Кыргыз журналистикасы гендердик сезимтал болуунун аракетин көрүүдө, бирок салттуу маданияттын таасири сакталган, стереотиптик түшүнүктөргө жетеленген учурлар дагы эле бар.
Медиада гендердик ролдордун тең чагылдырылышы – коомдо аялдардын жана эркектердин укуктарынын бирдей экенин көрсөтөт. Журналистикада гендердик ролдор кандай өзгөрүп жатканына алдыдагы макалада байкоо салабыз.
Түшүнүктөргө жетеленебизби?
Кыргыз медиасында аялдар салттуу ролдордо көрсөтүлгөн учурларды арбын кездештиребиз. Алар негизинен үй тиричилиги, бала тарбиялоо менен алек. Же мугалим, медайым, тигүүчү, сатуучу өңдүү образдарда берилет. Анткени, коомдо кыз-келиндердин ролу ушундай калыптанган.
Кыргызстандагы бардык тармактарда – экономикада, маданиятта, социалдык чөйрөдө жана башка багыттарда аялдар эркектер менен тең ата иштеп жатышат. Бирок медиада көбүнчө чечим кабыл алуучу тармактардын өкүлдөрү катары мырзалар басымдуулук кылат.
Саясатчы, экономист, илимпоз, ишкер, изилдөөчү, жаратман, аскер кызматындагы кыз-келиндер жөнүндө да макала-баяндар бар, бирок медиада алардын катышы салттуу ролдордогу айымдарга караганда азыраактай. Албетте, бул тууралуу конкреттүү изилдөө жок, ошентсе да журналисттердин өздөрүнүн пикирлери ушундай тыянак чыгарууга негиз боло алат.
Журналист жана белгилүү акын Бурулкан Сарыгулова өткөн кылымдын 90-жылдарынан берки тенденциянын өзгөрүшүн айтып берди:
“Совет доору ыдырагандан кийинки учурда аялдар медиада негизинен миграциянын, сооданын каарманы, үй-бүлөнүн багарманы катары көрсөтүлдү. Андан тышкары 2000-2010-жылдар аралыгындагы нааразылык акциялардын учурунда аялдар медиада саясатчылардын куралы катары белгиленип, “обончулар” деген ылакап термин пайда болду. Кийинчерээк журналистиканын объективинде коомдук-саясий жараяндардагы өзгөрүүгө, өнүгүүгө умтулган активист кыз-келиндердин жигердүү аракеттери көбөйдү. Жарандык активизмдин портрети медиада аялдар болуп калды”.
2022-жылы ишке ашырылган Programmer Ayimdar II долбоорунун изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстанда IT багытында эмгектенген кыз-келиндер 11% гана түзөт. Бул тармак гендердик өзгөчөлүктөрдөн көз каранды эмес, бирок долбоордун эксперттери белгилегендей, көпчүлүк аны жигиттерге ылайык кесип деп эсептешет. Себеби, маалымат каражаттарында IT адиси катары негизинен эркектер көрсөтүлөт. Илим жана технологиядагы айымдар тууралуу макалалар сейрек.
Мурдагы президент Роза Отунбаева 2022-жылдын 28-апрелинде – эл аралык “Маалыматтык-байланыш технологиясындагы кыздар” күнүнө карата өткөрүлгөн онлайн жыйында сүйлөгөндө бул тармакка кызыккан, иштеп жаткан кыздар жөнүндө көбүрөөк чагылдыруу маанилүү экенин белгилеген.
PR адиси Шабдан Бактыбек азыркы журналистикада аялдын жана эркектин ролун өз-өзүнчө бөлүп көрсөткөн жазылбаган эреже бар деген ойдо. Ал мындай көрүнүш турмуш-тиричиликти чагылдырган баяндар аркылуу көбүрөөк сиңдирилет деп эсептейт:
“Мисалы, “эркектин жумушун аял жасабайт”, “аялдын жумушуна эркек кийлигишпейт” деген сыяктуу “кызыл сызык эрежесине” журналисттер да баш ийген учурлар бар”.
Шабдан Бактыбек журналисттер муну атайылап жасабай турганын, бирок коомчулукта калыптанган жалпы түшүнүктөргө жетеленип кетүү маселеси бар экенин белгилейт. Мындай пикирди активист Акылай Каримова да бышыктайт:
“Гендердик теңдик боюнча коомдун түшүнүгү кандай болсо, медиа ошону эле чагылдырат. Себеби, журналисттер жана блогерлер ошол эле коомдон, ошол эле чөйрөдөн чыккан. Андыктан, алардан артыкчылыктарды күтө албайбыз. Журналисттердин көпчүлүгү үйдөн болобу, мектептенби же жогорку окуу жайдан болобу, сынчыл ой жүгүртүү жаатында жетерлик билим алган эмес. Бирок муну менен Кыргызстанда журналисттер гендердик теңдик, аял жана эркектин укуктары жөнүндө таптакыр билбейт деп айткандан алысмын”.
“Күрөш жүрүп жатат”
“Мигрант медиа” басылмасынын журналисти Мээрим Сырдыбаеванын ойлору тенденция өзгөрүп баратканын бышыктайт. Ал коомдо калыптанган стереотиптик көз караштарга каршы медиада күрөш жүрүп жатканын айтат:
“Мисалы, спортчу кыздар, илимпоз айымдар, ишкер аялдар тууралуу макала-баяндар көбөйдү. Саясатчы айымдардын пикирлерин, цитаталарын колдонуу кадыресе көрүнүшкө айланды. Ошол эле кезде сулуулук индурстриясында иштеген жигиттер, тигүүчүлүк менен алектенген эркектер, үй тиричилигинде жубайына дайыма жардам берген мырзалар тууралуу көбүрөөк жаза баштабадыкпы. Жакында Алайдагы мектепте жаштарга бий өнөрүн үйрөткөн мырза тууралуу сюжет көрдүм. Эң кызыгы, коомчулук үчүн бул каармандар өтө кызыктуу. Аларды жакшы маанайда талкуулашат, макташат, негизгиси, коомдо ушундай адамдар көбүрөөк болсун деген пикирлер айтылат”.
Сырдыбаева ошондой эле кыргыз медиасында үй-бүлөлүк зомбулукка каршы макала, видео, талкуулар көбөйгөнүн белгилеп, муну кыргызстандык журналисттердин тең укуктуулукту жактаган позициясы катары сыпаттайт.
Журналист Жибек Бегалиева мындай оң көрүнүштөрдү жайылтууда медиа кызматкерлерине жаңы көндүмдөрдү үйрөткөн эл аралык же бейөкмөт уюмдардын ролу чоң деп эсептейт:
“Акыркы кездери гендердик сезимталдыкка көбүрөөк маани бериле баштаганы чын. Менин оюмча, бул өзгөрүүлөргө эл аралык донорлордун жана программалардын жигердүү иш-аракеттери жардам берди. Алар коомдук пикир жаратуучулар менен, журналисттер жана аялдар менен тыгыз иштешип, кыз-келиндердин ролун алдыга жылдыруу боюнча олуттуу иштерди жасашты. Бул процессти ишке ашырууда социалдык тармактар – Instagram, TikTok, Facebook сыяктуу платформалар жакшы аянтча болууда”.
Активист Акылай Каримова басылмаларда гендердик теңдикти жайылтуу, ыдык, зомбулук түшүнүктөрүн сындаган материалдардын көбөйтүү үчүн ириде редакциялык саясат маанилүү экенин билдирди:
“Беш жылдай мурун “Супер-Инфо” гезитинин редактору менен баарлашып калдым. Бул гезит шоу-бизнес чөйрөсүнө көбүрөөк ыктайт эмеспи. Редактор айым кызыктуу окуяларды айтып берген. “Биз маектешкен ырчылар же таанымал кишилер кээде аялдын же эркектин укугун одоно бузган сөздөрдү айтышат. Бирок биз аны жарыялабай, кесип салабыз же чыгарбайбыз”, – деген. Муну редакциялык цензура дейбизби же кандай атайбыз, билбейм, бирок мындай позицияны журналисттердин гендердик теңдикке кошкон салымы десек болот”.
Бирок актриса жана алып баруучу Назира Айтбекова маселенин башка өңүтүнө көңүл бурууда. Анын оюнча, медиада гендердик теңчилик, зомбулук темаларын көтөрүү менен коомдогу ой-пикир өзгөрүп калбайт:
“Бизде телепрограммаларда, макалаларда же кинолордо аял-эркек теңдиги, алардын ролу, зордук-зомбулук, укуктар тууралуу маселе такай көтөрүлөт. Бирок дайыма “Ушундай болбошу керек” деген өңүттөн көрсөтүшөт. А “Кандай болушу керек?” деген суроого жооп жок. Жараны сыкканды билебиз, айыктырганды билбейбиз. Көйгөйдү көтөрүү менен эле убарабыз. Ошондуктан, кыргыз медиасында гендердик теңдик маселесин чагылдырууну “жакшы эмес” деп баалайм. Эгер көтөргөн маселени кантип чечүүнүн жолдорун сунуштай алсак, анда “жакшы” деп айтмакмын”.
Айтбекова, гендердик ролдордун бөлүштүрүүнү талкуу же сындоо аркылуу эмес, үлгүлүү үй-бүлөрлөрдүн мисалын көбүрөөк көрсөтүү менен жайылтуу – натыйжалуу болот деп эсептейт.
Ошол эле кезде социалдык түйүндөрдө аял-эркектин жашоодогу ролун тең көрсөтүп, муну жөнөкөй эле мисалдар менен видеороликтер аркылуу жайылтып жаткан жубай-блогерлер бар. Бул жакшы. Бирок биз бул макалада нагыз журналистика жөнүндө гана кеп кылып жаткандыктан, жебенин учун журналисттерге гана бурганды туура көрүп турабыз.
Журналист Айбек Абдылдаев медиада тарыхтагы аялдардын ролу да дээрлик экинчи планда калганын айтат. Муну ал репрессия курмандыктары тууралуу макалалар сериясын жазып жүргөндө байкаган:
“Жакында эле “1930-жылдары репрессияланган аялдар” деген темада макала жаздым. Советтик тоталитардык режим учурундагы репрессиялар тууралуу 30 жылдан ашык мезгилден бери кеңири изилденип, ар тараптуу чагылдырып келатат. Бирок аялдар тууралуу айтылбаптыр. Эми гана айрым изилдөөчүлөр кыз-келиндердин оор тагдыры тууралуу изилдей баштады. Көрсө, аялдар “эл душманынын” жакыны катары аёосуз жазаланып, лагерлерге айдалып, ал жактан зордукталып, кордуктун адам чыдагыс түрлөрүн көрүптүр. Биз – журналисттер да ал тууралуу эми гана айта баштадык”.
Кыргызстандагы редакцияларда гендердик теңдикке үндөгөн, гендердик ролдорду талдаган атайын программалар да бар. Буга “Азаттык” радиосунун “Эже-сиңдилер”, “Говори ТВ” басылманын “Кыйын” деп аталган долбоорлорун кошсок болот.
Соттун чечими менен өлкө аймагындагы ишмердигине тыюу салынган “Клооп” басылмасы да аялдардын укуктук маселесин туруктуу жазып келген. Алардын атайын рубрикасы болбогону менен, патриархаттын кесепети, аялдардын жашоодогу эбегейсиз ролу жөнүндө бир катар дата-материалдарды жарыялашкан. “Кактус Медиа” басылмасы да бул темага улам кайрылып турат.
UNFPA уюмунун 2020-жылдагы баяндамасына таянсак, Кыргызстан гендердик теңдик картинасы толук өнүгө элек мамлекеттердин катарын толуктайт.
Медиа – өзгөрүүнүн башаты деп да айтылат. Демек, гендердик ролдордун теңдештирилиши медиа кызматкерлеринен да көз каранды. Бул аракет стереотиптерди жок кылуу гана эмес, жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачуу, тең укуктуулуктун маанисин бекемдөө дегенди да билдирет.
Эмне үчүн бул маселе маанилүү? Себеби, журналисттин милдети – эркекке же аялга карата белгилүү бир стандарттарды таңуулабастан, ар бир инсандын өзгөчөлүгүн жана тандоосун урматтоо.
Санжар Эралиев, медиасынчы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.