Бишкек шаарынын прокуратурасы «Клооп Медиа» коомдук фондусун жабуу тууралуу доо арызы менен борбор калаанын Октябрь жана Биринчи май райондук сотторуна кайрылды.
Бул тууралуу 28-августта белгилүү болду.
Документке ылайык, доо арыз менен кайрылууга “уставда каралбаган ишмердүүлүктү жүргүзгөндүгү” себепчи болгон.
Прокуратуранын арызында «Клооп Медианын» ЖМКлардын мамлекеттик реестринде жок экендиги, ал эми уставында “жаштарга жана жарандык коомдун башка өкүлдөрүнө социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча пикирин эркин билдирүүгө маалыматтык аянтча түзүп берүү” тууралуу айтылганы менен маалыматты таркатуу каралбаганы белгиленет.
Ошондой эле арызда УКМК «Клоопто» ар кайсы убакта жарыяланган материалдар боюнча тергөө жүргүзүп, басылманын материалдары “учурдагы бийликтин кадамдарын катуу сынга алууга багытталган” деген тыянакка келгендиги айтылат.
“Соттук психологиялык-психиатриалык экспертиза жүргүзүлүп, 2023-жылдын 29-мартында чыгарылган ушул экспертизанын жыйынтыгы боюнча эксперт-психиатрлар конкреттүү макалаларды көрсөтүү менен аларда “КР бийлиги жүргүзүп жаткан саясатка, жалпысынан мамлекеттик программага терс мамилени атайын жаратууда колдонулушу мүмкүн түз тымызын түрдөгү ыкмалар бар”, “калктын ой жүгүртүүсүн жалпы кабыл алынган ченемдерден жана стандарттардан деформациялоо максатында терс маанайды пропагандалоо жүрүп жатат”, “бул макалалар коомдо социалдык-психологилык чыңалууну гана жаратпастан элдин учурдагы бийликти кабылдоосун терс жакка өзгөртө алат” деген тыянак чыгарышкан.
Караса, УКМК 2021-жылдын ноябрында эле “бийликти басып алууга чакырыктар” фактысы боюнча “Клооптун” материалы боюнча сотко чейинки териштирүү ишин баштап, kloop.kg’нин материалдары боюнча бир нече “соттук-психологиялык-психиатрдык экспертиза” жүргүзүп, аларда “коомго чындыкка жатпаган терс маанайдагы процесстерди таңуулаган жана өкмөттүн бардык кадамдарына оппозиция түзгөн коомдук пикир менен тымызын көз жазгыруу бар” деген тыянак чыгарылган.
Соттук экспертиза талдаган имиш “Мигранттар Кыргызстандын Түштүгүн сактап жатышат” деген макала “Клооптун” сайтынан да, анын коомдук тармактагы баракчасынан да табылбады.
Доо арызда төмөнкүдөй тыянактар келтирилет:
“Клооп” басылмасынын Баткен облусунун чек арага жакын аймактарындагы социалдык-экономикалык абалына тийгизегн терс таасиринин кесепетинен ал жактан ички жана сырткы миграциялык агым токтобой жатат”
“Кыргыз Республикасынын жарандарынын орус улутундагыларга караганда кем экендигин пропагандалаган билдирүүлөр бар” жана “орус улутундагы жарандарга карата кастык маанайдагы жана аларды кемсинткен билдирүүлөр бар”.
“Клооп” өзүнүн репортаждары менен коомго түздөн түз терс эмоционалдык-психологиялык таасир этип, көптөгөн сандагы адамдарда коркуу, тынчсыздануу, үмүтсүздүк, дүрбөлөң сезимдерин жаратып келет, адамдар социалдык абалдын туруксуздугун жана белгисиздигин сезип, өзүлөрүнө ишенимин жоготуп, келечектен үмүт үзүшөт. Акырындык менен алар депрессияга, үмүтсүздүккө түшүп, турмушунун кыйрашын күтүп калышат, бул агрессивдүү кылмыштуу жүрүм-туруму, сексуалдык аномалиялар, химиялык жана химиялык эмес формалардагы аддикциялар, суициддик маанай жана социалдык адаптациянын башка бузулуштары менен коштолгон социалдык-стресстик психикалык бузулууларга алып келет”.
Доо арыздын толук тексти менен бул шилтеме аркылуу тааныша аласыздар.
“Медиа Полиси Институтунун” юристи Акмат Алагушев 24.kg маалымат агенттигине Бишкек прокуратурасынын доо арызы боюнча пикирин билдирип жатып, аны абсурддук деп баалаган.
Анын айтымында, бул сөз эркиндигине түздөн-түз кысым көрсөтүү болуп саналат.
“Доо арыздагы дооматтар өтө башаламан жана маанисиз. Менимче, доо арыз “ЖМКлар жөнүндө” мыйзам долбооруна таянат, бирок ал кабыл алына элек да”, – дейт Акмат Алагушев.
“Бул сөз эркиндигине дагы бир сокку, аны, мисалы, “макалалардын көбү терс маанайда болуп, алар мамлекеттик жана муниципалдык органдарды жаманатты кылууга багытталган” деген дооматы жакшы тастыктайт. Журналисттердин оозун жабуу аракети болбосо, бул эмне?”, – дейт Акмат Алагушев.
“Клооптун” башкы редактору Анна Капушенко жергиликтүү медиаларга билдиргендей, прокуратуранын дооматтарын негизсиз деп эсептейт, анын пикиринде, бул доо арыз укук коргоочуларга жана прессага каршы бир чынжырдагы репрессивдүү аракеттердин бир гана бөлүгү.
“Эгерде сот доо арызды кабыл ала турган болсо, учурдагы Кыргызстандагы сөз эркиндигине болгон кысымды эске алсак, анда ал, менимче, доо арызды канааттандырат. Контент жаратып келген биздин фонд анда жабылып калышы толук ыктымал. Анда эмне кылабыз? Менимче, биз интернет аркылуу иштегенди улантабыз. Биз Кыргызстанда медиа бөгөттөлүшү мүмкүн деп божомолдогонбуз, “Азаттыктын” кейсин билебиз, ал бөгөттөлгөн болчу”, – деп билдирди редактор.
Журналисттерди коргоо комитети (CPJ) Кыргызстандын бийлигин Kloop Media’ны жабуу боюнча доо арызын кайтарып алууга чакырды. Комитет бул билдирүүсүн дүйшөмбү күнү, 28-августта кылды.
“Кыргыз бийлигинин Kloop’ту жабуу боюнча билдирүүсү Кыргызстандагы эң курч журналистиканы, анын ичинде жогорку мамлекеттик аткаминерлердин катышуусундагы коррупцияга байланыштуу иликтөөлөрдү басуу үчүн жасалган чектен чыккан жана өтө уятсыздык аракет болуп саналат”, – дейт CPJ’нын Нью-Йорктогу программалык директору Карлос Мартинес де ла Серна.
“Клооптун” адвокаты Фатима Якупбаева комитетке билдиргендей, сот ишти кароодон баш тарткан учурда гана басылма доо арзыдын үстүнөн арыздана алат. Якупбаева кошумчалагандай, Kloop’тун отчеттугу фонддун уставында учурдагы окуяларга талдоо жүргүзүү, социалдык-саясий, экономикалык процесстер боюнча пикирин эркин билдирүүгө маалыматтык аянтча түзүп берүү түрүндөгү аракеттердин алкагында көрсөтүлгөн.
Kloop’ту незидөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер CPJ’га телефон аркылуу, анын пикиринде, фондду жабуу тууралуу доо арыз Kloop’тун 22-августтагы иликтөөсү менен байланышта болушу мүмкүн деген. Бул иликтөөдө Кыргызстан президенти Садыр Жапаровдун жана УКМКнын жетекчисинин туугандары “Барселона” футбол клубунун футболдук академиясынын курулушуна катышууда деп айтылган болчу.
материалдарынын негизинде.