомдук пикирди калыптоого кандай болсо дагы таасир эткен троллинг мүнөзүндөгү пикирлер алынды. Буга чейинки изилдөө аралыгындай эле, медиалар өз платформаларында алардын редакциялык саясатына же веб-баракчанын тиги же бул партияга же талапкерге болгон көз карашына жараша түрдүү жаңылыктарды жана макалаларды жайгаштыргандыгы белгиленди.

 

Мониторинг жүргүзүлгөн  мезгил аралыгында эксперттер жасаган биринчи жыйынтыгы – бул ММКларда аял-талапкерлердин сүрөтү аларга карата кастык тилинин колдонулганына карабастан, эркек-талапкерлер менен катар жетишээрлик тең салмакталгандыгы. Бул буга чейинки изилдөө аралыгы менен салыштыруудан көрүнүп турат, мисалга, июлдан тартып август айынын ортосуна чейин аял-талапкерлер туурасында дээрлик жаңылык кезикпей же кезиксе да алар стереотиптүү мүнөздө болгон.

 

Экинчи жыйынтыгы – саясий партиялардын өкүлдөрү ортосунда дебаттардын ММКларда жана интернеттеги берүүсү башталгандан кийин ачык дикурста тилдик сабырсыздыктын өсүшү. Онлайн-талкуулардагы көптөгөн пикир калтыруучулар үчүн кыргыз тилин билүү маселеси дебаттардын өзүнөн да маанилүү келген. Комментарийлеринде алар өз оюн орус тилинде билдирген талапкерлерди жемелешкен. Айрым учурларда талкуунун катышуучулары талапкерлердин этникасына өтүшүп, эмне себептен кимдир бирөө мамлекеттик тилде эмес, расмий тилде жооп берип жаткандыгын аныктоого аракеттенишкен. 

 

Бул изилдөө аралыгы шайлоо алдындагы кампаниянын активдүү баскычына туш келди. «Бүтүн Кыргызстан» жана «Кыргызстан» эки саясий партиясы Боршайком менен болгон сотту утуп чыгып, шайлоого катышууга укук алышты. Буга чейин Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы документтерди тапшыруудагы жана талапкерлер тизмесин калыптоодогу бузууларга шилтеп, бул саясий бирикмелерди шайлоодон четтетип койгон. БШКнын соттон эки партияга утулушу коомдо Боршайкомдун ишмердүүлүгү жана анын көз карандысыздыгы туурасында талкуу жаратты. Бир ММКлар шайлоо комиссиясынын соттордон утулгандыгын бийликтин калыс жана адилет шайлоо өткөрүүсүнүн көрсөткүчү деп жазып, башкалары Боршайком чечимдери саясий мүнөздө болгондугун жана ведомствого көз карандысыздык жетишпей келет деп сын көз карашта болушту. 

 

 

Интернет-колдонуучулары (46%), буга чейинки мониторинг аралыгындай эле (бул жылдын 15-июлунан 7-сентябрына чейин) кастык тилин жайылтуучулар тобунда алдыңкы орунду ээлешкен, себеби пост жана визуалдуу контент түзүсүнөн тышкары алар жек көрүү мүнөзүндөгү сөздөрдү камтыган маалымат менен бөлүшүп келишкен – деп белгиленет изилдөөдө.

 

   

Кыргыз тилинде толук отчет

 

 
Бөлүшүү