“Умтулуу-2020” сыйлыгы менен журналисттерди сыйлоо аземи онлайн өтөт

 

Кыргызстандагы Интерньюс журналисттердин кесиптик жаатындагы көптөн күткөн “Умтулуу-2020” улуттук сыйлыгы менен сыйлоо аземи

5-декабрда Бишкек убактысы менен саат 14.00дө өтө тургандыгын кубанычы менен билдирет. 

Орун алган эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Сыйлоо аземи Zoom платформасында онлайн-форматта өтмөкчү.

Бул жылы эл аралык калыстар тобу авторлордун жана чыгармачыл топтордун сынактык иштерин алты номинацияда караштырды:

 

 «Бийлик жана коом»

 «Тынчтык жана ынтымак»

  «Балалыкты коргоо»

  «Маданият жана агартуу»

  «Кол кабыш кылуу мезгили»

  «Аракеттеги адам»

“Темага берилгендиги үчүн кесиптештери тарабынан таанылуусу” аттуу жетинчи атайы номинациясында адам укуктарын чагылдыруу темасы аныкталды.

       

Бул номинациянын жеңүүчүсү медиакоомчулук тарабынан Сыйлоо аземине чейин бир жума аралыгында социалдык тармактарда добуш берүү жолу менен тандалат.

Быйыл биринчи жолу “Аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө кошкон салымы үчүн Таиржан Турсуналиев атындагы” атайы сыйлык берилмекчи.

Кесиптешибиз Таиржан Турсуналиев жөнүндө кененирээк бул жерде.

 

“Умтулуу-2020” сыйлыгын тапшыруу аземине 5-декабрда 13 саат 50 мүнөттөн тартып Zoom-конференцияга шилтеме аркылуу катталып катышууга болот.

Кыргызстандын кесипкөй журналистикасы жаатындагы “Умтулуу-2020” улуттук сыйлыгын тапшыруу аземи

Убакыты: 2020-жылдын 5-декабры, Бишкек убактысы менен 14:00

Zoom-конференцияга шилтеме:

https://internews.zoom.us/j/98479892390?pwd=YzlCVDJBd1JIeWFnQjBBaEtHRitxQT09

Meeting ID: 984 7989 2390

Passcode: 614722

Сыйлоо аземи Facebook соцтармагында www.facebook.com/Internews.Kyrgyzstan баракчасында түз берүүдө көрсөтүлөт.

Сынак туурасында кененирээк бул жерден көрүңүз.

Кошумча суроолор жаралган учурда сынактын уюштуруучу комитетинин өкүлү Элима Жапаровага [email protected] почтасына кайрылууга болот.

“Умтулуу” сынагы АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) тарабынан каржыланган жана Интерньюс тарабынан FHI360 менен өнөктөштүктө ишке ашырылып жаткан Кыргызстандагы көз карандысыз медиаларды өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү “Медиа-К” долбоорунун алкагында уюшулган. 

     
Бөлүшүү