“Суроо берген адам” тасмасы Кытайда өткөн кинофестивалда мыкты режиссура үчүн сыйлык алды
Blue Planet («Көк планета») илимий-фантастикалык тасмалардын 4-фестивалы 2022-жылдын 30-декабрында онлайн өтүп, негизги сынактын жана питчингдин жеңүүчүлөрү аталды.
“Суроо берген адам” («Ask») тасмасы аталган фестивалдын мыкты режиссура үчүн сыйлыгын алды.
Антиутопия – илимий-фантастикалык баяндоонун маанилүү түрү. Бул учурдун образын талкалаш үчүн абсурддуу жана эки жүздүү социалдык тамсилди беллетризация кылуу болуп саналат.
«Бул илимий-фантастикалык тасма – жылдын сейрек антиутопиялык илимий-фантастикалык шедеври.
Режиссер дүйнөнүн абсурддуулугуна өспүрүмдүн көзү менен карап, образдын кайталангыс эстетикасын көрсөтүп, түшүнүктүү, бирок ошол эле кезде абсурддуу социалдык көрүнүштүү көрсөттү жана аны мыкты ансамбль драматургиясы жана мизансценалары менен толуктады”, - деп айтылат тасманын аннотациясында.
Сыйлыктын ээси Blue Planet премиясынын тапшыруу аземинде аталып, бул тууралуу маалымат расмий түрдө 2022-жылдын акыркы күнүндө жарыяланган.
Ага чейин “Суроо берген адам” («Ask») тасмасы кезектеги тандоо раундунан өтүп, негизги сынактын 12 финалистинин тизмегине киргени белгилүү болгон.
Антиутопия-тасманын режиссеру Назайбек Сыдыков бул өтө мыкты фестиваль экенин жана ал тасманы көрсөтүүгө, курамы күчтүү жюринин баасын алууга жакшы мүмкүнчүлүк берээрин белгилейт.