Жаңыдан үйрөнүп жаткан дата-журналисттердин командасы күчөтүлгөн беш күндүк тренингде көптөгөн маалыматтардын негизинде материалдарды даярдаганга жардам бере алган негизги онлайн аспаптарды колдонгонду үйрөнүштү.
USAID уюмунун колдоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун алкагында уюштурулган дата-журналистика боюнча алты айлык программанын катышуучулары 2-сентябрдан 6-сентябрга чейин өткөн тренингде өз долбоорлорунун жыйынтыктары менен тааныштырышты.
Алар гугл-таблицаларда тереңдетилген талдоолорду жүргүзгөндү, веб-баракчаларды скрейп кылганды үйрөнүп, Flourish Studio жана ChatGPT сыяктуу кызматтардын мүмкүнчүлүктөрү менен таанышышты. Ошондой эле катышуучулар Canva’да дата-карталарды жана Datawrapper’де карталарды жасаганды үйрөнүштү.
Кыргызстандагы Интерньюстун дата-журналистика боюнча программасынын координатору Бекзат Байыштын билдирүүсүндө, күчөтүлгөн тренинг учурунда 2024-жылкы программанын катышуучуларына жаңы көндүмдөргө үйрөтүүгө, дата-материалдардын үстүндөгү практикалык иштерине басым кылынды. Бул алардын кийин өз алдынча ийгиликтүү иштеп кетүүсү үчүн маанилүү деп эсептелет.
Программанын ментору жана дата-тренер Савия Хасанова бул жолу журналисттер «өтө жемиштүү иштешти» деп эсептейт. Жаңы дата-долбоорлордун үстүндө иштөөгө жана окутууну андан ары улантып кетүүгө катуу кызыгуу бар экенин байкаган.
Программанын катышуучулары 2024-жылдын соңуна чейин менторлордун жардамы менен ачык маалыматтар колдонулган материалдарынын үстүндө иштерин уланта бермекчи.
Кыргызстандагы Интерньюстун Дата-журналистика боюнча программасынын бүтүрүүчүсү Алексей Журавлев бул жолу тренерлердин бири болуп, дата-материалдарды визуалдаштыруу боюнча тажрыйбасы менен бөлүштү. Тренинг учурунда ал Canva’ны колдонуу тууралуу айтып берип, тексттик узун дата-материалдарды Инстаграм жана башка коомдук тармактар үчүн кантип карточка түрүндө берсе болорун көрсөттү.
— Тренингдин аягында катышуучулардын кызыгуусу чоң экени, сонун жаңы идеялары бар экени байкалды. Алар Улуттук статкомдун даяр маалыматтарын алып гана тим болбостон, гипотезаларын тастыкташ үчүн жана идеяларын ишке ашырыш үчүн керектүү маалыматтарды өзүлөрү чогултканга да даяр, – деп белгиледи Журавлев.
Tazabek.kg медиасынын өкүлү Улугбек Койчуманов – Кыргызстандагы Интерньюстун дата-журналистика боюнча күчөтүлгөн тренингинин катышуучусу. Окутууда ал маалыматтарды талдаганды жана аларды визуалдаштырганды үйрөндү:
— Тренингде биз дата-материалдын текстин жазгандан сырткары, ар түрдүү аспаптардын жардамы менен дата-сеттерди түзүү жолдорун терең изилдеп үйрөндүк. Бул бизди катуу шыктандырды, анткени дата-журналистика көптөгөн маалыматтарды бир инфографикага батырганга, ошонусу менен көп текстти кыскартканга, аудиториянын назарын автор зарыл деп эсептеген жагдайларга бурганга мүмкүнчүлүк түзөт.
Интерньюстун дата-журналистика боюнча мурдагы программасынын бүтүрүүчүсү, кесиптешим жана дата-журналист Маден Усманов менин дата-журналист катары калыптануума, өсүшүмө чоң таасир тийгизди. Ал дата-журналистика гезиттердеги карикатураларга окшош деген, анткени сүрөт менен автор айткысы келгендин баарын айтып койсо болот, – дейт Улугбек.
Анын айтымында, учурда ал кесиптештери менен үч материалдын үстүндө иштеп жатат. Ал каалаган темага дата-материал даярдаса болот деген ойдо жана кыргыз футболу тууралуу чоң долбоорду жасасам деп кыялданат.
Программа жөнүндө
Алты жылдан бери Кыргыз Республикасындагы Интерньюс USAIDдин колдоосу менен Медиа-К долбоорунун алкагында Кыргызстанда Data Journalism программасын ишке ашырып, бул жанрды өнүктүрүүдө. Бул убакыттын ичинде 100дөн ашык журналисттер маалымат алуу жөндөмдөрүн үйрөнүштү. Ондогон көз карандысыз редакциялар өздөрүнүн маалымат бөлүмдөрүн ийгиликтүү ишке киргизишти, программанын катышуучулары 170тен ашык маалыматтарга негизделген материалдарды басып чыгарышты, жеке эмгектер эл аралык деңгээлде таанылды.
Өлкөдө күчтүү жана активдүү маалыматтар коомчулугу түзүлүп, Интерньюс программасынын бүтүрүүчүлөрү Савия Хасанова менен Анна Капушенко Кыргызстандагы аял өлтүрүү боюнча материалдары үчүн дүйнөдөгү негизги дата журналистика сыйлыктарынын бири болгон абройлуу кесипкөй Sigma Awards сыйлыгынын жеңүүчүлөрү болушту.
Кыргызстанда дата журналистикасын өнүктүрүү максатында Программа Дүйнөлүк банк, IDEM институту, FCDO жана Дата мектеби сыяктуу уюмдар менен өнөктөштүк мамилелерди ийгиликтүү ишке ашырды. Программага Анастасия Валеева, Чолпон Узакбаева, Айзада Тома, Андрей Дорожный, Александр Богачев жана Савия Хасанова сыяктуу журналистика жана маалымат талдоо тармагындагы кесипкөйлөр насаатчылык кылышты.
Дата-журналистика боюнча программа USAID уюмунун колдоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун «Медиа-К» долбоорунун алкагында уюштурулуп келет.