Элет элинин назары азыр түрк сериалдарында
Тууганчылап айылга барып, бир канча күн туруп калдым. Кеч киргенде үйдөгүлөрдүн баары саат 22:00 башталчу түрк сериалдарын күтүшөт экен. Балдар “Зейнеп” көрөм дешсе, апалары “Сейранга” котор дешет. Талаш бир топко созулуп кээде балдар, кээде чоңдор жеңет. Сериал башталганда дээрлик бардык иш токтойт. Эки сыналгы болсо жакшы, балдар өзүнчө, чоңдор өзүнчө бөлүнүп кетишет.
Бир кездери кыргыз коомчулугу бразилиялык “Клон” сериалын ушинтип күтүп көрүшчү. Бирок ал орус тилинде чыгар эле. Азыр эми элеттиктерге түрк сериалдары кыргыз тилине которулуп тартууланууда.
Эмнеге түрк сериалдарын элет эли күтүп көрүп жатат? Түрк сериалдары кыргыз коомчулугуна эмне берип жатат? Расмий медиалар сериалдарды кыргыз тилине которуу менен кандай пайда таап жатышат? Бул жолу мен ушул суроолорго жооп издедим.
“Бир серияны которууга 27 миң сом жумшалат”
ЭлТР мамлекеттик телеканалы 2020-жылдан баштап түрк сериалдарын которууну колго алган. 4 жыл аралыгында 9 көп сериалуу тасма кыргызчаланган. Алардын эң азы 30, узагы 200 бөлүмдөн ашат. Алгачкы жолу которулган 206 сериялуу “Жеңил ой” тасмасын көрүүчүлөр жакшы кабыл алып, телеканал үчүн жакшы контент болуп берди дейт, “Элфильм” котормо студиясынын продюсери Ныязбек Абдыразаков. Ошондон кийин жетекчилик котормону улантууну чечкен.

– Фильмде биздин менталитетке туура келбеген эпизоддорду кесип алып тазалап, кыргыз көрүүчүлөрүнө ылайыктап бергенге аракет кылабыз. Башка жагы, азыр шаардын жашоосун көрбөй туруп эле, тоонун башынан түз эле Москвага, Европага кетип жатпайбызбы. Чет элдик фильмдер ошол аймактын маданияты, жашоо шарты кандай экенин тээ айылда жашагандарга жеткирип, көрсөтүп жатат. Шаар маданиятын теле аркылуу үйрөнүп жатышат. Бул менимче жакшы көрүнүш.
“Элфильм” котормо студиясында 17 адамдан турган команда иштейт. Айрымдары профессионалдуу актерлор, бир бөлүгү телеканалда иштеген журналисттер. Алар котормодо аткарган жумушуна жараша кошумча гонорар алышат. Сериалдарды которууга кеткен чыгаша толугу менен мамлекеттик казынадан бөлүнөт. Жалпы 2,5 сааттык тасманын кыргыз тилине которулуп эфирге даяр болуусу үчүн 25 миңден 27 миңге чейин акча жумшалат.
– Эгерде ушул эле ишти жеке студиялар кылса 3–4 эсе кымбатка түшөт. Биз телеканалдын чөнтөгүнө ылайык келген бааны иштеп чыкканбыз. Мамлекеттик телеканал болгон үчүн кыргыз тилинин өсүп-өнүгүшүнө салым кошуп атасыңар деп, мамлекет каржы бөлүп берип жатат.
“Элфильмде” түрк сериалдарын кыргызчалап жаткан Самара Баатырбек кызы которууну студент кезинде эле баштаган. Ал сериал которуу түрк тилин улам терең түшүнүүгө шарт түзүп жатканын, ага улай туруктуу киреше булагына айланганын айтып берди:

– Азыр кирешемдин 80 пайызы фильм которуудан түшөт. Практика жаатында да аябай чоң тажрыйба топтосоң болот. Учурда кыргызчаны кандай шар сүйлөсөм, котормо менен жүргөндө түркчөнү да ошондой шар сүйлөп калат экенсиң. Грамматикасын, башка жагын ойлонбой туруп эле мээңде сөздөр токулуп баштайт. Сөз байлыгың кеңеет экен. Түркчөдөн которуп бер деген башка суроо–талаптар да болуп жатат. Мисалы миграцияга кетип жаткандар деле кайрылышат. Адабияттан алыс болгону үчүн айрым документтерди которуу кыйыныраак. Ошентсе дагы болушунча жардам берем.
“Түрк сериалдарынын арасына жарнама коюуну сунушташат”
ЭлТРден айырмаланып ОшТВ телеканалы сериалдарды демөөрчүлөрдүн каржылык колдоосу менен кыргызчалашат. Телеканалдын өздүк кызматкерлеринен эле атайын дубляж кылган топ түзүлгөн. Эгерде текст которулган болсо, бир серия бир күндө эфирге даяр болот. Түрк сериалдарын көбүнчө айылдарда көрөт деген телеканалдын жетекчиси Марат Акимбеков котормо телеканал үчүн жакшы контент болуп жатканын, бирок көрүнүктүү киреше булагы эмес экендигин белгиледи:

– Фильм кайсы бир өлкөнүн саясатын, куралдуу күчтөрүн, диний, улут аралык маселени козгобош керек, биздин аудиторияга тарбиялык мааниси болуш керек деген талаптарга таянып сериал тандайбыз. Сырттан демөөрчү таап, андан түшкөн акчаны кызматкерлерге кошумча гонорар кылып бөлүп беребиз. Өзбекстанда котормодон жакшы эле акча табышат. Анткени аларда аудитория кенен. Бизде салыштырмалуу телеканалга киреше деле түшпөйт. Ишкерлер жарнаманы сериалдын арасына коюп бергиле деп сушун беришет. Алар сунуштаган сумма бизге туура келсе, иштеше беребиз.
“Бир учурда төрт каармандын үнүн коштоого туура келет”
Түрк сериалдарында үн коштоо сырттан караганда оңой көрүнгөнү менен иш жүзүндө өтө майда, анан сабырдуулукту талап кылат. 6 жылдан бери үн коштоп, учурда ОшТВнын котормо студиясын жетектеп жаткан Бекзат Зарипбек уулу үндүн үстүнөн тынымсыз иштөө журналисттер үчүн үнүн ачып, темпти ордуна коюп алууга чоң пайдасын тийгизерин айтат:
– Бир учурда төрт каармандын үнүн коштогонго туура келет. Мен көбүнчө башкы каармандын образын жаратам. Мисалы 20–25 жаштагы баш каармандын үнү менен катар 65 жаштагы улуу муундагы каармандын үнүн коштоого туура келет. Үндү ойнотуу кыйын, бир–эки саат үн коштогондон кийин үнүң кадимкидей бүтүп калат. Эртеси үн чыкпай калган күндөр болгон. Кээде котормо студиясына кирип кетип, ушунчалык образга киргенде каарман менен кош ыйласа ыйлап, күлсө күлүп, ошонун жан дүйнөсүнө кирип кетесиң. Анан чыксаң эле, түн бир убак болуп кеткен болот. Бирөө телефон чалса жиниң келген учурлар болот, образдан чыгып кетпейин деп.

Түрк сериалдарын кыргызчалоо телеканалдар, андагы иштеген медиа кызматкерлери үчүн кошумча киреше, жаңы тажрыйба болуп жатканы талашсыз. Сериалдарды которуудагы жашыруун атаандашуу котормо жаатын улам жакшыртып жатканы да бышык. Ага улай түрк сериалдары аркылуу кыргыз көрүүчүлөрү түрк маданияты, каада-салты жана турмуш-тиричилиги менен жакындан таанышып жатышат. Жаштар арасында түрк тилине болгон кызыгуу күчөп, Түркияга иштеп же көчүп кеткендер улам көбөйүүдө. Бирок мунун ойлончу да жактары бар.
“Сериалдарды которууда кылдат мамиле кылыш керек”
Драматург, акын, тележурналист Жеңишгүл Өзүбекова телеканалдарды ата-мекендик сериалдары же кинолору менен толтуруу азырынча мүмкүн эмес экенин, ошондуктан айрым телеканалдар чет элдик сериалдарды, айрыкча түрк сериалдарын эфирге коюп жаткандыгын белгилейт. Сериал системалуу түрдө көрүүчүнүн аң-сезимине таасир этүү менен жетелеп алуучу нерсе экенин айткан драматург, телеканалдын жетекчилери эфир толтурууда кылдат мамиле кылыш керек деген пикирде. “Котормонун баары эле зарыл эмес, алтын эмес”, – дейт ал.

– Мисалы “Клон” деген сериал жүргөн. Ошондогу Жади деген башкы каарманды көрүп, бизде “жади” деген жоолуктар, кездемелер чыкты. Ошондой кылып жоолукту салынып жургөн жаштар чыкты. Ал эми кореялык сериалдардан кийин эркек балдардын баарында көзүн жапкан узун чач коюу модасы пайда болду. Муну мен терс таасир деп эле айта алам. Түрк сериалдарынын арты менен бизде түркчө аттар жапырт коюлуп жатат. Андан сырткары түрктөрдүн маданияты, салт–санаасы, кийинүү адаты, жашоо образы, керек болсо мимикасы бизге көчүп өтүп атат. Акырындык менен коомдун ичинде өзүнүн кыргыз экенин тангысы келген, кыргызга тиешелүү жашоо образынан баш тарткысы келген муун пайда болуп жаткан жокпу деген суроону ар бир кыргыз өзүнө бериши керек.
Түркия Америка жана Улуу Британиядан кийин дүйнөдө телесериалдарды экспорттоо боюнча үчүнчү орунда тураарын буга чейин The Economist басылмасы жазган. Аналитикалык компаниянын маалыматы боюнча, 2020–23-жылдар аралыгында түрк драмаларына дүйнөлүк суроо-талап 184 пайызга өскөн. 2023-жылы түрк сериалдарынын жаңы эң чоң үч импорттоочусу Испания, Сауд Арабиясы жана Египет болгон. Демек кыргыз эле эмес дүйнө коомчулугунун түрк киносуна болгон кызыгуусу күч.
Бирок канткен күндө да азыркы глобалдашкан заманда кыргыз элинин иденттүүлүгүн сактап калуу маанилүү. Бул жагынан алганда телеканалдарда, жалпы эле медиа тармагында улуттук баалуулуктарды жайылтуу жоопкерчилиги биринчи орунда турушу зарыл.
Кенжебү Маматсадыкова, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.