Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоору жыл сайын медиа уюмдар жана контент өндүрүүчүлөр үчүн гранттык сынактарды уюштуруп келет.
Гранттардын максаты – улуттук жана аймактык аудитория үчүн сапаттуу жергиликтүү контентти көбөйтүү.
Сынактарга тасма жана жана медиа контентти жаратуучулар, анын ичинде чыгармачыл топтор, продакш-студиялар, ошондой эле жеке менчик жана мамлекеттик ЖМКлардын, онлайн басылмалардын журналисттери жана продюсерлери катышып келишет.