Фактчекерлер жана иликтөөчү-журналисттер үчүн күчөтүлгөн тренингде фейктерди жана дезмаалыматты аныктоого жардам бере алган ЖИнин жеткиликтүү аспаптары тууралуу маалымат берилди.
Checkit Media’нын өкүлу Асель Сооронбаева фактчекерлер булагынын ишинин жыйынтыктары менен тааныштырды. Дүйнөлүк платформаларда жарыяланып, көп миңдеген адамдардын кызыгуусун жараткан иликтөөлөрдүн жыйынтыктары тууралуу айтып берди.
Бул топ мифтерди жокко чыгарганга, фейк жаңылыктарды төгүндөгөнгө, белгилүү саясатчылардын жана башка адамдардын тегерегиндеги ушактардын чын-төгүнүн аныктаганга жардам берип келет.
Армениядан келген медиатренер, Media.am сайтынын редактору Гегам Варданян тренингдин катышуучуларына ЖИнин негизиндеги технологиялардын өнүгүүсү тууралуу маалымат берди.
Ал фейк сүрөттөр кантип жаратыларын көрсөтүп, жалган сүрөттөрдү аныктоонун кандай жолдору бар экенин жана аларды аныктоо боюнча аспаптарды кантип колдонуу керектигин түшүндүрүп берди.
Украиналык Оксана Ивченко мониторинг кылуунун YouScan онлайн-аспабы тууралуу айтып берди. Аны журналисттер фактчекинг үчүн, жалган маалыматты жана көз жазгырууну аныктоо үчүн колдоно алышат.
YouScan – бул жасалма интеллекттин негизиндеги коомдук медиаларга талдоо жүргүзүү платформасы болуп эсептелет, ал башкаларга салыштырмалуу сүрөттөрдү жакшы талдай алат.
Фактчекерлер YouScan’ды контентке талдоо жүргүзүү үчүн, жалган маалыматтарды таратып келген коомдук тармактардагы профилдерди аныктап, кийин аларды бөгөттөш үчүн колдоно алышат.
Ошондой эле бул тиркеме журналисттик материалдардагы айрым туура эмес маалыматтарды аныктоого жана аларды оңдоого жардам бере алат.