25-ноябрда Аялдарга карата зомбулукту жоюунун эл аралык күнү белгиленет. Ошондой эле жыл сайын 25-ноябрдан 10-декабрга чейин «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» деген аталыштагы эл аралык кампания өтөт.
«БУУ-Аялдар» агенттигинин маалыматы боюнча, 2023-жылы ар бир 10 мүнөттө бир аял интимдик өнөктөштөрү же үй-бүлө мүчөлөрү тарабынан атайылап өлтүрүлүп турган.
Ошондуктан, Гендердик зомбулукка каршы глобалдык 16 күндүк активдүүлүк кампаниясында UNiTE (БИРГЕ) кампаниясы «Ар бир 10 мүнөт сайын бир аял өлтүрүлөт. #noexcuse (#кечиримжок). БИРГЕ аялдарга карата зомбулукту токтотолу» деген ураан алдында аялдарга карата зордук-зомбулуктун коркунучтуу күчөшүнө көңүл бурдурат.
Ошол эле учурда,
КРдин Ички иштер министрлиги билдиргендей, 2024-жылдын жети айында Кыргызстанда 8965 үй-бүлөлүк зомбулук учуру катталган, бул өткөн жылдын ушул убактагы көрсөткүчүнөн 1622 учурга (22,1%га) көп. Бул тууралуу ИИМдин отчетунда айтылат.
Өткөн 2,5 жылда Кыргызстанда үй-бүлөлук зомбулук учурунда 34 аял каза болгон. Маалыматтар боюнча, 2024-жылдын биринчи жарым жылында өлүм менен коштолгон тогуз кайгылуу окуя катталган. Өткөн жылы 18 кыргызстандык аял үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон, ал эми 2022-жылы – 17.
Ошол эле учурда дүйнөдө аялдардын укуктарына терс реакциялар жайылып жатат. Антифеминисттик кыймыл күчөөдө, укук коргоочу жана активист аялдарга кол салуулар көбөйүүдө, кабыл алынып жаткан регрессивдүү мыйзамдар гендердик зомбулукка баргандардын жазаланбай калышына өбөлгө түзүүдө, көптөгөн өлкөлөрдө аялдардын укуктарына байланыштуу абал начарлоодо.
«БУУ-Аялдар» уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңсеси заманбап технологияларды колдонуу менен аялдарга каршы жасалып жаткан зомбулуктардын түрүн жана алардын көп учурашын түшүнүү максатында 13 өлкөдө изилдөө жүргүзгөн.
Изилдөөдө мындай зомбулуктун аялдарга таасири жана жардам берүүчү кызматтардын кызматына жетүү мүмкүнчүлүктөрү изилденди.
Заманбап технологияларды колдонуу менен аялдарга карата жасалган зомбулуктун эң көп кезиккен түрү – бул мазактоочу контент, аялдардын 40 пайызы ага дуушар болушат.
Андан кийинки орунда коомдук тармактардагы сексуалдык маанайдагы асылуу же уят контент турат. Ар бир төртүнчү аялдын аккаунттары же Интернеттеги веб-баракчалары талкаланган.
Ким менен сүйлөшкөнүн аныктоо максатында ар бир сегизинчи аялдын телефондук чалууларына, билдирүүлөрүнө жана постторуна байкоо жүргүзүлгөн.
Бул жылы «БУУ-Аялдар» уюмунун Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык кеңсеси аймактагы инфлюенсерлер менен биргеликте Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүктүн глобалдык кампаниясынын алкагында #HearHerStory (Анын окуясын ук) Аймактык кампаниясын баштоодо.
#HearHerStory (Анын окуясын ук) – таасирдүү адамдарды, блогерлерди, журналисттерди, активисттерди жана коомдук тармактардын колдонуучуларын гендердик зомбулукка каршы бириктирген сырткы демилге болуп эсептелет. Ал «БУУ-Аялдар» уюмунун Аймактык кеңсесинин платформасынын алкагынан чыгып, зомбулукка, басмырлоого, асылууга кабылган аялдардын үнүн күчөтүүгө, аларды #HearHerStory хештегин колдонуп окуяларын айтып берүүгө шыктандырууга багытталат.
Бул кампания тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден тапса болот.
Кыргызстандагы Интерньюс «Media-K» программасынын ар түрдүү долбоорлорун ишке ашырууда гендердик теңчиликке, аялдардын укуктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө көңүл буруп келет.
«Media-K» internews.kg сайтында өзүнүн жана өнөктөштөрдүн материалдардын жарыялоо аркылуу «Гендердик зомбулукка каршы 16 күндүк активдүүлүк» кампаниясына салым кошуп турат. Медиасынчылар ЖМКлардагы гендердик теңчилик темасы боюнча материалдарды даярдай беришмекчи.
Акындарга колдоо көрсөтүүгө багытталган «Билим Айтыш» долбооруна үч аял катышты. Кошумча аял манасчыларды жана акындарды долбоорго тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө. Бул, адатынча, эркектер басымдуулук кылган салттуу манасчылык жана акындык өнөрдө, мелдештерде аялдардын ролун көтөрүү үчүн маанилүү.
Быйыл КРдеги Интерньюс «Билим Айтыш» долбоорунун алкагында Улуттук “Манас” театры менен биргеликте “Тайтору” оюнун коюу боюнча чоң иш жасады. Манастын аялы Каныкейдин Тайторунун чабышына байланыштуу “Семетей” эпосундагы бул окуя аялзатынын эркектин жашоосундагы, элдин, мамлекеттин тарыхындагы маанилүү ролун эң сонун көрсөтөт.
Эпосто баяндалган заманда Каныкейдин бардык укуктары чектелгенине, баласын тарбиялаганга катыша албагандыгына карабай, ал уулу Семетейдин гана эмес, жалпы кыргыз элинин тагдырын өзгөртүү үчүн салттарга, үй-бүлөсүнө каршы чыккан.
Кененирээк бул жерден көргүлө:
https://internews.kg/tajtoru-spektaklinin-premerasy/
Быйыл Интерньюс Борбордук Азия өлкөлөрүндө «Борбор Азиялык медиалар гендердик стереотиптерге каршы» флешмобун жарыялады. Акция учурунда ар бир күнү Internews’тун коомдук тармактардагы баракчаларында #CAforWomen хештеги менен борбор азия элдеринин арасында кеңири тараган макал-лакаптардын гендердик стереотиптерге туура келиши боюнча талдоолор жарыяланып турат.
Талдоону жасалма интеллект жүргүзөт, ал эми гендердик адис өз пикирин айтып турат. Медиалар бул акцияга катышып, өз алдынча макал-лакаптарды талдоого алып, редакцияларынын баракчаларына жарыялай алышат.
Бул тууралуу кененирээк маалыматты бул жерден тапса болот: