Баткендеги “Салам” радиосуна жаңы FM толкун таркаткыч жабдыгы тапшырылды

 

Кыргыз Республикасындагы АКШ Элчисинин билим берүү жана маданият боюнча кеңешчиси Миранда Липион иш сапарынын алкагында Баткендеги “Салам медианын” студиясына барды.

 

Ал редакциянын иши менен таанышып, Баткен облусундагы радиоберүүлөрүнүн сапатын жакшыртуу үчүн радионун командасына FM толкун таркаткыч жабдыгын колдонууга Сертификат тапшырды.

 

“Салам медиага” техникалык колдоо USAID уюмунун каржылык колдоосу менен Кыргызстандагы Интерньюс ишке ашырып жаткан “Медиа-К” долбоорунун алкагында көрсөтүлдү.

 

Ошондой эле Миранда Липион “Салам Медиага” интервью берди.

Бөлүшүү