Медиасын. Атасынын баласы эми жалгыз эмес

Кинорежиссер Дастан Мадалбековдун «Атасынын баласы» кыска метраждуу тасмасы жарык көргөндөн көп өтпөй эле эл аралык эки сыйлыкка татыды. Жакында Испанияда өткөн эл аралык ZINEBI кинофестивалында UNICEF сыйлыгын жана Россияда өткөн Шериктеш мамлекеттердин IV Эл аралык «Москвадагы премьера» кинофестивалында бай байгени утту.

 

Тасмада жалгыз бой атанын тарбиясындагы жеткинчек бала. Акыркы кезде дарексиз кеткен атасын күткөн баланын кусалыгы. Тасманын аягында ата кайтып келет. Бирок, жалгыз эмес.

 

16 мүнөткө сыйдырылган «Атасынын баласы» кыска метраждуу тасма – чыныгы жашоонун бир үзүмү: ыдыраган үй-бүлөлөрдүн тагдыры, турмуштун жаш балдарга берген ачуу сабактары. Башкы жаш каарман –Бакыттын баеолугу, ошону менен бирге эле өз алдынчалуулугу көрөрманды тасмага жипсиз байлайт.

 

Ролдорду аткаргандар: Улукбек Тимурланов, Данияр Жанжигитов, Эльмира Тагаева, Гүлнара Сатарова ж.б. Актерлордун чебер аткаруусу менен тасма жандуу жана ынанымдуу чыккан.

 

Тасмада ата-баланын күнүмдүк жашоосу жеткире сүрөттөлгөн. Жатаканадагы жупуну жашоо: эскилиги жеткен чолок парда; дубалда илинген гезит, сырт кийимдер; такыр жыйылбаган жердеги төшөнчүлөр. Баланын тамакты идишке куйбастан кострюлдан ичип жатканы да өп-чап тириликтин далили сыяктуу.   

 

Ал эми көчөдө өспүрүм балдарды кууп келип, чоңдор колдорун кайрып алып кеткен кадрлар баланын кара күч басымдуулук кылган коомдо жашап жатканын көрсөтөт.

 

Эгер, оператордук жана калыптоо иши боюнча айтса: кадрлардын алмашуусунда динамика аз, мисалы, бала мектепте ыр айтып жаткандагы 50 секунддай бир ракустагы картина коюлган. Көз ирмем сайын картина алмашып турган видеолорго көнгөндөр тасманы аягына чейин көрбөшү толук ыктымал.

 

Жарык менен иштөөдө да айрым дал келбестиктер байкалат: ата-бала машинеде самса жеп отургандагы кадрда көз байланган кеч күүгүм болсо, андан кийинки кадрларда кыйла жарыгыраак учур тартылган. Бирок, баланын колундагы көк баштыктан жана тестиерлердин диалогунан улам окуянын ыраатын түшүнүп алууга болот.

  

Кульминациясы. Аягында баланын зарыга күткөн атасы түн жамынып кош бойлуу жаңы жубайын ээрчитип келет. Сагыныч, күтүү ызасы жуурулушкан ата-баланын күрөшү менен тасма аяктайт.

 

Фильмди бир дем менен көрүүгө болот. Эми бала атасынын курсакта келген башка баласын кантип кабыл алат экен деген ой көрөрмандын ички туйгусун ойготору анык. Атасынын баласы эми жалгыз эмес…

 

Тасма жан дүйнөнү козгоп, көргөндү кайдыгер калтырбайт.

 

Гүлзат Газиева

Бөлүшүү