Бишкекте Жамааттык ЖМКлар бирлиги үчүн эки күндүк тренинг өттү

Аймактык редакциялардын жана Жамааттык ЖМКлар бирлигинин (ЖЖМКБ) борбордук студиясынын журналисттери смартфондо ар түрдүү платформалар үчүн контент жаратуу боюнча окутуулардан өтүштү.

Мындай тренингдер Кыргызстандагы Интерньюстун “Медиа-К” долбоорунун негизги өнөгү катары ЖЖМКБга институциялык колдоо көрсөтүүнүн алкагында өткөрүлдү.

Тренингден кийин беш редакциянын кызматкерлери көндүмдөрүн жакшыртып, бүт өлкө боюнча 30 жаматтык студияларды бириктирген ЖЖМКБнын башка катышуучуларынын арасында тажрыйбалары менен бөлүшө беришмекчи.

 

КРдеги Интерньюстун офисинин тренерлери Исмаил Карыпов жана Карлыгач Карыпбек кызы мобилография жана Инстаграм үчүн кэпшн-видеону, стористи жана рилсти жаратуу боюнча сессияларды өткөрүштү.

ЖЖМКБнын кызматкерлери Тимурлан Мелисбеков жана Перизат Таштанова коомдук тармактар үчүн контенттин тематикасы жана визуалдык элементтер үчүн тексттин өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беришти. 

ЖЖМКБнын аткаруучу директору Назира Жусупова мурда кызматкерлери интернет-баракчаларында тексттик форматагы тексттерди гана жарыялап келгенин айтып, Инстаграмдын популярдуулугу уламдан улам өсүп, көрүүчүлөрдүн жана көрүүлөрдүн саны көп болгондуктан, жергиликтүү журналисттерди смартфонду колдонуп кыска, кызыктуу видеолорду тартканды үйрөтүү зарылчылыгы пайда болду дейт.

– Биз Инстаграм үчүн оригиналдуу видеолорду көбүрөөк жарата баштадык, билим берүүчу материалдарды даярдайбыз, сурамжылоолорду уюштурабыз. Ошондой эле аймактык тургундар суроолорун берип алсын деп жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилери менен стримдерди өткөрөбүз, фермерлер менен түз эфирлерди уюштурабыз, алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп турушат. Мындай көрсөтүүлөрүбүздү көргөндөрдүн саны көп болот, - деп айтып берди Назира Жусупова.

 
 
 
 
 
 
 
Посмотреть эту публикацию в Instagram
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Публикация от Кыргызстандагы жамааттык медиа (@jamaattyk_media)

   

Ал белгилегендей, аймактык аудитория айыл-чарба тематикасына, айрыкча, мал-чарбачылыкка көбүрөөк кызыгышат.

2023-жылы Кыргызстандагы Интерньюс негизги өнөктөрү катары аймактык кыргыз тилдүү онлайн-медиаларды: «T-Media, «Салам Медиа» жана ЖЖМКБны – Жамааттык ЖМКлар биримдигин колдоп келет.

Бөлүшүү