*орус тилинен котормо
Бул күндөрү дүйнө жүзүндөгү бардык журналисттер чоң стресс абалында иш алып барышууда. Маалыматтык агымдар улам күчөп, адамдын жан дүйнөсүн толкунданткан окуялар азайбай көбөйүүдө, мындай шарттарда иштеген кабарчылар менен редакторлор чоң психологиялык травмаларга такай дуушар болушат.
Кыргыз журналистикасы акыркы жылдары көптөгөн кысымдарга кабылууда. Анын жыйынтыгында – өлкөбүз басма сөз жана интернет эркиндиктеринин рейтингдеринде улам төмөнку орундарга кулап баратат, өзүн өзү чектөө күчөп, кесиптин келечеги бүдөмүк болууда.
Журналисттерди куугунттуктоо жана аларга карата онлайн-чабуулдарды уюштурулушу өзүнчө чоң маселе. Журналисттердин менталдык ден соолугу боюнча дүйнөлүк изилдөөлөр көрсөткөндөй, алардын иши психикалык абалына таасир этиши мүмкүн.
Дарт Журналистика жана травмалар борборунун маалыматы боюнча, журналисттердин 80–100% кесиптик иш алып баруусунда травма кылуучу окуяларга дуушар болушкан. 2022-жылы Канада журналисттеринин арасында изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Сурамжылоого катышкандар «чоң стресске» дуушар болушарын, катуу таасир эткен окуяларды уламдан улам чагылдыруудан кыйналышарын, бирок бул «стресске эч ким тийиштүү көңүл бурбай турарын» билдиришкен. Бул изилдөөдө ар бир бешинчи журналистте депрессиянын белгилери байкалганы айтылат.
Жалпыга маалымдоо каражаттарында иштеп жаткан кызматкерлердин психикалык абалы тууралуу маселени көтөрүүнүн маанилүүлүгү өсүүдө. Мен кыргыз журналисттеринен ар бири бул маселени кантип чечип жатышкандарын сураштырдым.
Гүлиза Урустамбек кызы, фотосүрөтчү, “ПолитКлиника”:
— Мен журналистикага 2020-жылы келдим. Башында баары сонун болгон, 2021-жылы редакциянын бир катар долбоорлоруна катышып, өзүмдүн да долбоорлорумду ишке ашырдым. 2023-жылы көп өзгөрүүлөр болду, терс маалыматтар көбөйдү. Мен жасап жаткан иштин эч кимге пайдасы жоктой сезиле баштады. Ошондо өзүмөн, ишимен күмөн санай баштадым – баарын туура эле жасап жатамбы, эмне үчүн эч бир жыйынтык жок деп.
Бара-бара бир материалды жазыш үчүн мага көбүрөөк убакыт, күч керек боло баштады, материалдын үстүндө иштегенге көңүл топтой албай калдым.
Жасайын дейсиң, а бирок аны аягына чейин чыгара албайсың. Бардыгы ЖМКларга жана журналисттерге кысым күчөгөн 2023-жылы башталды. Мен Украинага баргам. Башында бир нерсе болуп кетеби деп катуу чочулап жаттым. Бирок бара-бара мен өзүмдү ал жакта Кыргызстанга караганда коопсузураак сезе баштадым. Украинада сен сырткы күчтөр менен күрөшөсүң, ал эми мекениңде сени чыккынчы катары көрүшөт, муну кабылдоо өтө оор. Журналисттер өлкөбүздө өзүн коопсуз сезбей калышты. Редакциябызда биз менен психологдор иштешти, өзүбүзгө өзүбүз кам көрүүбүз зарыл экенин түшүндүм.
Кантип өзүмө кам көрөм? Көп иштерди өзүмө үйүп албайм, коомдук тармактарга көп кирбейм, анткени коомдук тармактарда да терс маанайдагы билдирүүлөр көбөйүп кетти, детокс кылып турам. Көп окуганга аракет кылам, анткени окуп жатканда терс көрүнүштөрдөн алыстайсың. Хоббим үчүн убакыт тапканга аракет кылам. Элизабет Гилберт өз китебинде жазуучулуктан чарчап-чаалыгуу тууралуу жазат, ал ишинен алаксуу жолу катары гүл өстүрүүнү тандаган. Бул ага жардам берген. Мен альпинизмге кызыгып жатам. Элдин көбү терапияга көп убакыт бөлүшөрүн билем, бирок менде андай мүмкүнчүлүк жок.
Чарчап-чаалыгуудан сактаныш үчүн журналисттерге автордук долбоорлорун жасаганга мүмкүнчүлүк бериш керек, өзүнө жаккан ишти жасап жатканда адам берилип иштейт. Мен өзүмдүн фотодолбоорлорумду жасайт элем, бул мага иштегенге дем берчү. Ошондой эле журналисттерге кесибине байланыштуу өлкөнүн ичиндеги, чет өлкөдөгү ар түрдүү иш-чараларга катышып турууга мүмкүнчүлүк түзүш керек.
Дилбар Алимова, “ПолитКлиника” онлайн-басылмасынын редактору:
— Мен мурда иштеги эмоционалдык чарчап-чаалыгууга көп көңүл бурбайт элем: эргүүгө чыкпай иштей берчүмүн. Бүгүн болсо адамдар менталдык ден соолук тууралуу көбүрөөк сөз кыла башташты, чарчап-чаалыгуунун алдын алуу жолдору бар. Менде да чарчап-чаалыгуу болгон: эч нерсе кылгың келбей калат, күч да, идеялар да жок болот. Күндөр бири-бирине коендой окшош болуп калат. Менде чарчап-чаалыгуунун белгилери пайда болгондо, тең салмактуулукту сактаганга аракет кыла баштайм. Жалаң эле иштер жөнүндө ойлоно бербеш үчүн башка бир нерсеге алаксыйм: караокеге барам, комуз чертем, жуманын аягында редакция менен бейформал иш-чараларды уюштурабыз.
Редакциянын балдары чарчай баштаганын байкаганымда, ишти токтотуп, ар түрдүү эс алуу иш-чараларды уюштура коем. Редакциянын эсебинен тимбилдингдерди такай уюштуруп турганга аракет кылам. Мурда психологиялык колдоо тууралуу билбейт элек, азыр кайсы уюмга кайрылуу керек экенин жакшы билебиз, кимге жардам керек экенин сурап турабыз. Командабыздын 30% психологдордун жардамын ала алды. Негизи жылына жок дегенде бир жолу ретрит уюштурулуп турушу керек, быйыл да аны уюштурсакпы деп жатабыз.
Журналисттер чарчап-чаалыкканда аларга жардам берген өзүнчө бир кесиптик уюм болсо эң сонун болот эле.
Арген Бактыбек уулу, “МедиаХабдын” иликтөөчү журналисти:
— Иликтөөчүлөрдү журналистиканын спецназы деп коюшат. Менимче, бул туура, анткени биз стресс менен коштолгон атайын долбоорлорду жасайбыз. Жөнөкөй иште, мисалы банкта, сенде так көрсөтмөлөр болот. Журналистте андай көрсөтмөлөр жок, анткени күндө жаңы бир нерсе болуп турат, ал эми иликтөөчү журналисттердин иши андан да татаал: ар бир жаңы иликтөө үчүн жаңы методологияны иштеп чыгышың керек болот. Бир нерсени далилдеш үчүн сен бир жакка барышың керек, каарманды табышың керек, ар бир кадамыңдын купуялуулугун ойлонушуң керек. Өзүңдүн гана эмес, маалымат булагыңдын да, командаңдын да коопсуздугуна дайыма тынчсызданып турасың. Мунун баары моюнуңдагы жүктү дагы оорлотот. Дээрлик ар бир иликтөөнүн соңунда өзүңдү дээрлик өлүктөй сезесиң, эс алышың керек. Эреже катары бир күн эс алуу алсаң болот. Бирок адатынча эс алуу мүмкүн эмес. Анткени сага такай кайрылып турушат, бир иш бүтөрү менен башкасына киришесиң. Ар бир кайрылган адамга жардам бергиң келет.
Бул редакциянын арткан жүгү эмес, сен өзүң өзүңдү жоопкерчиликтүү сезгениң.
Башында мен ичимдектерге ыктап жүрдүм, жанымда да ууртап койгонду жакшы көргөндөр болуп калып жатты. Ал эми эртеси жумушка чыгасың, бара-бара мунун баары топтолуп, тескерисинче, кайра катуураак чарчай баштайсың. Экинчи жагынан – каражат маселеси. Мындай иш менен өзүңдүн келечегиңди кура албайсың. Сага күнүмдүк жашоого жетиши мүмкүн, бирок үй-бүлөң бар болсо таталыраак болот. Менимче, ар бир жумуш анын кооптуулугуна жараша төлөнүшү керек. Бизде писхолог менен топтук жолугушуу болгон, ошондо баарыбыз катуу чарчап-чаалыкканыбызды билдик.
Дмитрий Ложников, Next TV’нын жетекчиси:
— Эмоционалдык чарчап-чаалыгуу көп жылдардан бери мени такай коштоп келген нерсе. Бул менин кесибимдин бир кыры, анткени мен журналисттик иштен сырткары, жетекчилик ишти да алып барам. Бир нерсе кылганга кызыгуу такыр жоголот, бул эмоциалдык жаткан гана эмес, физикалык жактан да байкалат.
Мурда мен ичип коет элем, тамеки да чекчүмүн. Бул кайсы бир деңгээлде жардам бергендир, бирок наркологдордун айтымында жардам бербейт. Бара-бара аракечке айлана баштайсың. Мен аны менен күрөшүп, аягында жеңип чыктым – арак ичкенди, тамеки чеккенди таштадым. Мага азыр спорт чоң жардам берет. Бизди ушундай тарбиялашкан, менталдык ден соолукка, мээнин ишине байланыштуу физикалык өнүгүүгө көңүл бурушчу эмес. А чындыгында бул олуттуу жардам берет.
Эки жыл мурун редакциябызда биз спорт менен машыгууга акысыз абонемент киргизгенбиз, бирок, тилекке каршы, ал бардыгына туура келе бербейт экен.
Азыр, пандемиядан кийин биз ийкемдүү иш алып барууга өттүк, кызматкерлерге кеңсеге келүү шарт эмес, алыстан эле ишин жасай берсе болот. Мен кызматкердин чарчап-чаалыгып баратканын өз убагында баамдаганга аракет кылам, эс алып алганга мүмкүнчүлүк берем. Өзүмдөгү, жамаатымдагы өзгөрүүлөргө талдоо жүргүзүп, азыр адамдардын териси жукарып кеткенин байкадым – бат эле кыжырлана түшөбүз, мурда этибарга албаган нерселерге тез эле жинденебиз. Коомдук тармактар да ошондой болуп калды.
Мээрим Айныкеева, Би-Би-Си кыргыз кызматынын журналисти:
— Бардык журналисттер сыяктуу эле мен да стресске көп учурагам. Менин пикиримде, эмоционалдык жактан чарчап-чаалыккан адамга күнүмдүк, көнгөн иши оор болуп көрүнө баштайт. Мындайда редактордун колдоосу өтө маанилүү. Балким, ага эс алууга мүмкүнчүлүк бериш керек, же чай үстүндө бетме-бет отуруп, өзүнчө сүйлөшүп маселени талкулоо зарыл болоттур. Менде чарчап-чаалыккан учурлар болгон, мага эс алуу гана жардам берет эле, эргүү алганга аракет кылчумун. Эгер чарчап-чаалыканыңа карабай иштей берсең, ишиңдин натыйжалуулугу төмөндөйт. Жакшы уктап, тоого чыгып, жумуштан башка иштер менен алектениш керек, ошондо жаңы идеялар пайда болот.
Мен иштеген редакцияларда буга жакшы көңүл бурушчу: биз тоого барып, жамааттын ичинде мыкты иштерди белгилеп, туулган күндөрдү чогуу тосуп, эл аралык уюмдар аркылуу психологиялык жардамдарды алып турат элек.
Чарчап-чаалыгуудан сактануу боюнча менин бир кеңешим: бир ишти бүтүрмөйүнчө, башка ишти албаш керек.
Ишти тапшыруунун мөөнөтү 10-15 күндөн кем болбошу керек. Көп окуп, кесиптик иш-чараларга катышып туруу зарыл. Чарчап-чаалыгуу, коопсуздук тууралуу билимимдин көбүн мен тренингдерден алдым. Менталдык ден соолук тууралуу студенттик кезде эле, жогорку окуу жайларда айта башташ керек.
Нургуль Абдыкеримова, Медиа Өнүгүү Борборунун жана Factcheck.kg’нин жетекчиси:
— Эмоционалдык чарчап-чаалыгуу ар түрдүү формада болушу мүмкүн, курч кырдаалдар учурунда же иштер үйүлүп калган учурларда.
Психологиялык жардам алуу маселеси менен укук коргоочу жана эл аралык уюмдарга кайрылып турабыз.
Ошондой эле редакциябызда алыстан иштегенге мүмкүнчүлүк бердик.
Курч кырдаалдар учурунда журналисттерге жардам бергенге каражат мүмкүнчүлуктөрүбүз болсо деп кыялданам.
Аймерим Дарбанбекова, «Т-Медианын» журналисти:
— Түз эфирлерди алып барганыма бир жыл болуп калганда ар түрдүү маселелер пайда боло баштады: кысым көрсөтүүлөр, телефон аркылуу коркуткан учурлар болду. Мен муну журналисттик кесибим менен байланыштырдым. Ушундай маселелер жаралганда эргүүгө чыгып кеткенге аракет кылам. Менимче, эмоционалдык чыңалууну өз убагында байкап, аны жөнгө салуу боюнча бизге окутуулар керек. Мен эмоционалдык чарчап-чаалыгуу боюнча онлайн-окутууга жана Медиа Полиси Институтунун писхологиялык коопсуздук боюнча окутуусуна катышкам.
Бизге акысыз жардам алууга мүмкүнчүлүк беришти: мен ошондо психологдорго кайрылып туруу керек экенин түшүндүм. Мен жаш журналист болгонуман кеңеш сурап улуу муундагы журналисттерге кайрылып турам, бул дагы жардам берет. Менимче, эмоционалдык чарчап-чаалыгуу тууралуу маалыматтар бизде жетишпейт. Балким, мен чарчап-чаалыгуу деп ойлгон нерсе таптакыр башкадыр.
Билдирме: Медиа Полиси Институту 2021-жылдан 2024-жылга чейин журналисттер үчүн психологиялык, юридикалык жана санариптик коопсуздук боюнча төрт ретрит уюштурган. Жалпы жонунан бул окутууларга 70-75 киши катышкан. Айрымдары ишиндеги маселелерге байланыштуу окутууларга эки жолу катышкан.
Айнура Ешеналиева, Медиа Полиси Институтунун долбоорлорунун координатору:
— Бул тренингдердин бардык катышуучулары окутуулар алар үчүн пайдалуу болгонун айтышат. Алар өзүлөру чече албаган маселелердин чечүү жолдорун окутуу учурунда аныктай алышат. Өз ойлору, маселелери менен кесиптештери арасында бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк алгандары көбүнө жакты, анткени алар жалгыз эмес экенин, мындай маселелер башкаларда да бар экенин, алар дагы бул маселенин чечүү жолдорун издеп жатышкандарын көрүштү. Мындай окутуулар алар канчалык деңгээлде чарчап-чаалыккандарын аныктаганга, андан чыгуу үчүн эмне кылуу керек экенин, психологдор кандай жардам бере ала турганын түшүнгөнгө мүмкүнчүлүк берет.
Дина Маслова, Kaktus.media’нын жетекчиси:
— Мен бир нече жолу чарчап-чаалыгуудан өттүм. Биринчи жолу мага кыйын болду – кесибимди алмаштырууга туура келди. Бара-бара чарчап-чаалыгуунун баштапкы белгилерин аныктаганды үйрөндүм. Анын эң биринчи белгиси – ишиңдин натыйжалуулугунун төмөндөшү. Кантип анын алдын алса болот? Жашооңдун бир жылын эс алганга мүмкүнчүлүк болгондой кылып пландаштырасың. Бардык кыйынчылыктарга карабай күндө өзүң үчүн убакыт табышың керек. Мен үчүн ал эки саат, эч нерсеге алаксыбай өзүм менен өзүм болуп, эс алам. Жумасына өзүң үчүн жок дегенде жарым күн табыш керек. Айына кеминде толугу менен бир эс алуу күнү болуш абзел, ошондой эле ар-бир үч айда бир жумага эргүүгө чыгып туруу зарыл. Бул өзүңө келгенге, көп жыл чарчабай иштегенге мүмкүнчүлүк берет. Күтүүсүз, кокустан курч кырдаалдар жаралганда (2022-жылдагы согушту пропагадалоо боюнча кылмыш иши, 2023-жылдагы ЖМК боюнча мыйзам долбоорун талкулоо, 2024-жылдын башындагы камакка алуулар, 24.kg редакциясындагы тинтүү сыяктуу иштер) бул окуяларды өзүңө өтө жакын кабылдайсың жана чарчап-чаалыгуудан чыгуу өтө оор болуп калат.
Менин командам чоң, ошону үчүн чарчап чаалыгууга прагматикалык мамиле кылам. Негизинен бул жамаатыбыздын чыгармачыл бөлүгүнө тиешелүү. 30 жашка жете элек кызматкерлерибиз бар, аларды маал-маалы менен ойготуп туруу керек. Мен аларды «муш жей электер» деп коем, алар үчүн «жагат-жакпайт» принциби «керек-керек эместен» маанилүүрөөк. Аларга чыгармачылык эргүү берип, бонустук системаны сунуштаса болот. Бул курактагылардын арасында жумуш орундарын алмаштыргандар көбүрөөк, алар ар башка кесиптерде «өзүлөрүн издеп жаткандар». Алар чарчап-чаалыкканда өзүлөрү йогага, аны менен кошо дагы башка курстарга, мисалы, дизайн боюнча, бара башташат, кээде алар башка кесипке өтүп кеткен учурлар болот.
Менин муунум жана бизден улуурактар – бул «керек» деген муундун өкүлдөрү, бизди өз кезинде ушундай тарбиялашкан. Бир нече жыл мурун мен бардыгы сөзсуз түрдө эргүүгө чыгышы керек деген эрежени киргизгем. Көбү өзүн эргүүгө чыгууга мажбурлай албайт, психологиялык жактан аларга бул кыйын. Андан көрө аларга кир жуугуч сатып алуу, машинесин оңдоо, балдарын мектепке даярдоо бир кыйла артык. Буга кошумча, бизде бонустук система бар, адамдар каражат топтой алышат, мисалы, эс алууга. Бир-эки жыл мурда психологдордун жардамын киргиздим, анткени адамдын жеке көйгөйлөрү ишинин өндүрүмдүүлүгүнө чоң таасир этет. Кээ бирөөнү психологиялык жардам алууга мажбурлайм.
Махинур Ниязова, көз карандысыз журналист:
— Акыркы жылдары баарыбыз эмоционалдык чарчап-чаалыгуу эмне экенин билип калдык. Мурда биз жакшы көргөн “от работы дохнут кони, а я там бессмертный пони” деген лакап бар эле. Мурда бул эрдик катары эсептелчи, азыр «өлбөс пони» болуу туура эмес экенин түшүнүп калдык. Бул өтө коркунучтуу, кийин ал жаман кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Менде да анын белгилери байкалаар эле, андай учурда эргүүгө чыгып кетчүмүн. Акыркы кезде мен байланышуу мумкүн болбогон жакка, мисалы алыскы тоолорго кетип калууну туура көрөм. Жаңылыктардан, болуп жаткан окуялардан убактылуу алыс болуу – азыркы учурдагы зарылчылык.
Швецияда стади-турда болгонумда, биз штатта психологу бар редакцияларда болдук. Бизде редакциялардын буга чамасы жетпейт. Оор репортаждардан кийин журналистке эс алууга жок дегенде бир күн бериш керек. Биздин бюджетибиз өтө чакан, кошумча кызматкерлерди алууга мүмкүнчүлүк жок, бул сөзсүз түрдө журналисттин ишинин көптүгүнө алып келет. Мунун баары журналисттердин эмгеги үчүн татыктуу акы төлөө маселесине барып такалат.
Мен досторум менен жолугуп турам – мен аны достуктерапия деп коем – бул дагы жардам берет, ошондой эле мен үчүн балдарым чоң колдоо болуп саналат.
Биздеги чарчап-чалыгуунун негизги себеби – иштин көптүгү эмес, өлкөбүздөгү жалпы абал. Биз маалыматтык агымдын чордонундабыз, айланабызда болуп жаткан окуяларга көңүл бурбай кое албайбыз.
Эмки макалада: Мен эл аралык медиалар журналисттерин чарчаа-чаалыгуудан кантип сакташаары менен тааныштым. Алардын тажрыйбалары, журналисттерге колдоо көрсөтүүчү булактар, алардын өрнөктүү аракеттери менен бул макаланын уландысында бөлүшөм.
Автор Тынымгүл Эшиева.
Бул макала USAID каржылап, Freedom House менен өнөктөштүктө ишке ашырылган Кыргызстандагы Интерньюс уюмунун “Медиа-К” долбоорунун колдоосу менен даярдалды. Бул макала көз карандысыз автордуку же авторлор тобунуку жана анын мазмуну USAID’дин, АКШ өкмөтүнүн, Internews’тун же Freedom House’тун көз карашын сөзсүз түрдө чагылдырбайт.