Журналисттердин MediaCAMP Award 2021 регионалдык сынагына эмгектерди кабыл алабыз

 

Эгерде сиз журналист же коомдук маанилүү контент жаратуучу болсоңуз...

Эгерде сиз Борбордук Азиядагы: Казакстандагы, Кыргызстандагы, Тажикстандагы, Түркмөнстандагы же Өзбекстандагы мамлекеттик же жеке менчик ЖМКда штатта же штаттан тышкары иштесеңиз…

Эгерде сиздин жеке медиадолбооруңуз болсо…

Эгерде сиз мыкты репортаж тартып, же кызыктуу окуя жазган болсоңуз…

Анда сиз Борбордук Азиядагы журналисттер үчүн MediaCAMP Award 2021 сынагына сөзсүз катышууңуз керек.

 

Биз, Internews жамааты, өтүнмөлөрдү кабыл алуу башталганын кубануу менен кабарлайбыз.

 

Сынак үчүн 2020-жылдын 1-июнунан тартып 2021-жылдын 20-майына чейин өлкөлөрдүн бириндеги көз карандысыз же мамлекеттик маалымат каражаттарында жарыяланган каалаган форматтагы жана жанрдагы (орус жана улуттук тилдерде - казак, кыргыз, тажик, түркмөн, өзбек) материалды жөнөтө аласыз.

 

 

Тартынбаңыз! Эмгегиңизди жөнөтүңүз. Шашпаңыз, мыкты материалыңызды жана ылайыктуу номинацияны тандаңыз.

Бирок кечеңдетпеңиз – кабыл алуу 2021-жылдын 1-июлунда саат 23:59да аяктайт.

 

Өтүнмө тапшыруудан мурун сынактын шарттарын кылдат изилдеп чыгыңыз! Бул номинацияны туура тандоо үчүн зарыл.  Эгер сиз тандоодо жаңылышып калсаңыз, биз өтүнмөнү карай албайбыз же башка категорияга көчүрө албайбыз.

MediaCAMP Award өзгөчөлүгү бар: ага чет элдик ЖМК журналисттери катыша албайт. Кайсы медианы биз чет элдик деп эсептейбиз?

 

 

 

 

 

 

 

 

Бардык жооптор шилтемеде (шарттарга шилтеме бул жерде).

               

Катышуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- шарттары менен таанышуу,

- материалды жана номинацияны тандоо,

- өтүнмөнү толтуруу (ар бир номинация боюнча шилтемелер - төмөндө),

- материалды сынакта колдонууга уруксат катка кол коюп, тиркөө. Ансыз өтүнмөнү жөнөтпөңүз.

 

Үлгүсүн бул жерден жүктөөгө болот.

 

Калыстар тобу материалды төмөнкү номинациялар боюнча баалашат:

 

 

Өткөн жылы сынак кандай өткөнүн билгиңиз келеби, анда шилтемеге өтүңүз, ал эми MediaCAMP Award 2019дун жеңүүчүлөрү – бул жерде.

 

Эгерде сиз бир нерсени тактагыңыз келсе, [email protected] дарегине жазыңыз («MediaCAMP Award 2021 сынагы боюнча суроо» деген тема менен) же +77717013838 номерине (Telegram, WhatsApp) кайрылыңыз.

 

MediaCAMP Award 2021 сынагы АКШнын Эл аралык Өнүктүрүү Агенттигинин (USAID) колдоосу менен MediaCAMP Борбордук Азия программасынын алкагында өткөрүлүп жатат.

 

Бөлүшүү