Акыркы убакта кыргыз медиалары ар бир коомдук тармак үчүн өзүнчө контент жасоого өткөнү байкалууда. Мурда баракчалары аркылуу негизги платформаларына шилтеме берүү менен гана чектелип келишкен. Бул макалада коомдук тармактардын өнүгүшүү ЖМКларга эмне берет жана аны иштетүүдө кыргыз медиалары кандай жолду колдонуп жатканына токтолдук.
ЖМКлар коомдук тармактардагы баракчаларына өзүнчө контент даярдай баштаганга чейин Фейсбукта, Твиттерде жана Инстаграмда макалаларына, видеолоруна шилтемелерди, берүүлөрүнө анонсторду жайгаштырып келишкен. Бул алардын веб-сайттарына окурмандарды тартууга жардам берген. Атайын белгилүү хештегдерди колдонуп, постторду жазып турушкан. Ошондой эле Фейсбукта же башка коомдук тармакта топторду жана баракчаларды ачып, темаларды талкуулап, активдүү аудиторияны тартууга аракет кылып келишкен.
Ошентип, коомдук тармактар ар бир платформанын өзгөчөлүктөрүнө ылайыкташкан материалдарды жаратуу үчүн эмес, салттуу контентти жайылтууда көбүрөөк кызмат кылган. Бирок коомдук тармактардын өзгөчөлүктөрү, убакыттын өтүшү менен алардагы контентти көрсөтүү алгоритмдеринин өзгөрүшү редакцияларды алардын форматтарына жана аудиториясына жараша ылайыкташтырууга алып келүүдө.
Мисалы, Оштогу «Т-Медиа» редакциясы коомдук тармактарга өзүнчө контент жасоого 3-4 жыл мурун көңүл бура баштаган. Алар телеканалдагы берүүлөрүн, сайттагы материалдарын баракчаларына ылайыкташтырып кайра жасоо үчүн атайын бөлүм түзгөн. Учурда ар бир коомдук тармактын алгоритмине карап контент даярдалат.
«Бир материал бардык баракчаларга өзүнчө жасалып, таратылат. Мисалы, азыр тигинен тартылган видеого басым жасап жатабыз. Телеканалдагы материалды кайра иштеп чыгып, аны ТикТокко, Инстаграмга, Ютубдун кыска видеосуна жайгаштырабыз. Анткени азыр аудиториянын баары коомдук тармакта. Ар бир платформадан катталуучуларыбызды көбөйтүп жатабыз. Ошондой эле, алардын ар түрдүүлүгү байкалат. Мисалы, биздин Фейсбук баракчабызда саясий, экономикалык, коомдук темаларга көбүрөөк кызыгат жана ал жактагы катталуучуларыбыз көбү жергиликтүү бийлик өкүлдөрү. Ал эми ТикТокто негизинен жаштар. Бул бизге бардык тармактан таанымалдуулукту алып келип жатат», — дейт «Т-Медианын» журналисти Даяна Данияр кызы.
Сүрөттө Даяна Данияр кызы.
Редакция бул багытты колдонууда атайын адистердин кеп-кеңештерин алып, тажрыйбалап келе жатат. Мезгили менен коомдук тармактарына талдоо жүргүзүп турушат.
«Аудиториябыз кайсыл коомдук тармакта болсо, ошол жакка бардык»
«ПолитКлиника» интернет-басылмасынын редактору Ырысбү Кылычбек кызынын айтымында, алар дээрлик бардык тармактан баракчаларын ачышкан. Коомдук тармактарды, биринчи кезекте, аудиторияны кеңейтүү үчүн, экинчиден, контентти алдыга жылдыруу үчүн курал катары колдонуп келишкен.
Редакция башында кантип иштөө керектигин жакшы түшүнбөгөндүктөн, көп каталарды кетирген. Бирок атайын СММ адисин жумушка алуу менен ар бир тармактын өзгөчөлүгүнө, алгоритмдерине жараша иштөөнү жолго коюп келе жатышканын айтат.
«Аудитория кайсыл коомдук тармакта отурса, ошол жакка бардык. Инстаграмда отурабы, ал жакка бардык, ТикТокто отурабы, ал жакка бардык. Ошентип отуруп дээрлик бардык эле тармакта баракча ачтык. Коомдук тармактар дайыма өзгөрүп турат. Өзгөчө жасалма интелекттин өнүгүшү менен көп социалык тармактар аны өзүнүн ишмердүүлүгүнө колдонуп башташты. Ошондуктан биз тармактар кандай жаңы “фишка” сунуштап жатса, ошону пайдаланууга аракет кылып жаттабыз», — дейт Ырысбү Кылычбек кызы.
Cүрөттө Ырысбү Кылычбек кызы.
Ал эми «Клооп» басылмасы кыргыз бийлиги алардын сайтын бөгөттөгөндөн кийин коомдук тармактарга мурдагыдан көбүрөөк басым жасап калышкан.
Кыска жаңылыктарды журналисттер Фейсбукка жана Телеграммга текст түрүндө, сайтка шилтеме бербей өзүнчө жарыялашат.
Редакцияда өзүнчө СММ бөлүм да бар. Алар чоң материалдарды атайын соцтармактарга ылайыктап контент жаратышат. Мисалы, Инстаграм үчүн атайын карточкалар жасалып турат.
«Жаңылыктарды жазуу стилибизди атайын коомдук тармактарга ылайыктуу кылып өзгөрттүк. Иликтөөлөрдү же фичерлерди (Фичер – бул эки же андан ашык маалымат булагына таянып, жаңылыктардан айырмаланып кененирээк түшүндүрүлгөн макала) сайттын күзгүсүнө жайгаштырып, анан ошого шилтеме менен бөлүшүп жатабыз. Муну менен биз бөгөттөөлөргө жана чектөөлөргө карабай мурдагыдай эле мыйзамсыздыктарды ашкерелеп, ишибизди тармактар аркылуу жайылтып, уланта берерибизди билдирүүдөбүз», — дейт «Клооптун» редактору Айбике Адилет кызы.
Сүрөттө Айбике Адилет кызы.
ЖМКлар үчүн коомдук тармакта баракча ачуунун артыкчылыктары:
Кеңири аудиторияны камтуу: Коомдук тармактардын колдонуучулары аркылуу медиа кеңири жана ар түрдүү аудиторияны тарта алат.
Маалыматтын тез таралышы: Жаңылыктар дароо жарыяланып, тез таркатылып, коомчулукту тез кабардар кылууга мүмкүндүк берет.
Аудиториянын пикирлери жана алардын катышуусу: ЖМКлар окурмандары менен түз баарлашууга мүмкүнчүлүк алат. Бул дароо реакцияларды алып, аудиториянын муктаждыктарын жакшыраак түшүнүүгө жардам берет.
Аналитикалык маалыматтар: Коомдук тармактар колдонуучулардын жүрүм-турумун талдоо үчүн атайын маалыматтарды камсыздайт. Бул ЖМКларга өз аудиториясынын кызыкчылыктарына ылайыкташууга мүмкүндүк берет.
Заманбап маалыматка жетүү: Коомдук медиа маалыматтын булагы катары кызмат кылып, ЖМКга акыркы окуялар жана тенденциялар тууралуу кабардар болуп турууга мүмкүндүк берет.
Коомчулукту түзүү: Медиалар өз катталуучуларынын айланасында жамааттарды кура алышат, бул редакция менен окурмандардын ортосундагы байланышты бекемдейт.
Булактарды жана эксперттерди табууну жеңилдетет: Коомдук тармактар эксперттерди, күбөлөрдү жана башка маалымат булактарын таап, алар менен байланышууну жеңилдетет.
Монетизация: Кээ бир платформалар медиа каражаттары үчүн кошумча киреше булагы боло алат. Жарнама же акы төлөнүүчү жазылуулар аркылуу контенттерин акчага айландыруу мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт.
Жарнама телеканалдан коомдук тармактарга кеткен шартта, редакциялардын баракчаларын активдештирүүсү ал жактан каражат табууга мүмкүнчүлүк ачат.
Медиа адистер бул алардын ар бир тармакка көңүл бурушунун негизги себептеринин бири экенин тастыкташат.
«Биз ЖМК болгон үчүн жаңы коомдук тармак чыкса ал жакка да катталып, контент даярдап баштайбыз. Анткени аудитория менен чогуу болуу маанилүү. Дагы бир жагдай бул — жарнама. Анткени азыр жарнаманын баары коомдук тармакка кетти. Биз баракчаларыбыздагы сапаттуу контенттерибизди жайылтуу менен катталуучуларды топтоп, жарнама тартып каражат табууну да пландаганбыз. Анткени каржылык көз карандысыздыкка жетүү маанилүү болуп турат», — деп кошумчалайт «Т-Медианын» журналисти Даяна Данияр кызы.
Эксклюзив.kg интернет-басылмасынын башкы редактору Семетей Аманбеков платформаларды монетизация кылуу бул – редакциялардын позициясынан да көз каранды экенин белгилейт.
Соцтармактардан каражат табууда медиа кандай позицияны карманат жана жарнама алууда эмнелерге көңүл бурат деген суроолор бар. Эмнени жарнама кылууну билүүсү менен аудиторияны талдап алуу да негизги жагдайлардан дейт.
«Монетизация – бул редакциялардын кандай контент түзөбүз, жарнамадан акча табабызбы же башка каржы булактарын көрсөтөбүзбү деген суроосунан жаралат. Биздин медианын позициясы кесипкөй журналистиканын стандарттарын сактоо менен маалыматты ар тараптан текшерип, кызыктуу, олуттуу маселелерди чагылдырыш. Монетизацияны баштаганда онлайн казинону жарнамалоого сунуш келген. Жакшы акча сунуштаган. Бирок, биз баш тарттык. Анткени биз өзүбүздү олуттуу медиа катары эсептейбиз жана мыйзамды сактайбыз. Азыр эл аралык долбоорлор менен иштеп, чоң брендер менен келишим түзүүнү көздөп жатабыз. Мисалы, БААУ (Борбордук Азиядагы Америка Университети) менен келишимибиз бар. “Альянс Алтын” менен иштештик. Көчмөндөр оюндарында дизайнерлер менен келишимдерибиз болду. Дагы сүйлөшүүлөр болуп жатат», — деди Семетей Аманбеков.
Ошондой эле, алардын редакция бардык соцтармакка контент жасаганы менен учурда Ютуб менен гана монетизация кылышууда. Ал жакка узун видеолор жүктөлөт. Катталуучулардын саны 42 миңге жакын.
Аманбеков Ютубдагы берүүлөргө колдоо комментарийлери келип жатканын, сапаттуу, кесипкөй адистер тарабынан жасалган материалдар болсо, узак мөөнөткө иштешебиз дегендер да болуп жатканын кошумчалады.
Сүрөттө Семетей Аманбеков.
Дээрлик бардык эле жалпыга маалымдоо каражаттары коомдук тармактарда баракчаларын ачкан десек болот. Бирок алардын баары санариптик чөйрөнүн талаптарына натыйжалуу ыңгайлаша албай жаткан жагдайлар да бар.
Мисалы, кээ бир ЖМКлар жараткан салттуу контентин коомдук тармактардын форматтарына тууралап ылайыкташтырууга үлгүрбөй калышы мүмкүн. Начар сапаттагы материалдар, уникалдуулуктун жоктугу да аудиторияны жоготуууга алып келет. Эгерде ЖМК түшкөн пикирлерге жооп бербесе, же талкууга катышпаса, бул анын аудитория менен байланышын начарлатышы мүмкүн.
Сапаттуу контентти жаратууга жана СММ боюнча адисти жалдоого каржынын жетишсиздиги да көйгөй жаратат.
Коомдук тармактардын алгоритминин тез өзгөрүп турушу да редакциялардын иш алып баруусун өзгөртүш үчүн бир топ убакытты жана күч-кубатты талап кылат. Мындан улам ар бир интернет баракчасына өзүнчө контент жасоону тажрыйбалап келе жаткан редакциялар убагы менен алгоритмдердин өзгөрүшүнө аудит жүргүзүп туруу эске ала турган жагдайлардан экенин белгилешет.
«Ушул жылдын башында ар бир коомдук тармактарда аудит жүргүзүп, жаңы стратегия менен иштеп баштадык. Анткени ага чейин Инстаграм аккаунтубузду такыр эле жылдыра албай жаттык. Себеби жаңы ачканда ката кетирип, гивке* берип алыптырбыз. 33 миң катталуучу болгон менен таптакыр алдыга жылбай калган. Анан ушул жылдын февралында жаңы баракча ачууну чечтик. 200дөй катталуучубуз бар эле. Июлда жаңы СММ адисти жумушка алгандан баштап, рилстердин* жардамы менен жакшы катталуучу топтоп баштадык. Андан бери катталуучулар 2700гө жетип, жалпы камтуулар 900 миң болсо, эң көп көрүлгөн видео 1 миллионго жетти», – дейт «ПолитКлиника» интернет-басылмасынын редактору Ырысбү Кылычбек кызы.
Гив (giveaway) – белек берүү менен Инстаграм баракчаны жайылтуунун жана катталуучуларды санын көбөйтүүнүн ыкмасы.
Рилс (reels) – Инстаграмдагы кыска, 60 секунддан ашпаган видеолор.
Айтор кыргыз тилдүү ЖМКлар ар бир коомдук тармактардын алгоритмин эске алып контент жасоого өтүп жатат. Муну менен активдүүлүгүн жогорулатып, катталуучуларына маалыматтарды күн сайын түрдүү форматта сунуштоо менен жаңы тренддерден артта калбоого аракеттенип жаткандай. Албетте, коомдук тармактардагы сапаттуу, пайдалуу контенттин, катталуучулардын көптүгү медиа үчүн көбүрөөк жарнама, каржы тартууга жардам берет десек болот.
Айдай Беделбек кызы.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.