Кино тили боюнча курсу катышуучуларын жаңыча фильм жаратууга шыктандырды

Монтаждоо иштери.    

Кыргызстандагы Интерньюс уюуму социалдык жактан маанилүү контент түзүү боюнча долбоордун алкагында кино тили интенсивдүү окутуу курсун аяктады.

Курстун окутуучусу Илья Томашевич 20 катышуучуга күн сайын Бишкектин көчөлөрүндөгү жана Ысык-Көлдүн жээгиндеги айылдардын бириндеги жашоо-турмушту тартуу менен өздөрү үчүн дүйнөнүн көп түрдүүлүгүн ачып, практикадан өтүүгө мүмкүнчүлүк берди.

 

Катышуучулар кино тили, монтаж, жарык жана үн менен иштөө тууралуу окутуунун алкагында алган билимдерин колдонуп, жаңы жанрды жаратууга аракет кылып көрүштү. Командаларга практикалык тапшырмалар боюнча ой жүгүртүү, жекече кеңештер берилди. Окутуу курсунунун натыйжасы катары бир нече катышуучулар автордук фильм тартууга ниеттенүүдө.

Иш учуру.

 

Киномектептин соңунда катышуучулар чакан тасмаларды жаратышкан.

 

 

 

Курсунун катышуучуларынын арасында тажрыйбалуу кинорежиссерлор да, кино тармагына жаңыдан кадам таштагандар да бар, алар  алган тажрыйбалары тууралуу пикирлери менен бөлүшүштү:

Окуу тасманынан кадры.

 

Айбек Дайырбеков, кинорежиссер, сценарист, продюсер киномектебине катышуу учурунда аң сезиминде жаңылануу болгонун андыктан, ал өзүнүн чыгармачылыгынын жаңы форматын ачканын белгилейт.

 

 

- Көптөгөн жаңы идеялар пайда болду. Эски идеяларды кайрадан карап, талдап чыктым. Фильм тартууга жана сценарий жазууга даярдык көрүүгө белсенип жатам.

Менин оюмча, киномектептин катышуучулары бул тармактагы адистердин “жаңы толкунун”жаратышатдеп күтсөк болот ... кыргыз киносунда көп нерсе өзгөрүшү керек, - деди ал.

 

 

Дастан Боркошев,  графикалык дизайнер: “Киномектебиндеги практика ага мээсиндеги калыптанып калган шаблондордон арылып, фантазиясында пафосторду азайтууга жардам берди”,- дейт.

 

- Кийинки фильм көбүн эсе документалдуу болуш үчүн, мен чыныгы реалдуу жашоодогу көрүнүштөрдү алууга аракет кылам. Ал эми бийик нерселерди метафоралар менен, башкача түшүндүрүп, көрсөтсө болот.

 

 

Жанайым Ашимова, режиссер. Курстун жардамы менен билимин жана түшүнүгүн кеңейткенин, келечекте кинопроекттерди чогуу жарата турган досторду жана мыкты адистерди тапканын айтты.   

 

- Биз ар дайым татаалдаштырууга, чоң нерсени ойлоп табууга аракет кылабыз, чындыгында, бардык нерсенин мааниси жөнөкөйлүктө экен. Мен эч нерсени татаалдаштырбастан, күн сайын биздин турмушта болуп жаткан жөнөкөй нерселерди тартууга аракет кылуу керек экенин түшүндүм.

 

"Ала-Тоо" Эл аралык Университетинин журналистика факультетинин студенти Айгүл Аринова:

“Илья Томашевич мага кинону башка жагынан көрүүгө жардам берди, эми кино тилин түшүнүп баштадым”,-дейт.

 

Даныш  Акылбеков - Москва университетинин студенти ал атайын Илья Томашевичтин курсуна катышуу үчүн Бишкеке учуп келген, айтымында бул курс ал күткөндөн да ашып түшкөн.

 

 

- Биздин окутуучубуз “чек араларды” кеңейтүүгө жана биздин жашоодогу эң жөнөкөй чөйрөнү өзгөчө "кинематографиялык" башкача айтканда, көркөм кылып көрүүгө жардам берет. Бул курс менин киного болгон, биздин өлкөгө болгон көз карашымды өзгөрткөн бурулуш болду, эми биз чындыгында үлкөн индустрияны кура алабыз деп ойлойм.

 

 

Курс жөнүндө дагы башка катышуучулардын пикирлерин кененирээк төмөндөгү видеодон көрө аласыз:

 
   
Бөлүшүү