Журналисттер үчүн Борбордук Азиядагы V сынакка материалдарды кабыл алуу жараяны башталды
Internews 2023-жылы, MediaCAMP программасынын алкагында жыйынтыктоочу Award сынагын өткөрөт. Эгер Борбор Азиялык сынакка материал бере элек болсоңуз, бул сиз үчүн мүмкүнчүлүк.
Биз кесиптик сынактарга сөзсүз катышуу керек деген ишенимдебиз — кесиптештердин баалоосу өз ишине, чыгармачылыгына жана жеке өзүнө жаңы көз караш менен кароого мүмкүндүк берет.
Биринчи жылы MediaCAMP Award сынагына 470 материал келип түшкөн, алардын ичинен мыктысын тандоо үчүн көп эмгек жана күч аракет жумшалган; оор пандемия болгон 2020-жылы 314 материал келген; ал эми 2021 — жылы — 690 журналисттик жумуш келсе, былтыр 821 материал катышкан.
Көрүнүп тургандай, сынактын популярдуулугу күчөп, атаандаштык өсүп, жеңишке жетүү жагымдуу боло баштаган, ал эми калыстар тобу материалдардын сапаты барган сайын жогорулап жатканын белгилешкен.
Иштин жыйынтыгын чыгарып, баалоого убакыт келди- биздин команда журналисттер үчүн MediaCAMP Award 2023 аймактык сынагына өтүнмөлөрдү кабыл алууну ачык деп жарыялайт.
Сынакка Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандан материалдарды берүүгө болот.
Көз карандысыз же мамлекеттик ЖМКдан. Редакциянын да, өзүңүздүн атыңыздан да — эгер сиз коомдук маанилүү контенттин автору же журналист, фотограф, видеограф болсоңуз; штаттагы же штаттан тышкаркы кызматкер болсоңуз.
Ар кандай форматтагы жана жанрдагы (орус жана улуттук тагыраагы — казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек, каракалпак тилдеринде) 2022-жылдын 1-июнунан 2023-жылдын 19-февралына чейинки (кошо алганда) аралыкта өлкөлөрдүн биринде көз карандысыз же мамлекеттик медиаларда жарыяланган материалдар кабыл алынат.
Шашпаңыз-мыкты материалды жана ылайыктуу номинацияны тандаңыз.
Бирок кечиктирбеңиз — өтүнмөлөрдү кабыл алуу мөөнөтү 2023-жылдын 31-мартына чейин.
Өтүнмө берүү үчүн формалар ушул күнү Бишкек убактысы боюнча саат 23:59да жабылат.
Тапшыруудан мурун сынактын шарттарын кылдат окуп чыгыңыз!
ЖОБОНоминацияны туура тандаңыз. Эгер сиз туура эмес тандоо жасасаңыз, биз өтүнмөнү карай албайбыз жана аны башка категорияга өткөрө албайбыз.
MediaCAMP Award сынагында башка эрежелер да бар: мисалы, ага чет элдик маалымат каражаттарынын журналисттери катыша алышпайт. Биз кайсы медианы чет элдик деп эсептейбиз?
*Көп берилүүчү суроолорго жооптор 2021-жылы жазылган. "Жылдын темасы" номинациясы өзгөртүлдү.
Катышуу үчүн төмөнкүлөр керек:
- шарттары менен таанышыңыз,
- материалды тандаңыз,
- номинацияны аныктаңыз,
- Сынакка берилген ар бир материал үчүн өзүнчө табыштама толтуруңуз (ар бир номинация үчүн шилтемелер-төмөндө),
- материалды сынакта колдонууга уруксат берген катка кол коюңуз жана тиркеңиз. Ансыз өтүнмөнү жөнөтүү мүмкүн эмес. Шаблонду бул жерден жүктөп алууга болот.
Калыстар тобу ишти баалай турган номинациялар:
- "Түшүнүү мезгили" (өтүнмө берүү),
- "Жеңүү мезгили" (өтүнмө берүү),
- "Жаратуу мезгили" (өтүнмө берүү),
- "Жаштардын доору" (өтүнмө берүү),
- "Жылдын темасы. Убакыт жана акча" (өтүнмө берүү),
- «Заман алаканга салгандай: сүрөттөр, карикатуралар, иллюстрациялар»: (өтүнмө берүү).
Сынактын финалисттери июнь айында Казакстандын Алматы шаарында өтө турган MediaCAMP Fest сынагына чакырылат.
Жакын арада Internews инфосессияларды өткөрөт, анда номинацияларды тандоо, өтүнмө берүү тууралуу кененирээк маалымат берип, катышуучулардын бардык суроолоруна жооп берет.
Онлайн жолугушуу жөнүндө маалыматтар өзүнчө жарыяланат.
2022-жылы сынак узак тыныгуудан кийин жандуу жолугушуу түрүндө төртүнчү жолу өттү. Эгер сизге сынак 2021-жылы кандай өткөндүгү кызык болсо, бул жерден көрүңүз шилтеме, 2020-жылдын жеңүүчүлөрү жөнүндө — бул жерде ал эми 2019-жылкы сынактын жыйынтыгы — бул шилтемеде.
Бардык суроолор боюнча [email protected] дарегине (теманы көрсөтүү менен: "MediaCAMP Award 2023 сынагы боюнча суроолор") жазыңыз же+7 771 701 3838 (Telegram, WhatsApp аркылуу) номерине байланышыңыз.
Сынак АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) колдоосу менен Борбор Азиялык MediaCAMP программасынын алкагында ишке ашырылууда.