КР Жогорку соту 16-июлда эле тараптардын катышуусуз «Клооп Медиа» коомдук фондусун жоюу боюнча акыркы чечимин кабыл алган.
Жогорку сот бир ай чечими тууралуу маалымат берген эмес. Фонддун юристтери ал тууралуу 22-августта гана билишкен, алардын телефон чалууларына Жогорку сот көңүл бурбай, чечимдин көчүрмөсүн бербей келген.
«Клооп» чечим кабыл алынгандан кийин эмне үчүн юристтер жана фонд ал тууралуу дароо кабардар кылынбаганын билүү үчүн Жогорку сотко сурам кат жөнөттү. Жогорку сот журналисттердин катына азырынча жооп бере элек.
«Клооп Медианын» адвокаты Фатима Якупбаеванын билдирүүсүндө, жакында фонду жоюу жана банктык эсептерин жабуу жараяны башталышы мүмкүн.
«Клоопту» негиздегендердин бири Ринат Тухватшин: «эмне болгон күндө да «Клооп» ишин уланта берет. Бизди жоюу боюнча соттук иш башталгандан тартып коомдук тармактагы колдонуучуларыбыздын саны кыйла өстү. Бизди жок дегенде бир кыргызстандык окуй турган болсо биз эң терең журналисттик иликтөөлөрүбүздү, эң тең салмактуу жаңылыктарыбызды жана курч колонкаларыбызды чыгара бермекчибиз», – деп билдирди.
Иштин таржымалын бул жерден билсеңер болот:
Кыргызстандык жана эл аралык бейөкмөт уюмдар, укук коргоочулар жана медиажамаат «Клоопту» коргоп чыгышкан. Алар Кыргызстандын бийлигин доо арызды артка кайтарып алууга, журналисттерди куугунтуктоону жана сөз эркиндигине кысым көрсөтүүнү токтотууга чакырышкан.
«Клооптун» кыргыз жана орус тилиндеги сайттары бөгөттөлүп келет, аларды VPN аркылуу окуса болот. Ошондой эле интернет-басылманын жаңылыктары анын коомдук тармактардагы баракчаларына жайгаштырылып турат.
Булак: