Сүрөттүн автору Санжар Эралиев.
Кыргыз киносу акыркы жылдары чоң өсүштү көрсөтүп жатканы менен киножурналистиканын өнүгүүсү артта калууда. Басылмаларда жана каналдарда тасмаларды талдаган да программалар жок. Киножурналистикага кызыгуу байкалбагандыктан, бул тармак кыргыз медиасында боштук болуп турат. Муну кантип оңдосо болот?
Профессионалдык киносын жана талкуу коомдун маданий, интеллектуалдык өнүгүүсүндө маанилүү роль ойнойт. Аналитикалык серептер кинону жана анын коомго тийгизген таасирин түшүнүүнү тереңдетет. Тасмалар кесипкөйлүк менен талданбаса, анда көрүүчүлөр киноискусствосун жакшыраак түшүнүү жана баалоо мүмкүнчүлүгүнөн ажырайт. Андыктан, кыргыз медиасында киноталдоонун жоктугуна тынчсыздануу менен караганга негиз бар.
“Рамкага түшкөн көрсөтүү”
Кыргызстандагы башкы канал деп саналган Улуттук телерадиоберүү корпорациясында (УТРК) 2023-жылдын ноябрында эфирге чыга баштаган “Кинотеатр” программасы жарым жыл гана “жашады”. Анын токтоп калышынын себебин каналдын продюсери Алмаз Касымалиев мындай түшүндүрдү:
“Кинону жөн гана чагылдырбаш керек. Тасмалардын мааниси талдоого алынып, “улуттун, мамлекеттин келечегин канчалык көрсөтүп берүүдө?” деген суроолорго жооп изделиши зарыл. Биздин команда буга аракет кылды. Каармандар, жаңылануулар, каржылык мүмкүнчүлүктөр, мурдагы кинолор менен азыркылардын айырмасы жөнүндө маалыматтарды көрөрманга беришти. Бирок аягында бир стандартка, рамкага түшүп калган программа өңдөнүп калды. Бул темада жаңы өңүттө көрсөтүү даярдаш керек деп, аны токтоттук. Андай көрсөтүүлөр көркөм фильм жөнүндө тек гана маалымат таратпай, кинолорду анализдеп, анын мазмунун талдап берүүгө тийиш”.
УТРК киного арналган жаңы программаны качан баштай турганы азырынча белгисиз.
Аталган каналда бир канча жыл мурун улуттук кинолордун тарых-таржымалын талдаган “Кинобаян” деген көрсөтүү болгон. Кийин “Ош Пирим”, НТС сыяктуу башка телеканалдарда да ушуга окшош түрмөктөр даярдалган. Алардын баары мурда тартылган фильмдер тууралуу маалымат берүү менен чектелген.
“Азаттык” радиосунда 2010-2020-жылдар аралыгында “Тасма” деген рубрика бар эле. Анда жаңы чыккан кинолор жөнүндө маалыматтар менен тасманын таржымалына кеңири орун берилген. Радиого даярдалган баяндардын айрымдары сайтка жайгаштырылган.
“Клооп” жана “Спутник” басылмаларында кез-кезде киного байланышкан макалалар жарыяланат, бирок так бир фильмди талдаган материал же рецензия жок. “Супер Инфо” гезити да кино жөнүндө тез-тез жазат. Алар да талдоого эмес, тасманын сюжетине, анда ойногон актер\актрисалар жөнүндөгү маалыматтарга көбүрөөк орун берилет.
Мурдагы “Кинобаян” берүүсүнүн автору Рита Казиева киножурналистика кризисте деп эсептейт:
“Кыргыз медиасы киного толук көңүл бурбай жатат. Киножурналистика деген өзүнчө багыт катары окутулушу жана киносынчылар даярдалышы керек. Кинону баяндап, медиага алып чыга турган адистерге муктаж болуп турабыз. Мен ушул тапта кыргыз басылмаларында, телерадиоканалдарда кинону түшүнгөн адис жок деп кесе айта алам. Ошондуктан, киного байланыштуу материалдар жок, болсо да үстүрттөн жасалат. Дүйнөлүк кинону айтпай эле коёюн, улуттук кинолорго кызыккан журналист жоктой”.
Аудитория жана каржы маселеси
Журналист Эрнист Нурматов киного кызыгат жана кез-кезде Фейсбукка тасмаларды талдаган постторду жарыялайт. Ал Кыргызстанда журналисттер универсалдуулукка басым жасарын, бир гана тармак менен кеткен кабарчылар жоктугун белгилеп, буга аудиториянын аздыгын себеп кылып көрсөттү:
“Айталы АКШда, Кытайда, Европа өлкөлөрүндө же Орусияда калктын санынын көптүгүнөн ар бир медианын аудиториясы чоң. Ал эми Кыргызстанда жети миллионго жетер-жетпес калк болсо, медиалардын аудиториясы миллиондун тегерегинде болушу мүмкүн. Алардын канчасы кино жөнүндө окугусу келет? Гипотетикалык жактан мунун эсебин чыгара албайбыз, бирок менимче өтө аз. Ушул себептен медиалар кино жөнүндө материал беришпейт. Анткени, ал көп көрүлбөйт, окулбайт же угулбайт”.
Нурматов киноталдоолордун жоктугун каржы маселесине да байланышы бар экенин кошумчалап, дээрлик бардык медиаларга саясий-экономикалык темаларга приоритет жасаларын белгиледи:
“Эгер медианын каржылык абалы жакшы болсо, анда саналуу окурмандар үчүн кино жөнүндө жазган кабарчыны жалдап, ага айлык же гонорар бере алат. А Кыргызстанда андай медиалар жокко эсе. Мамлекеттик медиалар же чоңураак басылмалар кино жөнүндө майда маалыматтарды эле жасашпаса, жеке менчик маалымат каражаттары үчүн кино тармагы акыркы орундарда турат же таптакыр ага көңүл бурулбайт. Кино эле эмес, жалпы маданият тармагын маанилүү тема катары чагылдырышпайт. Анткени, аудиториянын аздыгы буга себеп. Медиалар үчүн жалаң кинону гана жазган кабарчыны каржылап отуруу өзүн актабайт сыяктуу. Ушундан улам бизде кинотаануучу, киносынчы, кинобаяндамачы адистиктери да өнүкпөй калды”.
Салттуу медиалардан тышкары, социалдык медиада да кесипкөй киноталдоо көңүлдү анчейин жылытпайт. Тасма дүйнөсүнө арналган аянтчалардын көбү кинолордун жарнамасы менен алектенет. Фейсбукта кыргыз фильмдерине баяндама жасап жүргөн Kyrgyz Tasma аттуу баракча 2022-жылдан бери жанданбай калды. Кийинчерээк Kino Depter деген баракча ачылган, бирок туруктуу иштебейт.
Бул макала даярдалып жаткан кезде “Политклиника” басылмасы “Голливудга атаандашуу жана кадрлардын жетишсиздиги. Кыргыз кинематографынын азыркы абалы” деген макала жарыялады. Бул материалды “тасмаларды талдоо” деп мүнөздөй албасак да, медиадагы боштукту толтурууга жасалып жаткан аракет деп сүйүнүп коюуга арзыйт. Макалада Кыргызстандагы кинотеатрлардын ишмердиги, кино өндүрүшүндөгү көйгөйлөр, элдин кайсы кинолорго кызыгышы өңдүү маселелер камтылган.
Соңку сөз
Киносындын коомдун маданий калыптануусундагы ролу чоң. Тасмаларды талдаган макалалар көрүүчүгө кинематографияны тереңирээк түшүнүүгө жана баалоого жардам берет, интеллектуалдык талкууларды жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө көмөктөшөт. Профессионалдык сын режиссерлорго баалуу пикирлерди берип, алардын өнөрүн өркүндөтүүгө жардамдашат. Сапаттуу сын болбосо, киноиндустрия өзүн-өзү өркүндөтүү жана өсүү үчүн маанилүү куралдан ажырап, акыры бүтүндөй коомдун маданий деңгээлине таасирин тийгизет. Андыктан, кыргыз журналистикасында киносынды өнүктүрүү – бай жана ар тараптуу маданий чөйрөнү калыптандыруу үчүн зарыл болуп турат.
Санжар Эралиев, журналист.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.