Жамааттык Медиалардын Бирлиги “Текшердим!” маалыматтык кампаниясынын алкагында, жалган маалыматтарга каршы күрөшүү үчүн жаңы интерактивдүү картаны иштеп чыкты.
“Текшердим!” маалыматтык кампаниясынын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири болуп www.mediamap.kg сайты саналат.
Бул интерактивдүү карта ар бир жаран үчүн маалыматка жеткиликтүүлүктү жеңилдетип, жалган маалыматтарга каршы күрөштү кызыктуу жана ачык-айкын кылат. Картанын негизги милдети – Кыргызстандын аймагындагы фейктердин таралышын чагылдыруу.
Картада колдонуучулар эмне кыла алышат?
- Фейктер кайсы жерде жана кандай жолдор менен тараганын көрүү.
- Өздөрү таап чыккан жалган маалыматтарды картага кошуу аркылуу долбоорго активдүү катышуу.
- Жалган маалыматтарды аныктоого жана алар менен күрөшүүгө жардам берген практикалык мисалдар менен таанышуу.
Кантип катышуу керек?
Жарандар картадагы маалыматты көрүп эле тим болбостон, өздөрү дагы жалган маалыматтарды аныктап, картага арыз жөнөтө алышат. Картанын администраторлору жөнөтүлгөн маалыматты текшерип, ишенимдүү жана актуалдуу болушун камсыздайт.
Картада социалдык тармактардагы фейктерге шилтемелер, алдамчылык фактылары жана жек көрүү сөздөрү бар.
Маселен, былтыр ноябрда жасалма интеллекттин жардамы менен түзүлгөн “Адил Кыргыз” аттуу колдонуучунун Фейсбуктагы посту 2 миңден ашуун көрүүгө жана 400дөн ашык комментарийге ээ болгон. Интернет колдонуучулар мунун фейк экенин түшүнүшөт, бирок алар дагы эле активдүү талкууга катышууда.
Форманы кантип толтуруу керек?
Мыйзам бузуулардын түрлөрү жөнүндө кененирээк маалымат менен таанышыңыз. Сиз байкаган мыйзам бузуунун түрүн тандаңыз. Формадагы талааларды толтуруңуз.
Кызыл жылдыз (*) менен белгиленген талаалар сөзсүз толтурулушу керек.
Сиз карта администраторлору жана башка колдонуучулар үчүн анонимдүү бойдон каласыз. Купуялуулугуңузду сактоо максатында бизге так жашаган дарегиңизди көрсөтпөй эле, географиялык жайгашкан жериңиз жөнүндө жалпы маалымат бериңиз.
Форманы толтуруп жөнөткөн соң, модераторлор сиздин билдирүүңүздү эксперттерге карап чыгуу жана баалоо үчүн жөнөтөт. Эгер сиздин билдирүүңүз текшерүү учурунда тастыктоодон өтпөсө, анда ал картада көрсөтүлбөйт.
Сиз белгилеген жердеги (облус, район, шаар/шаарча/айыл) картадагы мыйзам бузуу иконкасын басуу менен эксперттердин комментарийлери менен тааныша аласыз.
“Текшердим!” кампаниясы ар кандай интерактивдүү ыкмаларды жана билим берүү иш-чараларын камтыйт, анын ичинде:
- Сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталган видеолор жана маалыматтык китепчелер;
- “Медиа Элек” подкасты, ал аркылуу эксперттер жана жарандар жалган маалыматтар менен күрөшүү жолдору тууралуу ой бөлүшөт;
- Жаштар жана чоңдор үчүн кызыктуу форматтагы комикстер;
- Аймактардагы калкты тартуу үчүн квиз оюндары жана соц. тармактагы викториналар;
- Студенттер жана социалдык тармактарды активдүү колдонуучулар үчүн мастер-класстар.
Бул демилге “МедиаКонсалт” коомдук фонду менен биргеликте, Европа Биримдиги тарабынан каржыланып, Internews уюму тарабынан ишке ашырылган “Анык окуялар аркылуу аудиториянын туруктуулугун жогорулатуу” (CARAVAN) долбоорунун колдоосу менен ишке ашырылды. Интерактивдүү карта коомчулукта жалган маалыматтарга каршы турууга жардам берүү жана сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү максатын көздөйт.