Close Menu
internews.kginternews.kg
  • Биз жɵнүндɵ
    • Миссия
    • Internews Global
  • Долбоорлор
    • MEDIA-K
    • TRACK
    • CARAVAN
    • APRICOT
  • Багыттар
    • ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
    • Окутуу
    • Контент ɵндүрүү
    • Дата журналистика
    • Иликтɵɵчү журналистика
    • Аймактык журналистика
    • Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
    • Медиасын
    • Медиасабаттуулук
    • Журналисттердин коопсуздугу
    • Укуктук коопсуздук
    • Блогердик чөйрө
    • Библиотека
    • Mediа Toptoo индустриалдык форуму
    • “Умтулуу” сынагы
    • “Чындык” Форуму
    • “КурулTime” блогердик форуму
    • Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
    • Ɵнɵктɵштүк материалдар
  • Мүмкүнчүлүктɵр
    • Гранттар
    • Вакансиялар
    • Сынактар
    • Стипендиялар
    • Тендерлер
  • Байланыш
Долбоорлор
Долбоорлор

APRICOT

Апрель 7, 2024

2022-жылдын сентябрынан тартып Интерньюс Кыргызстанда жана Тажикстанда аймактык APRICOT (Accountable Practices for Reporting Information on…

TRACK

CARAVAN

MEDIA-K

Акыркы

Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Facebook X (Twitter) Instagram YouTube Telegram
Facebook X (Twitter) Instagram YouTube Telegram
internews.kginternews.kg
  • Биз жɵнүндɵ
    • Миссия
    • Internews Global
  • Долбоорлор
    • MEDIA-K
    • TRACK
    • CARAVAN
    • APRICOT
  • Багыттар
    1. ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
    2. Окутуу
    3. Контент ɵндүрүү
    4. Дата журналистика
    5. Иликтɵɵчү журналистика
    6. Аймактык журналистика
    7. Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
    8. Медиасын
    9. Медиасабаттуулук
    10. Журналисттердин коопсуздугу
    11. Укуктук коопсуздук
    12. Блогердик чөйрө
    13. Библиотека
    14. Mediа Toptoo индустриалдык форуму
    15. “Умтулуу” сынагы
    16. “Чындык” Форуму
    17. “КурулTime” блогердик форуму
    18. Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
    19. Ɵнɵктɵштүк материалдар
    Жаңылыктар

    Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

    Апрель 11, 2025
    Акыркы

    Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

    Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

    2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

  • Мүмкүнчүлүктɵр
    • Гранттар
    • Вакансиялар
    • Сынактар
    • Стипендиялар
    • Тендерлер
  • Байланыш
  • KGZ
    • RUS
    • ENG
internews.kginternews.kg
  • RUS
  • ENG
Home»Багыттар»Медиасын»Кыргыз журналистикасын коңшулар кандай баалайт?

Кыргыз журналистикасын коңшулар кандай баалайт?

Октябрь 30, 2024
420092025 751224470373859 1582089779638651712 n
Борбор Азия журналисттеринин медиа форуму / Медиафорум журналистов Центральной Азии

Кыргызстандагы журналистиканын жагдайын коңшу өзбекстандык жана казакстандык кесиптештер кандай баалашат?

Макаланы жазардан мурун түрк тилдүү мамлекеттердин курамына кирген үч өлкөнүн бир канча журналистине кайрылып, бири биринин ишине кандай көз карашта экенин сурадык. Биз суроо узаткан журналисттердин көбү коңшулаш кесиптештеринин ишине анчейин кызыкпаганын айтышты. Андан ары талдоочуларга кайрылдык.

Журналистикадагы тайманбастык

Жакыңкы тарыхта Кыргызстандын, Өзбекстандын жана Казакстандын медиа мейкиндиги сөз эркиндигине жана кесиптик стандарттарга болгон мамилеси менен бири биринен айырмаланган.

Буга чейин эксперттердин же журналисттердин эл аралык жыйындарында кыргыз журналистикасы өзүнүн салыштырмалуу эркиндиги менен өзгөчөлөнүп келгени, ал эми казак жана өзбек маалымат каражаттары өкмөттүн чектөөлөрүнө кабылары белгиленчү. Бирок акыркы жылдары бул тенденция бир аз өзгөргөнүн макалага көз карашын билдирген эксперттердин пикирлери далилдегендей болду.

galym ageleuov
Галым Агелеуов

Казакстандык укук коргоочу жана медиа талдоочу Галым Агелеуовдун пикиринде, Кыргызстандагы сөз эркиндиги акыркы жылдары эл аралык рейтингде төмөндөгөнүнө карабай, кыргыз журналистикасы Борбор Азиядагы медиа мейкиндигинин маанилүү бөлүгү бойдон калууда. Агелеуов а дегенде жакыңкы тарых тууралуу сөз кылды:

“Эгемендиктин башынан эле Кыргызстандын көз карандысыз маалымат каражаттары Борбор Азиядагы эң мыктылардын катарына кирген. Маалымат каражаттары саясий жана коомдук жараяндарга жигердүү катышкан. Саясаттагы жагдайларды ачык чагылдыруу менен Кыргызстанда сөз эркиндиги өнүккөн. Саясий элитанын байлыгы, коррупция сыяктуу темаларга чөлкөмдө кыргызстандык журналисттер биринчилерден болуп кызыккан. Башка мамлекеттерде авторитаризм өнүгүп жаткан чакта Кыргызстанда элита алмашты. Мунун баарына журналистикадагы тайманбастык себеп болду. Азыр биз жакшы билген “Кактус”, “Клооп” өңдүү басылмалардын жаралышы да мына ушул журналистикадагы тайманбастык түрткү берди”.

Агелеуов Кыргызстандагы эркин маалымат каражаттарындагы изденүүлөр, ыкчам иштеп, өзгөчө көз караштарды чагылдыруу аракети мамлекеттик медиа менен атаандаштык жаратып, эки багыттын тең өнүгүүсүнө себеп болгонун айтат.

Ташкенттик талдоочу жана журналист, davletovuz Телеграм каналынын негиздөөчүсү Кабыл Хидировдун оюнча, ортодогу айырмачылыктар тажрыйба алмашуу үчүн олуттуу мүмкүнчүлүктөрдү берген:

“Мен кыргыз журналистикасына коңшу өлкөдө жашаганым үчүн эле эмес, кесипкөй адис катары да ар дайым байкоо салам. Сырттан караганда кыргыз журналистикасы ар дайым сөз эркиндиги үчүн күрөшөт, кесиптештердин ынтымагы кандайдыр бир деңгээлде күчтүү экени көрүнөт. Ошондой эле сөз эркиндиги күнүмдүк-тиричилик темаларда эле эмес, саясий жана башка курч темаларда да ачык көрүнүп турат. Мындан тышкары, кыргызстандык кесиптештерибиз журналистиканын кесипкөйлүгүн, этикасын, принциптерин карманган жамаатка айланганы байкалат. Бул атайын мектеп. Мен бул мектепти өзгөчө баалайм”.

kabyl hidirov
Кабыл Хидиров

Ошондой эле Хидиров кыргыз журналистикасында көңүл бура турган эки өзгөчөлүктү белгиледи. Алар кесиптик этика жана бейформал журналистика мектептери:

“Кыргыз журналистикасынын мага жаккан жери – көптөн бери калыптанып калган сөз эркиндигинин шартында кесипкөйлүктүн жогорулаганы. Мыйзам чыгаруу гана эмес, журналисттик этиканы сактоо тажрыйбасы кеңейди. Журналисттерди даярдаган бейформал мектептер ачылды. Көптөгөн жаш журналисттерди даярдоого редакциялардын алдындагы мектептер чоң салым кошууда”.

Жагдай өзгөрүүдө

Биз кайрылган респондеттердин дээрлик баары а дегенде эле жакыңкы тарыхтагы кыргыз журналистикасынын ийгилиги тууралуу сүйлөдү. Ал эми азыркы жагдай тууралуу ойлору бир аз башка. Бул жөнүндө алдыда кененирээк сөз кылабыз.

“Чек арасыз кабарчылар” эл аралык уюмунун басма сөз эркиндигинин индексинде Кыргызстан 2022-жылы 50 орунга ылдыйлап, 180 мамлекеттин арасынан 122-сапка жайгашкан. Быйыл май айындагы баяндамада кайра эки тепкичке көтөрүлүп, 120 орунду ээлеген. Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги бар экенин жана аны коргой турганын белгилейт.

gүlim amirhanova
Гүлим Амирханова

Казакстандык медиа эксперт Гүлим Амирханова кыргыз журналисттери кырдаал өзгөрүп жатканын түшүнүшү зарылдыгын айтат:

“Чын айтсам, азыр менде кыргыз медиасынын иши тууралуу толук маалымат жок. Кыргыз маалымат каражаттарынын өкүлдөрү башкаларга салыштырмалуу эркин иштеген учурда эл аралык конференцияларда “Алар Борбор Азиядагы эң эркин журналисттер” экени тууралуу көбүрөөк мактанганга убакыт короткондой болду. Бирок ал түбөлүктүү эместигин, аны кантип коргоп, бузбай кармап калуу зарылдыгын ойлонушкан жок”.

Түрк дүйнөсү журналисттеринин бирикмесинин Өзбекстандагы координатору Муаззам Иброхимова кыргыз журналистикасына сырттан баа берүү бир нече факторлорду эске алууну талап кыларын белгилейт:

“Социалдык түйүндөргө жана кыргыз маалымат каражаттарынын онлайн аянтчаларына байкоо жүргүзүп отуруп, учурда кыргыз журналистикасы сөз эркиндиги үчүн күрөшүп жатканына ынандым. Мындан төрт-беш жыл илгери кыргызстандык кесиптештерибиз кыйла эркин ойлонушар эле. Азыр өзүн өзү чектөө болуп жаткандай. Дагы бир байкаганым, санарип платформалардын өсүшү. Социалдык тармактар ​​жана онлайн басылмалар негизги маалымат булагына айланды. Бул көз карандысыз журналистиканын өнүгүшүнө салым кошкону менен, туура эмес маалыматтардын жайылышына да мүмкүнчүлүктөрдү ачат”.

muazzam ibrohimova
Муаззам Иброхимова

Иброхимова Кыргызстандагы дээрлик бардык эркин маалымат каражаттарынын интернеттеги баракчаларын окуй турганын белгилеп, акыркы жылдары саясий процесттер утурумдук окуя катары чагылдырылып жатканын, аналитикалык макалалар азайганын же дээрлик жоктугун кошумчалады. Тагыраагы, ал Кыргызстанда “популисттик билдирүүлөрдү эрчиген журналистика бар” деген ойдо.

Ошондой эле кыргыз журналистикасында кез-кезде бир тараптуу улутчулдук маанай байкаларын да айтып, бирок бул бул жалпы Борбор Азия журналисттерине таандык көйгөй экенин билдирди.

Ташкенттик талдоочу Кабыл Хидиров да кыргызстандык айрым кесиптештердин макалаларында улутчулдук маанай байкалып турарын белгилейт:

“Аймактык, чек ара, улуттар аралык чыр-чатактарды чагылдырууда кыргыз журналисттеринин кесипкөйлүгү бир аз артта калгандай сезилет. Башкача айтканда, проблемага бир жактуу караган мамиле байкалат. Дагы бир жагдай, сөз эркиндиги Бишкекте көбүрөөк сезилет, бирок аймактарда абал салыштырмалуу начар. Кыргыз тилиндеги профессионал журналистиканы чыңдоо зарылчылыгы бар”.

Бири бирибизден эмнени үйрөнсөк болот?

Казакстандык эксперт Галым Агелеуов сөз эркиндигинин абалы начарлап баратат деп сыпатталганына карабай, кыргыз медиасында иликтөөлөрдүн санынын өсүп жатышын кыргыз журналистикасы тайманбас мүнөзү катары баалайт:

“Кыргызстандык журналисттер коррупциянын бетин ачууда жакшы жыйынтыктарды көрсөттү жана бул Борбор Азиядагы журналистиканын өнүгүшүнө да оң таасирин тийгизди”.

Агелеуов Кыргызстанды жана Казакстанды сөз эркиндиги кескин начар өлкөлөрдүн катарына кошконго болбой турганын белгиледи. Ал эми жалпы чөлкөмдө күчтүү журналистиканы калыптандыруу үчүн Борбор Азия мамлекеттеринин журналисттери өз ара карым катышты, кызматташууну чыңдашы зарылдыгын кошумчалады.

Гүлим Амирханова болсо жеке кызыкчылыктар эмес, кесиптик биримдик күчөгөн шартта гана чөлкөмдөгү журналистика өнүгөрүн айтууда. Ушундай эле ойду Муаззам Иброхимова да билдирип, бул үчүн бейформал жолугушууларды көбөйтүүгө басым жасоону сунуштады.

Ал эми Кабыл Хидиров чөлкөмдөгү журналисттерди биргелешкен иликтөөлөрдү жасаганга чакырды.

Сөз соңу

Жыйынтыктап айтканда, макалада айтылган ой-пикирлерди талдап отуруп, кыргыз, казак жана өзбек медиа өкүлдөрүндө биргелешкен журналистика мектебин түзүү ниети бар экенин байкадык. Болбосо чөлкөмдөгү медиаларда кызматташтыктын деңгээли салыштырмалуу төмөн экенин көрө алдык. Мындай жагдай Борбор Азиядагы журналистиканын өнүгүшүнө тоскоол болушу мүмкүн деген тынчсызданууну жаратат.

420077422 751224817040491 4129179410779005492 n

Бул өлкөлөрдүн журналисттеринин ачык диалогдору жана биргелешкен долбоорлору аймактагы өнүгүүгө жана маалымат каражаттарынын сапатын жогорулатууга жасалган кадам болот.

Белгилей кетсек, Борбор Азиядагы журналисттер ар кандай окутуулардын, эл аралык жыйындардын алкагында кезигип турушат. Мындан 5-6 жыл мурун #МедиаПлов өңдүү бейформал чогулуштарды уюштуруп, кесиптеги ийгиликтерди жана кемчиликтерди талкуулаган долбоорлор болгон.

Санжар Эралиев, медиасынчы.

Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.

Борбор Азия журналистика медиа медиасын регион
Бөлүшүү Facebook Telegram Twitter Copy Link
МурункуСалттуу журналистикага чакырыктарды жараткан Z мууну
Кийинки 2025-жылы өтө турган Иликтөөчү журналисттердин дүйнөлүк конференциясына катышуу үчүн стипендия

Башка материалдар

Январь 15, 2025

Эмнеге Кыргызстанда журналисттер жөнүндө тасмалар тартылбайт?

Январь 15, 2025

Мамлекеттик медиа: курч калемдин мезгили келдиби?

Январь 14, 2025

ЖМКлардын гендердик темаларды чагылдыруусу. Теңдикке карай кадамдар

Январь 11, 2025

Подкасттардагы кыргыз аялдарынын үнү

Багыттар
  • ЖМКлардын көз карандысыздыгын колдоо
  • Окутуу
  • Контент ɵндүрүү
  • Дата журналистика
  • Иликтɵɵчү журналистика
  • Аймактык журналистика
  • Блогердик чөйрө
  • Билим Айтыш (Акындар жана Манасчылар)
  • Жалган маалыматтарга каршы күрөш/Фактыларды текшерүү
  • Медиасын
  • Медиасабаттуулук
  • Журналисттердин коопсуздугу
  • Укуктук коопсуздук
  • Библиотека
  • Mediа Toptoo индустриалдык форуму
  • “Умтулуу” сынагы
  • “Чындык” Форуму
  • “КурулTime” блогердик форуму
  • Ɵнɵктɵштүк материалдар

Кыргызстанда интерактивдүү карта ишке киргизилди

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Медиа сынчылар үчүн мобилография: Кыргызстандагы Internews’тун окуу борборунда практикалык сабактардын сериясы аяктады

Эмнеге Кыргызстанда журналисттер жөнүндө тасмалар тартылбайт?

logo_kg2

Кыргыз Республикасы

Бишкек шаары

  • [email protected]
Facebook X (Twitter) Instagram YouTube Telegram

Контент өндүрүүчүлөр арасында грант алуу үчүн сынак

2025-жылга карата журналистика, медиа жана технологиялар жаатындагы тенденциялар жана божомолдор

Медиа сынчылар үчүн мобилография: Кыргызстандагы Internews’тун окуу борборунда практикалык сабактардын сериясы аяктады

Логотип Internews Network

Internews is registered as a 501(c)3 organization in California, EIN 94-3027961, in England and Wales as a Charity no. 1148404 and Company no. 7891107 and in France as Non-Profit Association SIRET no. 425 132 347 000 13.

  • internews.org
Facebook X-twitter Linkedin
  • Миссия
  • Internews Global
  • Архив
  • Миссия
  • Internews Global
  • Архив
  • 2024
  • internews.kg

Сурамыңызды киргизип, издөө үчүн Enter басыңыз. Издөөнү токтотуш үчүн Esc басыңыз.