Бул кызматка кесипкөй кызыкдар адистер, вакансияга тийиштүү талаптарга жооп берген Кыргыз Республикасынын жарандары ат салыша алышат.
Иштеген жери: Бишкек, Кыргызстан
Кимге баш иет: Европа жана Евразия боюнча аймактык директорго
Жумуш орду: офис
Иш убактысы: жумуш күнү толугу менен
Кызматы тууралуу
Кыргызстандагы Интерньюстун Өкүлчүлүгү Кыргызстандагы директорду издейт. Ал ошол эле убакта Кыргыз Республикасындагы USAID каржылаган ЖМКларды өнүктүрүү боюнча «Медиа-К» долбоорунун да жетекчиси (Chief of Party) болуп эсептелет.
Бул долбоордун алкагында Интерньюс көз карандысыз медиаларга жана контент өндүрүүчүлөргө каржылык жана техникалык колдоо көрсөтөт, медиасабаттуулукту арттыруу жана өлкөдө улуттук маданий мурасты жайылтуу боюнча аракеттерге көмөктөшөт.
Долбоор өнөктөштөрдүн институционалдык өнүгүүсүнө жардам берүү үчүн алардын ишкердик жана редакциялык тажрыйбасын жакшыртууга багытталган. «Медиа-К» контенттин сапатын жакшыртууга, журналисттик стандарттарды кармануусун күчөтүүгө, контенттин максаттуу аудиторияга кызыктуу болушуна жана анын жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө жардам берет.
Директор тийиштүү кызыкдар тараптар (өнөктөр, индустриалдык жана кесиптик коомчулуктар, эл аралык уюмдар жана өкмөттүн өкүлдөрү) менен тыгыз өнөктөштүк мамилени кармайт жана диалогго барат.
Ал:
- Кыргыз Республикасындагы Интерньюстун иш алып баруусуна стратегиялык жетекчилик кылат;
- уюмдун программалык иш-чараларын уюштурат;
- өнөктөштөрдүн жана бенефициарлардын потенциалын жогорулатууда техникалык жана кесиптик жардамды координациялайт;
- «Медиа-К» долбоорунун командасын жана өлкөдөгү офисти башкарат;
- өкүлчүлүктүн каржылык жана административдик башкаруусун көзөмөлдөйт.
Директор синергияны жана бири бирин толуктоону камсыздоо үчүн Борбордук Азиядагы, Европадагы жана Евразиядагы жана глобалдык масштабда Интерньюстун башка долбоорлору менен тыгыз иштешет.
Квалификация:
- медиа тармагында, ЖМКны өнүктүрүүдө, жарандык коомдо же адам укуктары боюнча программаларда 10 жылдан кем эмес далилденген иш тажрыйбасы, анын ичинде программалык жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес тажрыйбасы болушу керек;
- коомдук илимдер, эл аралык өнүгүү, ЖМК же тиешелүү тармак боюнча жогорку билими болушу керек;
- долбоордун, программанын же уюмдун менеджери/менеджердин орун басары/директору (же ушуга окшош жетекчилик ролдо) катары жетекчилик кызматтагы мурунку тажрыйбасы, кесиптештер, эл аралык уюмдар жана донорлор менен өз ара аракеттенүүнүн жакшы тажрыйбасы болушу керек;
- ЖМКны өнүктүрүү программалары үчүн каражат чогултуу жана инновациялык концепцияларды иштеп чыгуу тажрыйбасы болушу керек;
- жазуу жана оозеки англис жана орус тилдерин мыкты билүүсү, кыргыз тилин билүүсү артыкчылык берет;
- донорлор тарабынан каржыланган медиа жана/же жарандык коом долбоорлоруна техникалык жардамды көзөмөлдөө, иштеп чыгуу, башкаруу жана ишке ашыруу боюнча ийгиликтүү тажрыйбасы болушу керек, эгер алар журналисттер жана ЖМКлар үчүн потенциалды жогорулатуу программалары болсо бул артыкчык берет;
- жалпыга маалымдоо каражаттарын жана медиабизнестин практикасын, ошондой эле улуттук, аймактык жана глобалдык деңгээлде көз карандысыз ЖМКлар туш болгон актуалдуу маселелерди жакшы билүүсү;
- мыкты дипломатиялык жөндөмдөрү, долбоордун миссиясын алдыга жылдыруу үчүн ар түрдүү кызыкдар топтордун, анын ичинде демөөрчүлөр, бейөкмөт уюмдар, негизги жергиликтүү өнөктөштөр ортосунда натыйжалуу аймактык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана колдоо жөндөмү;
- мыкты адамдык мамилелери, социалдык жана коммуникациялык көндүмдөрү, жогорку деңгээлдеги эмоционалдык интеллект, билдирүүлөрдү так, кыска жана позитивдүү түрдө жеткирүү жөндөмү болушу зарыл.
- USAID жана/же АКШ өкмөтү тарабынан каржыланган программалар менен иштөө тажрыйбасы артыкчылык берет.
Бул кызмат чектелген мөөнөткө, 2027-жылдын 30-сентябрына чейин.
Кызыккан талапкерлер бул шилтеме аркылуу англис тилинде өтүнмө бере алышат.
Өтүнмөлөр келип түшөрү менен каралат, бул кызматка коюлган талаптарга эң жакшы жооп берген талапкер тандалып алынганда сынак жабылат.