КРдагы Интерньюстун башкы шериги «Баластан» телеканалы жаңы студия ачты

«Баластан» балдар телеканалында жаңы студиянын салтанаттуу ачылыш аземи болуп өттү.

Бул жерде балдар жана өспүрүмдөр үчүн окутуучу, маалымат арттыруучу жана кызыктыруучу берүүлөр кыргыз жана орус тилдеринде эфирге даярдалмакчы.

 

«Баластан» телеканалынын командасы балдар үчүн үч жаңы долбоор тартуулоого даяр.

 

Кыргызстандагы Интерньюстун директору Элина Каракулова белгилегендей, телеканалдын эмгекчил жамааты алдыга озуп, телеберүүчүлөр арасында лидер болуп калууда.

Долбоор Интерньюстун кеңешчиси Жанна Шегайдын катышуусунда мүмкүн болду, ал балдар аудиториясынын өзгөчөлүктөрү туурасында олуттуу изилдөө даярдаган.

 

Студия техникалык жабдууга ээ болуп, ошондой эле Интерньюстун KРдагы USAID колдоосундагы  «Медиа-К» долбоорунун артынан балдар берүүлөрүн өнүктүрүү стартегиясын иштеп чыгуусунда жардам алды.

   
  фото: Бекзат Жеенбеков.      
Бөлүшүү