Аймактык лидерлер Бишкекте жолугушуп, жарым жылда кылган иштерин талкулашты жана аны ишке ашырууда кезиккен маселелери жана тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Эмки жылга планды түзүү тууралуу сөз кылышты.
КРдеги Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн директору Назик Чекирова талкуунун башындагы сөзүндө мындай ойлорун айтты:
– Бул пилоттук долбоор кыска убакыттын ичинде жакшы жетишкендиктерди көрсөтө алды. Биз аймактык журналисттер менен иш алып барууну улантмакчыбыз, билим берүү компонентин жана консолидациялоону күчөтөбүз. Акыркысы көз карандысыз медиалар башынан кечирип жаткан азыркы учурда өтө актуалдуу.
Ар бир аймактын лидери алты ай аралыгында журналисттердин биримдигин бекемдөө жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу максатындагы бир катар бейформалдуу жолугушууларды уюштурууну пландаштырган.
Беш ай аралыгында жалпысынан 42 иш-чара уюштурулуп, аларга 736 журналист жана пресс-катчы катышкан.
Алар аймактык журналисттердин көйгөйлүү маселелерине (журналистиканын этикалык жана кесиптик стандарттары) байланыштуу тегерек столдор, тимбилдингдер, пресс-турлар, ишембиликтер, семинарлар болду.
Талас облусунун “Талас байрагы” гезитинин редактору Кенже Бөдөшева Интерньюстун аймактык журналистиканы өнүктүрүү боюнча долбоору жакшы жыйынтыктарды бергенин айтты.
– Биз аймактык журналисттерибиздин башын бириктирүү боюнча бир топ биргелешкен иш-чараларды өткөрдүк. Алардын бардыгы жергиликтүү журналистиканы өнүктүрүүгө багытталган. Мисалы, мобилографинын негиздери боюнча журналисттерге окутууларды уюштурдук. Ал октуудан көптөгөн жергиликтүү журналисттер өтө алышты.
Талас журналисттери үчүн мобилография боюнча тренинг.
Ошондой эле Атай Огонбаев атындагы музыкалдык мектептин залында 20 фотосүрөтчүнүн фотокөргөзмөсүн өткөрдүк. Эки жума аралыгында миңдеген адам көргөзмөгө келип сүрөттөрдү көрө алышты.
“Азаттыктын” Нарын облусу боюнча кабарчысы Мирлан Кадыров жергиликтүү журналисттер биримдигинин лидери болду.
Анын айтымында, башында журналисттерди бир жерге чогултуп, аларды кызыктыруу жана бириктирүү чоң маселе болду. Бирок жарым жыл аралыгында Нарында ар түрдүү маселелерге, жетишкендиктерге арналган бир катар талкууларды уюштура алышкан.
Нарындагы журналисттер.
– Биз чогуу эс алууга жаратылышка чыгып келдик. БАУнун базасында жергиликтүү журналисттер үчүн англис тили, ал эми чет элдик студенттер үчүн кыргыз тили боюнча курстарды уюштурдук. Университетте коммуникация факультети иштейт, алардын жакшы техникалык базасы жана медиа жабдыктары бар, ошондуткан биз студенттер менен биргеликте бир катар иш-чараны өткөрүүнү пландап жатабыз, – дейт Мирлан Кадыров.
2023-жылы КРдеги Интерньюстун “Медиа-К” долбоору аймактык журналистиканын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүнү, жергиликтүү журналисттердин башын бириктирүү жана кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча иш-чараларды өткөрүүнү улантты.
Интерньюстун “Медиа-К” долбоору аймактарда иштеп жаткан журналисттер жана журналистикага жаңы эле кадам таштагандар чогулуп, жергиликтүү журналистиканын маселелерин талкулай алган аянтчаларды түзүүгө сынак өткөргөн болчу. Бул аятнчалар ошондой эле билим алмашууга, журналисттердин кесипкөйлүгүн жогорулатуу боюнча ар түрдүү демилгелерди колдоого көмөктөшмөкчү.
Сынактын жыйынтыгы боюнча ар бир облустан – Нарындан, Оштон, Таластан, Баткенден, Ысык-Көлдөн, Жалал-Абаддан – бирден журналист-лидер тандап алынган. Алар жергиликтүү кесиптештеринин эң чоң колдоосуна жетишип, өзүлөрүнүн кызыктуу идеяларын сунушташкан.