Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү жергиликтүү тургундарга өлкөдө, аймакта жана дүйнөдө болуп жаткан окуяларды жакшылап түшүнүүгө, ошондой эле бул процесстер жалпы коомго жана өзгөчө алардын өздөрүнүн жашоосуна кандай таасир тийгизерин баалоого жардам бере турган жогорку сапаттагы контент жаратууга гранттык сынак жарыялайт.
CARAVAN долбоорунун алкагында контент түзүү конкурсу боюнча маалыматтык сессиясынын өткөрүү датасы өзгөрдү.
Маалыматтык сессия 2024-жылдын 24-июнунда Zoom платформасында онлайн өтөт, башталышы саат 11.00. Катталууга шилтеме төмөндө.
Сынак Интерньюс тарабынан Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен ишке ашырылып жаткан «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоорунун алкагында өткөрүлүүдө.
Долбоор Борбордук Азия өлкөлөрүндө 2024-жылдын 1-апрелинен тарта ишке ашырылып келет.
Көз карандысыз калыстар тобу жалпы бюджети 60 миң евро болгон кеминде эки эң мыкты долбоорду тандайт. Ар кандай темадагы оригиналдуу контенттин кеминде 30 бирдигин чыгаруу үчүн бир гранттын суммасы 30 миң евродон ашпашы керек.
Интерньюс колдоого алынган долбоорлордун санына жараша гранттын көлөмүн төмөндөтүүгө болгон укугун сактайт.
Интерньюс сынактын жеңүүчүлөрүнө насаатчылык программасына катышуу, онлайн жана оффлайн форматтарында кыска мөөнөттүү резиденция, тренингдер аркылуу потенциалын жогорулатуу үчүн техникалык эксперттик колдоо көрсөтөт. Ошондой эле, өнөктөштөр медиа-эксперттерден, анын ичинде рынокто финансылык туруктуулугун чыңдоо боюнча дагы кеңештерди алышат.
Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 10 ай, долбоорлорду ишке ашыруунун күтүлүп жаткан башталышы 2024-жылдын август айынын ортосу.
Ким катыша алат?
Сынакка жергиликтүү көз карандысыз ЖМКлар, продакшн студиялар жана башка контент жаратуучу кызыкдар тараптар (блогерлер, фрилансерлер, журналисттер ж.б.) катыша алат.
Маанилүү шарт: өтүнмө ээси жергиликтүү мыйзамдарга ылайык мыйзамдуу каттоодон өтүшү керек (ЖЧК, ЖИ, КФ, КУ ж.б.).
Биз кандай долбоорлорду күтүүдөбүз?
Интерньюс төмөнкүдөй долбоорлордон өтүнмөлөрдү алууну күтөт:
- өлкөдөгү, аймактагы жана дүйнөдө болуп жаткан окуялар жөнүндө сапаттуу жана ишенимдүү контентке жетүүнү кеңейтүүгө багытталган;
- дезинформацияга жана фейк жаңылыктарга каршы күрөшүүгө, алардын мүнөзүн жана максаттарын түшүндүрүүгө багытталган;
- адамдардын ар кандай социалдык топторунун ортосундагы жек көрүүчүлүккө жана жек көрүүчүлүктү тутандырууга каршы аракеттенүүгө багытталган;
- тынчтыкты орнотуу/колдоо жана толеранттуулукту өнүктүрүү идеяларын бекемдөөгө арналган;
- ар түрдүү аудиториялардын ортосундагы диалогго көмөктөшүү жана бул жамааттардын ичиндеги көйгөйлөрдү чечүү жолдорун табууга жардам берүүчү долбоорлорду;
- маанилүү геосаясий процесстерди, анын ичинде аймакка жана өлкөгө таасирин тийгизген согуштарды жана жаңжалдарды чагылдыра турган долбоорду;
- жалпы баалуулуктар жөнүндө талкууларды жандандыруу, калктын арасында жарандык активдүүлүк үчүн укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган;
- сөз эркиндиги, адам укуктары, гендердик жана теңчиликтин башка формаларын колдоочу;
- айрыкча коомдо калыптанып калган стереотиптерге каршы чыгуу аркылуу аялдардын жана башка аялуу же маргиналдашкан топтордун маселелерин чагылдыруучу;
- аймактагы экологиялык темаларды, климаттын өзгөрүү маселелерин жана сууну пайдаланууну чагылдыра турган долбоорлорду;
Долбоорлор төмөндөгүдөй жанрларда/форматтарда көрсөтүлүшү мүмкүн:
Интерньюс ар кандай жанрларда жана форматтарда контент түзүүнү сунуш кылган өтүнмөлөрдү кабыл алат:
– аналитика,
– журналисттик иликтөөлөр;
– билим берүү, оюн-зоок жана окутуу материалдары;
– сатира,
– көркөм контент (клиптер, кыска метраждуу көркөм тасмалар, социалдык роликтер),
– баяндоо,
– фактыларды текшерүү,
– документалистика,
– интервью,
– ток-шоу ж.б..
Өтүнмөнү даярдоо жана берүү этаптары:
- Сынактын жүрүшү жана анкетаны жана бюджетти кантип толтуруу керектиги тууралуу маалыматтык сессияга катышыңыз (толук маалымат төмөндө).
- Анкетаны (шилтемеде) жана бюджетти (шилтеме) толтуруп, документтердин толук пакети менен [email protected] электрондук дарегине«CARAVAN. Контент өндүрүү боюнча сынак – Кыргызстан» темасын жазып 2024-жылдын 10-июлунан кечиктирбестен Бишкек убактысы боюнча 23:59га чейин жөнөтүүгө үлгүрүү абзел.
- Өтүнмөлөр кыргыз же орус тилдеринде кабыл алынат.
Кошумча маалымат:
Гранттык каражаттар эмгек акысын төлөөгө, материалдарды чогултуу боюнча иш сапарларга, контентти өндүрүүгө жана түзүлгөн контентти илгерилетүү боюнча пландарды ишке ашырууга байланышкан операциялык чыгымдарга, жабдууларды жарым-жартылай модернизациялоого жумшалышы мүмкүн.
Документтердин пакети толук болгон гана өтүнмөлөр кароого кабыл алынат (анкетадагы документтердин толук пакетинин тизмесин караңыз).
Интерньюс бир же бир нече документтери жок долбоордук өтүнмөлөрдү карабай коюуга укуктуу.
Мелдештин этаптары:
Биринчи этап: долбоордук сунуштарды техникалык тандоо (документтердин толук пакетинин болушу, сынактын талаптарына шайкештиги).
Экинчи этап: сынактын максаттарына эң туура келген долбоордук өтүнмөлөрдү тандоо (кыска тизме).
Үчүнчү этап: тандоонун экинчи этабынан өткөн долбоордук командалардын (финалисттердин) долбоордун идеясын көрсөтүү менен питчинги.
Төртүнчү этап: питчингдин жыйынтыгы боюнча жеңүүчү командаларды жарыялоо. Көз карандысыз калыстар тобу сынактын жеңүүчүлөрүн жана резервдегилерди аныктайт.
Мелдештин жыйынтыгы:
Жеңүүчүлөрдүн тизмеси 2024-жылдын август айында жарыяланат. Жеңүүчү командаларга долбоорду жыйынтыктоого жана акыркы бюджетти түзүү үчүн бир жума убакыт берилет.
Тандоо критерийлери:
- жергиликтүү мыйзамдарга ылайык юридикалык каттоонун болушу (ЖИ, ЖЧК, КФ, КУ ж.б.);
- кеминде бир жылдык контентти өндүрүү чөйрөсүндөгү мурунку тажрыйбасы (команданын негизги мүчөлөрүнүн тажрыйбасы эске алынат);
- иш портфелинин болушу, анын ичинде команданын айрым мүчөлөрүнүн тажрыйбасы;
- документтердин толук пакетинин болушу (тизмени анкетадан тапса болот);
- идеянын кайталангыстыгы, оригиналдуулугу, креативдүүлүгү жана жаңычылдыгы;
- долбоордук өтүнмөнүн сынактын жарыяланган темаларына шайкештиги;
- кеңири аудиторияга жеткиликтүүлүгү (контенттин максималдуу камтылышын жана жайылышын камсыз кылуу);
- даярдалган контенттин (мазмун бирдиктеринин) 70%дан кем эмеси мамлекеттик тилде болууга тийиш;
- CARAVAN долбоорунун алкагындагы бардык окуу иш-чараларына активдүү катышууга команда мүчөлөрүнүн макулдугу;
- долбоорду ишке ашыруу үчүн зарыл болгон техникалык базанын болушу;
- сапаттуу журналистиканын кесиптик жана этикалык стандарттарына так таянуусу.
Төмөнкү долбоорлорго артыкчылык берилет:
- улуттук жайылтуу чегин камтыган каналдарды колдонуу;
- мамлекеттик тилдеги контентти кеңири жайылтуу;
- башка жергиликтүү тилдерге контент даярдоо жана/же ылайыкташтыруу;
- ар кандай маалымат таркатуу каналдарын же форматтарын колдонуу;
- өлкөдөгү жана Орто азиядагы массалык маалымат каражаттарын керектөө тенденцияларына ылайык келген.
Маалыматтык сессия:
2024-жылдын 24-июнунда саат 11.00дө Интерньюс маалыматтык сессиясын өткөрөт, анда сиз сынактын шарттары менен көбүрөөк таанышып, сизди кызыктырган суроолорду бере аласыз.
Талапкерлер Zoom платформасында онлайн маалыматтык сессиясына кошула алышат. Маалыматтык сессиясына катышуу үчүн шилтеме аркылуу онлайн катталыңыз.
Дагы эле суроолоруңуз барбы?
Биз менен байланышыңыз! Суроолоруңузга [email protected] электрондук почтасы аркылуу жооп берүүгө даярбыз. CARAVAN. Контент өндүрүү боюнча сынак – Кыргызстан» деген тема сабын колдонуңуз.
Гранттык сынак Европа Биримдиги тарабынан каржыланган «Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу (CARAVAN)» аймактык долбоорунун алкагында өткөрүлөт.