Кален Сыдыкова – кыргыз журналистикасына өзгөчө чыйыр салган публицист. Эгемендиктин алгачкы жылдары ал гендердик курч көйгөйлөрдү ачык жазган. Аялдардын турмушуна арналган аңгемелери өзүнчө жыйнак болуп чыккан. Учурда Китеп палатасында иштейт.
“Журфакка эки жыл өтпөй калгам”
– Кален айым журналистика факультетин 43 жыл мурда аяктаган экенсиз. Ал кезде бул кесипке окуган кыздар аз болгон дешет.
– Ал кезде журналистика факультетине өтүү оор болчу. Мен эки жолу тапшырып, экзаменден кулап калгам. Эки жылдык эмгек стажыңа, гезит-журналга чыккан материалдарыңа караган катаал талаптар бар эле да. 1978-жылы бул талаптар жокко чыгып, мектепти жаңы бүтүп келгендер да кабыл алына баштады. Ошол жылы үчүнчү жолу окууга тапшырып өтүп кеттим.
Деканат эки группа ачып, иш тажрыйбасы барларды өзүнчө, мектепти жаңы бүтүп келгендерди өзүнчө бөлгөн. Биздин группада кыздар бар болчу, берки группада жигиттер көбүрөөк эле. Топчугүл Шайдуллаева (Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу), Фатима Абдалова (акын) менин группалаштарым, үч жыл жатакананын бир бөлмөсүндө жашаганбыз.
– Сиз менен окуган кыздардын баары журналист болдубу?
– Журналист болуп иштөө кыргыз аялзаты үчүн кайсы учур болбосун оңой эмес. Аны өз жон терим менен сезгем. 3-курста турмушка чыктым. Ал кезде үй табуу кыйын эле, батирден батирге көчүп кыйналдык, бирок окууну таштаган жокмун. Сессия учурунда группалаш кыздар экзамен тапшыргандан кийин үйгө барып, баламды алып калышчу. Мен шашып университетке кетчүмүн.
Жакындарыңан, айланаңдан моралдык колдоо болбосо, балалуу кыз-келиндер үчүн окууну улантуу, иштөө кыйын. Анткени турмуштун, тириликтин өз жолу бар. Кийин мени менен чогуу окуган кыздардын көбү башка кесипке өтүп кетишти. Арасында аябай таланттуулары да бар эле.

– Журналисттерге союз маалында жумуш табуу оор болчу дешет. Сиз дагы иш издеп кыйналдыңыз беле?
– Окууну бүткөндөн кийин иш издеп, какпаган эшигим калган эмес. “Мектеп”, “Кыргызстан” басмаларына чейин баргам. Үйдө отуруп бук болуп, бирдемелерди чиймелейм. Кыргызстандын биринчи секретарынын жардамчысы Курман Мусаев менен жолдошум тааныш болчу. Ал киши абалымды уккандан кийин “Партия тарых институтуна барсын, орун табылды” дептир.
Бир редактордун орду бошогон экен, ошол жакка жумушка кирдим. Ал жерде эң жаш кызматкер мен элем, азыр ойлосом, институт мага чоң мектеп болуптур. Саясат таануу, тарых, мамлекеттик түзүлүш тууралуу ошол жерден окудум, публицист катары такшалдым десем болот.
ЦКны дүрбөлөңгө салган макала
– Ошол институтта иштеп жатканда Лениндин томун сындаган турбайсызбы?
– Кайра куруу жылдары “Лениндин 5-чыгарылыштагы 55 томун 20га чейин кыскартуу керек, бул эмгек эскирди” деп гезитке макала жазгам. Анан ызы-чууну көрүп ал. Институтта иштеген эркектердин эң кичүүсү 50 жашта болчу. Ортого алып “КПСС БК сенин уруксатыңды сурашы керекпи?” деп аябай кызаңдашкан. Анан 1938-жылы репрессия болгон чоң атам Сыдык тууралуу маалыматты таап чыгышты.
“Ишке киргенде кулактын кызы экениңди жашырыпсың, партиядан чыгаралы” дешти. Бирок мен партияга мүчө эмес элем. Институттун парткому Ишенгүл Болжурова болчу. Ал коммунист эмес экенимди тактады. Андай болсо “мындан ары унчукпай жүрсүн” деп кайра партияга кабыл алышкан.
– Жазуучулар союзуна эрте мүчө болгон экенсиз, анда дагы эркек акын-жазуучулар катуу каршы болгонун бир маегиңизден окудум эле.
– Мен Жазуучулар союзуна да, Журналисттер союзуна да 25 жашымда мүчө болгом. Ал кезде экөөнө тең каалагандын баарын эле кабыл алчу эмес. Комиссиянын мүчөлөрү Бакай Сексенбаев, Асанбек Стамов, Жалил Садыков ж.б. акын-жазуучулар менин гезиттерге жазган макалаларымды окуп жүрүшчү экен. Алар кабыл алгандан кийин айрымдар “жаш кызды эмнеге мүчө кылдыңар?” деген экен, анын баарын кийин уктум.
“Аялдар көргөн кордук айтылчу эмес”
– Ошол кезде аялдар үчүн карьера жасоо кыйын беле?
– Бизде аялга биринчи тоскоолдук үй-бүлөсүнөн болот экен. Ысымдарын атабай эле коеюн, Союз кезинде деле маданият жаатында жүргөн эжелердин айрымдары кызганычтын курмандыгы болушту. Күйөөсү көгала кылып ургандарды көрдүм. Үйүндөгү кордук аз келгенсип, айрымдары жумушунан бут тосууга кабылган.
Ошол кезде жетекчилердин көбү эркектер эле, көзү түшүп калган аялга тийишип, сексуалдык зомбулук көрсөтүшкөн. Аялга ал мамилеси жагабы же жакпайбы, үй-бүлөсү бузулуп жатабы эсепке алынган эмес. Кокус аял моюн толгоп, укугун талашса, куугунтукка алынган. Артынан ушак-айың тарап, ак жеринен күйүп, ажырашып кеткендер болгон. Көп аялдар мындай кысымга каршы арыздана албай, жабылуу аяк жабылуу бойдон калчу.
– Гезит-журналдар аялдарга карата зомбулук тууралуу жазчу эмес беле?
– Тилекке каршы, зомбулукка байланыштуу темалар көп жазылчу эмес. Ал кезде эркек дагы, аял дагы коомдук жумушта иштечү да. Гезит-журналдарда эмгек тууралуу макала, баяндар басымдуу болчу. Кыз-келиндер үчүн басылмаларда деле “баланча тонна кызылча жыйнаган” колхозчулар тууралуу материалдар басылчу. Ал кезде деле аялынын башы-көзүн жарып, өлтүрүп койгон учурлар болчу. Система андай кылмыштарды ачыкка чыгарчу эмес да.
– Мезгилдүү басма сөздө болбосо да көркөм адабиятта зомбулукту сындаган чыгармалар жазылыптыр. Сиздин “Насыя нике” деген китебиңиздеги аңгемелерден улам айтканым…
– Мен Жумгалда, айылда чоңойдум. Бала кезде бозого тоюп алып аялын сабаган агаларды көп көрдүм. Жеңелер биздин үйгө качып келип, керебеттин алдына жашынып калышчу. Күйөөлөрү биздикинде экенин билип турса да, ата-энемен жазганып үйгө кире алышчу эмес. Кээде токмок жеген келиндер даттанып келишчү. Атам айылда кадырлуу киши эле, аялын урган инилери соолугуп, актанып атса ачуусу келип, таяк менен жон талаштыра чапкан учурлар болгон. Кийин ошол образдын баарын чогултуп, аңгеме кылып жаздым да.
Депутаттар Сыдыкованы эмнеге сотко берген?
– Өзүңүз журналисттик ишмердигиңизде тоскоолдукка кабылдыңыз беле?
– Мен анча-мынча тоскоолдукту, бут тосууну тоготпогон адаммын. Бирок эгемендиктин алгачкы жылдары парламент депутаттары менен соттошком. 1996-жылы Асылбаш Качкыналиев деген псевдоним менен гезитке макала жазгам (тилекке каршы, Кален Сыдыкова иштеген гезиттердин көбү архивде сакталбай калган экен – авт.).
Ошондон кийин мени депутаттар Кубатбек Байболов, Рахат Ачылова, Жолборс Жоробеков, Өмүрбек Текебаев, Ишенбай Кадырбеков сотко берген. Жолборс Жоробеков автор мен экенимди билгенде эле арызын кайтарып алган. Рахат Ачылова да “орозо айында кечирдим” деп койгон. Байболов, Текебаев менен да элдешкенбиз. Билимдүү, өз позициясы бар эл өкүлдөрү басымдуу кез эле.
Ишенбай Кадырбеков менен гана бир жылдай соттоштум. Ал киши парламентте Токон Шайлиеванын чыпалагын сындырып койгон. Шайлиева бюллетень ачтырып, Башкы прокуратура иш козгоптур. Ошол документти, эки депутаттын ызы-чуусун камерага тартып алган оператордун дискин тапкам. Эки далил менен соттон утуп чыккам десем болот.
– Соттошуу журналисттин нервин, убактысын алат эмеспи. Экинчи чети чоң сабак алат дешет…
– Мен соттошкондо журналисттер тууралуу мыйзамдар чийки экенин түшүнгөм. Баарын окуп чыккам да. Кайпактатып үстүрт жазылып, журналисттин милдети эле болбосо, укугуна маани берилбептир. Ошол жылдары журналисттерди коргогон адвокаттар да жок болчу. Кийин пайда болду көрүнөт.
– Азыр деле журналисттерди сотко сүйрөп, камаган учурлар болуп жатпайбы. Бул көрүнүшкө кандай баа бересиз?
– Сын, альтернативдүү көз караш болбосо коом өнүкпөйт да. Коомду безге сайып, ойготкон – бул журналисттер. Факел кармап чуркаган спортчудай айлананы чындыгы менен жарык кылып турушат. Журналисттер болбосо, журналисттердин оозу жабылса ким чындыкты айтат, ким коомду агартат?
– Ошол 90-жылдары “Республика” гезитинин редактору Замира Сыдыкова соттолбоду беле. Ошондо аял журналисттер ага тилектештик билдирди беле?
– Замира Сыдыкованы көбүнчө орус тилдүү журналисттер колдоп жазышкан. Кыргыз тилдүүлөрдөн “Асаба” гезити гана жазып турду. Мен аны бошотууну өтүнгөн кайрылуу каттарына кол коюп жаттым, ал үчүн мага эч ким эч нерсе деген эмес. Кыргыз журналисттеринде ошол кезде эле тилектештик жок болчу. Жанынын тынчын көздөп, кол коймок турсун, унчукпай отургандар да болгон.
“Патриархалдык коомдо аял журналисттердин болушу маанилүү”
– Өткөндө архивден эски гезиттерди аңтарып отуруп, сиздин дарегиңизге жазылган какшыктарды көрүп калдым. Кесиптештериңиз менен келишпестик эмнеден чыкты эле?
– Эгемендик алгандан кийин эркин гезиттер чыга баштады да. Айрымдары сенсация кууп, таанымал аялдардын аброюна шек келтирип, жеке жашоосуна, келбетине чейин асылууга өтүштү. “Пайшамба” сыяктуу басылмаларда кыргыз аялдарын уйга теңеп, мазактаган макалалар чыгып кеткен. Ошондо эркек журналисттерди катуу сындап жазгам. Алар мага түз жооп кайтарышкан жок, бирок ошентип какшык менен согуп жүрүштү. Анткен менен аялдарга мурдагыдай асылбай калышкан.

– Сиз ошол жылдары өзүңүз дагы “Чар тарап”, “Периштем”, “Асылзат” деген гезиттерге мурда кыргыз коомунда айтылбаган жабык темаларды жазып турчу экенсиз го.
– “Чар тарап” бир жылдай гранттын эсебинен чыгып токтоп калган. Анда негизинен демократия тууралуу айтып турчубуз. Берки гезиттерге кыргыз коомундагы жабык темаларды жаздым. Жөн эле жаза бербей, маселенин илимий, медициналык жагына токтолчумун. Албетте аларды көпчүлүк эркек замандаштар туура кабыл алган эмес. Үйгө барсам, жолдошум урушат. Кайын-журт, төркүндөрүм бир жактан “жөн эле койбосуңбу” дешет. Бирок мен журналистмин да кайсы тема болбосун жазышым керек, ишимди уланта бердим. Андан тышкары белгилүү аялдардын тагдырына көп кайрылдым. Ошол макалалардын көбү кийин “Замандаштар” деген китебиме кирди.

– Коомдо гендердик теңсалмактуулукту орнотуу үчүн журналистикада кыз-келиндердин болушу маанилүү дешет. Бирок бул көз карашка кошулбагандар да бар…
– Негизи адамдын акыл-эси, таланты эркек-аял деп бөлүнбөйт. Ген ата-энеден уулга да, кызга да бирдей өтөт. Мен башынан эле журналисттерди бөлбөйм. Бирок көчмөндөр илгери патриархалдык-феодалдык түзүлүштө жашаган да. Эркектин образы биздин элдин аң-сезимине багуучу, коргоочу катары сиңип калган. Ошол түшүнүктүн туткунунан ушул күнгө чейин чыга албай келебиз. Эркектерге артыкчылык берип, башкаруучу кызматтарга аялдарды көп жолоткубуз келбегени дагы ошондон.
Биздикиндей патриархалдык коомдо аял журналисттердин болушу маанилүү. Анткени алар эне-бала, укук, социалдык маселелерге кылдат карашат. Айрыкча балдардын, кыз-келиндердин укугу бузулганда энелик туюм менен күйүп-бышат, жабырлануучуну чын дилден коргойт. Эркектердин көбүндө андай сезим боло бербейт, айрымдары маселени үстүрт эле жазып коюшу мүмкүн.
– Аял журналисттер эмнеге көңүл бурса деп ойлойсуз?
– Аял журналисттер көбүрөөк окуп, тарыхка, укукка, саясатка көңүл бурса деп ойлойм. Ошондо гана ал коомдогу көйгөйдү жеткиликтүү түшүнөт, маселени тереңинен ачат. Көшөрүп иштеп, кайсы тема болбосун алып кеткен универсал журналист болушу керек.

– Азыркы журналисттерге кандай баа бересиз?
– Менин байкашымча, айрым журналисттер калыстыктан тайгандай. Талаштуу маселеде бир жакты гана угуп, экинчи жакты унутта калтыруу журналисттин плюрализмине туура келбейт. Көбүнө билим жетишпейт. Анан калса азыр блогерлер да жайнап кетти. Алар көп учурда бир жактуу маалымат таратат, анын айынан журналисттер жаманатты болуп калууда. Эл кимдин ким экенин айырмалай албаган чалкеш заманда жашап жатабыз. Бирок көч бара-бара түзөлөт, кыргыз журналистикасы жаңы деңгээлге чыгат деп ишенем.
– Азыр деле аялдар тууралуу аңгемелерди жазып жатасызбы?
– Аялдарга качан болбосун жан тартам. Бирок жашым 66га келип калды. Ушул кезге чейин 800дөй макала жазыпмын, 25 китептин авторумун. Азыр артымда бир нерсе калсын деп тарыхка кайрылып, салмактуу темалардын үстүндө иштеп жаткан кезим.
Санжи Туйтунова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.